Алтынбек Жунус уулу, ишкер: «МАНАСТЫН ЖАӉЫ ВАРИАНТЫН ЭЛГЕ СУНУШТАЙБЫЗ»

Алтынбек Жунус уулу жаштардын арасынан суурулуп чыгып, бир иш баштаса, аягына чыкмайын тыным албаган жигит. Бизнес менен алектенген бул жигит менен маектешкенге чейин чарбадан башка маселеге чатагы жоктой сезилген. Маектин жүрүшүндө көрөӊгөсү бар, улуттун уюткулуу мурастарына астейдил мамиле жасап жүргөнүн аӊдап, кубанып калдым. Замандын агымына шылтоолоп, көр тирилик менен эле алпурушпай, кийинки урпактарга дагы бай мурастарыбыз менен бөлүшө жүрсөк, уучубуз куру болбос. Бүгүн бизнес гана эмес, баа жеткис баалуулуктар тууралуу ой бөлүштүк.

«ТОСКООЛДУКТАР ЖАӉЫ БАГЫТТАРГА ЖОЛ АЧАТ»
– Окууну аяктаган соӊ ишке аралашып калдым. Биз бизнес баштаган маалда 10 000 доллардык насыя алуу чоӊ маселе болчу. Анда банктар 30 пайыздык үстөгү менен беришчү эле. 200 000 миӊ доллар алуу түшкө кирчү эмес. Дүйнө жүзүндө бизнес үчүн насыя 3-5 пайыз менен берилип келет. Азыр биз дагы өстүк, банктар дагы кеӊейди. Башында ишканада 10 адам иштесе, 150 болуп жамаат чоӊойду. Биздин ишкана былтыр 20 миллион сом салык төлөдүк. Кыргызстандын шартында деле америкалык кыялды ишке ашырсак болот. Болгону жалкоолонбой эмгектениш керек. Бизде кыргыздар бизнес баштап, болбой калса эле таштап коюшат. Карасаӊар, Америкада бизнес тарыхын изилдеп көрсөк, Генри Форд жети жолу банкрот болуп, анан ийгиликке жетишкен. «Диснейленд» болсо 18 жолу банкка кайрылып, 19-жолу кайрылганда гана насыя ала алган. Ошондуктан кыйынчылыктарга жеӊилип берип, таштап салууга болбойт. Башка жолдорун издеп, ийгиликке жетүүнү гана ойлош керек. Биздин өлкөнүн дагы бир кемчилиги бул менчиктештирилип кетип же өзү иштетпей же иштетүүчү адамга бербей басып отурган канча деген завод-фабрикалар бар. Алар бош турбай, элге пайда алып келиши керек. Иштесе, эл дагы жумуш менен камсыз болор эле. Мен иштеткен фирма транспорттук ишкана болгондуктан кен казган ишканалар, жол салган компанияларга транспорттук кызмат көрсөтөбүз. Эл иштейин деп турат. Бирок техника жок болгондуктан, айлап кезекте турганы өкүнтөт. Ирригациялык маселе дагы чоӊ көйгөй. Карасаӊыз, Кыргызстан боюнча каналдарды салуучу ишкана жок экен. Лоток чыгарган бир гана завод бар. Бул эмнеден кабар берет? Эл тиричилиги үчүн керектүү багыттар иштетилбей жатат. Шаймандарды болсо өзүбүз чыгарбай, Орусия менен Кытайдан ташып жатабыз. Бизде өндүрүш өнүксө жакшы болор эле. Ошондуктан иш баштаган адамды мамлекет колдоого тийиш. Жеӊилдетилген насыялар элдин турмушун көтөрөт.

«САНЖЫРАЛАРДЫ УККАНДЫ ЖАКШЫ КӨРӨМ»
– Башкаларга окшоп бош убактым деле көп болбойт. Бизнести күнүгө көз салып, көзөмөл кылбасаӊ, бир жеринен кемчилик кетип калат. Биздин түрк өнөктөштөрүбүз «карыз – жигиттин камчысы» деп калышат. Андыктан замандын агымынан калбай, камчыланып иштеп жатабыз. Бирок бош убактым болуп калса, үй-бүлөм менен шаардын четине чыгып, жаратылыш коюнуна чыгып эс алууга эмне жетсин? Үй-бүлө курганыма 12 жыл болду. Балдарыма татыктуу көӊүл бурууга аракеттенем. Китеп окуп берем, бирок орусча. Анткени балдарым орус класста билим алышат. Биз, ата-энелер, шашмабызбы, айтор, алар менен кантип орусча сүйлөй баштаганыбызды этибарга албай калабыз. Биздин ошол кемчилигибизди атам келип толтуруп турат. Ата-энем Балыкчы шаарында жашаса дагы Бишкекке байма-бай каттап, неберелерине «Манасты» окуу менен санжыра айтып берет. Атам неберелерине шашпай түшүндүрүп, кыргыз тилин үйрөтүп турат. Мага дагы атамдын санжыра айтып бергени жагат. Биздин чоӊ атабыз Эсенгул Осмоновдун эски пластинкага түшүргөн мурастарын тажабай угабыз. Чоӊ атам убагында Ат-Башы аймагында гана эмес, кыргызга атагы чыккан чыгармачыл адамдар Боогачы менен Калыгулдун казалдарын ырдап, эски тасмага үнү түшүрүлгөн. Азыр атам аны кагазга түшүрүп, изилдеп келет. Уюткулуу улуу ойлорду, кыргыз санжыраларын угуу мен үчүн чоӊ ырахат. Балдарым азырынча кызыгуусун көрсөтө элек. Азыркы замандын балдарындай техникага жакын. Телефон, планшет менен алек. Бирок мен аларды бул жагынан чектеп турам. Ага караганда бала кезинде чуркап ойногону жакшы да. Биз бала кезде короодо бир эле турник бар болчу, ошого баарыбыз чогулуп асылар элек. Азыр үйдө шарт түзүп, турник орнотсок деле ага барып тартынган бала жок. Кезеги келгенде балдарым дагы улуу мурастарга кулагын төшөп, угар деп ишенем. Анткени чоӊ атасы кулагына куюп жаткан дастандар деле жүрөгүнөн орун табат болуш керек. Биз деле бала кезде этибар албасак дагы кулагыбызга улуу дастандар сиӊип, кан-жаныбызга аралашып калган да. Ошондуктан «Манасты» уккандан тажабайм.

«ЖАКЫНДА ЖУСУП МАМАЙДЫН АЙТУУСУНДАГЫ «МАНАС» КИТЕБИН СУНУШТАЙБЫЗ»
– Заманыбыз тарып, куруп бара жатат дебей, улутубуздун уюткулуу байлыгына кайрылып, андан асыл ойлорду алып чыгып, кийинки муунга калтырсак деген тилек. Биз Манастын уулу Семетей, небереси Сейтек деп билип келгенбиз. Билесиӊер, Жусуп Мамай атабыз «Манастын» сегиз урпагын жазып калтырган экен. Ушул чыгарманы араб арибинен биздин арипке салып, «Манастын» жаӊы варианттарын сунуштаганы турабыз. Жакында 15-июлда бет ачары болуп өттү. Ушул китепти колума алдым. Кызыгып окуп жатам. «Манас» түгөнгүс, түбү жок байлык. Ал дүйнө жүзү тааныган зор эпос. «Манасты» окусак тил дагы, дил дагы, маданият жана эл достугу, койчу адамдардын бири-бири менен мамилеси абдан маанилүү. Ошондуктан «Манасты» ар бир кыргыз кайталап окуса, жан дүйнөсү байып, дүйнө таанымы дагы кеӊейип, элибизге мүнөздүү жакшы сапаттарыбызды сактап калабыз. Достукту даӊазалаган Манас менен Алмамбеттин достугу эле кандай сонун жазылган. Керемет окуялар көп. Кошой менен Бакайдын Манаска кеӊешчи болушу дагы биздин заманда таӊсык болуп тургандай. Учурда акыл айтчу ак сакалдарга, жол баштоочу жол башчыга муктажбыз.

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Gulzat86
2015-08-03 12:36:45
Жаны вариянты,заманбап,элге жаксын деп журуп манасты дагы реп кылып салышпасале болду.
0
baiel2012
2015-08-06 03:32:08
Урматтуу суперинфо мени Алтынбек менен байланышууга мумкунчулук тузуп бере аласынарбы,анткени менде жакшы сунуш бар. Элибизге(коомубузга)чон пайдасы бар китеп жазайын дедим эле. Бул китеп биздин санжырабыздын толук кандуу далилдегенге механизим болуп бере алат жана кыргыз элибиздин баалуулуктарын ар бир уйго таратууга мумкунчулугу бар. Мактанбайын мындай мазмундагы китеп дуйно жузундо жок болсо керек. 0555 80 90 38 Темир
0
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан