«ИМПЕРАТОР» КАЙТЫП КЕЛСЕ, ФЛОЙД АКЫРКЫ ИРЕТ БЕТТЕШЕТ. КӨПЧҮЛҮК КҮТКӨН БЕТТЕШТЕР

Өткөн аптада спорт дүйнөсү дүӊ дей түштү. Эмнеге дебейсизби? «Акыркы император» атка конгон эрежесиз уруштун тарыхындагы эӊ күчтүү спортчулардын бири Фёдор Емельяненко спортко кайтып келе турганын билдирди. Ошондуктан ММА, UFC аталышында сегиз бурчтукта өтчү эрежесиз уруштар кайрадан болуп көрбөгөндөй популярдуулукка көтөрүлөт шекилдүү. «Императордун» кезектеги атаандашын утурлай алдыда рингде жана сегиз бурчтукта күтүлүп жаткан эӊ көрүнүктүү беттештерден кабар беребиз.

ФЁДОР ЕМЕЛЬЯНЕНКОНУН АТААНДАШЫ БЕЛГИСИЗ
Акыры ал кайтып келди. Ансыз сегиз бурчтуктагы 3 жыл ылдам жана кызыксыз өтүп кеткендей. Учурда Орусиянын эӊ атактуу эрежесиз уруш чебери Фёдор Емельяненконун спортко кайтуусуна эмне түрткү болду деген суроолор четтен чыгып жаткан маал. Акчасы калбай калдыбы же атаандаштарынын эсин оодарганды сагындыбы, айтор, ал кайрадан октагонго (рингге) чыгат.
Өзү: «3 жыл бою машыгууларды токтоткон эмесмин. Рингге чыгууга мезгил келди»,- деп билдирди. Эми анын атаандашы ким болот деген суроо да кызуу талкууну жаратууда. Ага UFC`нын учурдагы чемпиону Фабриcиу Вердумдан тарта эзелки атаандашы Антониу Силва, керек болсо Фёдор менен 52 жаштагы айтылуу Рэнди Кутюр сегиз бурчтукка чыкканга даяр экендигин билдирди. Атаандашы ким болгон күндө да «император» менен болгон беттеш кызыктуу болорун эч ким күмөн санабайт.

ФЛОЙД МЭЙВЕЗЕР – АНДРЕ БЕРТО
Спортчунун идеалдуу карьерасы кандай болорун боксчу Флойд Мэйвезер көрсөтөт өӊдүү. Ал рингде өткөзгөн 48 беттештин бардыгында жеӊишке жетишип, бокстун WBC, WBA, WBO версиялары боюнча чемпиондук курдун ээси. 38 жаштагы боксчу Пакмэнди жеӊген соӊ акыркы беттешин өткөзөрүн билдирген эле. Флойд өзгөчө спортчу, спорт менен да өзгөчө коштошот өӊдүү. Анткени акыркы беттешине өтө күчтүү эмес, өзүнө ыӊгайлуу атаандашты да караштырып койду. Атаандашы өзүнүн мекендеши, мурдагы жарым орто салмактагы чемпион Андре Берто болмокчу. Жеӊилбес чемпионду рингде акыркы жолу көрөм десеӊиз, анда 12-сентябрда өткөрүп жибербеӊиз. Дал ушул күнү Лас-Вегаста аталган беттеш орун алат.

ВЛАДИМИР КЛИЧКО – ТАЙСОН ФЬЮРИ
Эӊ оор салмактагы WBA, WBO жана IBF версиялары боюнча чемпиондук курдун ээси, украиналык Владимир Кличко акыры өзүнө татыктуу атаандаш тапкандай. Ага 24-октябрда британдык боксчу Тайсон Фьюри каршы турмакчы. Көпчүлүк белгилегендей, ал 39 жаштагы Кличкого акыркы жылдарга салыштырмалуу эӊ оор атаандаш катары саналууда. 26 жаштагы боксчуда бардыгы бар. Ылдамдык, катуу сокку жана тактикалык жактан чебердик. Оор салмактык категорияда төӊкөрүш күтүлүүдөбү? Фьюриге анын белгилүү ысымы жардамга келеби? Бул суроолорго убагы келгенде жооп алабыз.

ГЕННАДИЙ ГОЛОВКИН – ДАВИД ЛЕМЬЕ
Серепчилер орто салмактагы мыктылардын катарында Флойд Мэйвезер, Мэнни Пакьяодон кийин эле казакстандык мушкер Геннадий Головкин турат деп белгилешет. «GGG» атка конгон Геннадий бокс жаатында өз ордун таба алды. Ал 33 беттеш өткөрүп, бардыгында жеӊишке жете алган. Ошондой эле анын оӊ колунун соккусу барскан менен чапкандай экендигин атаандаштары айтып келишет. Бул ирет ага IBF чемпиондук курунун ээси, канадалык Давид Лемье атаандаш болмокчу. Ринг үстүндөгү беттеш 17-октябрда Нью-Йоркто болуп өтөт. Соккуга сокку менен жооп кайтарган эки мушкердин беттеши жылдын эӊ кызыктуу беттеши болору айтылууда.

ЗАМИРБЕК СЫРГАБАЕВ – ЖЕФФ МОНСОН
Ал эми борбор калаабыз Бишкекте кыл чайнашкан беттештер 19-сентябрда болуп өтөт. Анда «FIGH NIGHT» аталыштагы эл аралык эрежесиз эр уруш мелдешинде 6 өлкөнүн мыкты мушкерлери сегиз бурчтукка чыгышат. Бул мелдештин негизги беттешинде жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиону, ADCC Submission Wrestling World Championship боюнча 2 ирет чемпион жана ММА жаатында 78 беттеш өткөрүп, анын 55инде жеӊишке жетишкен «Кар киши» атка конгон америкалык Жефф Монсонго кыргызстандык Замирбек Сыргабаев каршы турат. Океандын ары жагынан келген чебер 45 жашта, ал эми мекендешибиз 41 жашта. Азыртадан эле эки «ардагердин» рингде жолугушуусу эмне менен аяктаары көпчүлүктүн кызыгуусун жаратууда.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Adi.Avazbekov
2015-08-03 11:26:47
Oa emel9nkonun bettewin koruw kk
+1
dosym
2015-08-03 12:23:48
Омардын эч кандай күнөөсү жок
-2
akylbek.kg
2015-08-03 13:03:51
dosym,))))ооба
0
diiazbek
2015-08-04 11:13:19
dosym,100 % куносу бар ошол учун олтуратта
+2
Beka1986
2015-08-06 04:44:19
diiazbek,сен да калышпайт экенсин))))ххахахааа
0
Beka1986
2015-08-06 04:43:40
dosym,уваахааахааа))))))
0
wolf_95
2015-08-03 13:13:06
Бул теманын Омар байкене эч кандай тиешеси жок.
+1
RASTAMAN
2015-08-03 13:50:33
Малайзиялык журналистер жакшы жетвалсын
0
Beka1986
2015-08-06 04:45:16
RASTAMAN,олтурдун боорду эзип))))хахахааа...ууувааааахахахахааа
0
RASTAMAN
2015-08-03 13:53:30
Федор "Бигфут" Силвага кайра(реванш) тушсо керек
0
tuks
2015-08-03 15:38:35
Головкин менен Лемье мушташы аябай кызыктуу болот деп турам.
0
fittoniya
2015-08-03 16:02:19
Коменттерге аргасыз кулосун да.
+3
bazarkyl
2015-08-03 16:58:49
Урматтуу администрация! Мен 2 ай мурун Атлетико Мадрид клубу жөнүндө маалымат жазууңуздарды сурандым эле бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келүүдө. сураныч ушул маселени дагы бир жолу карап чыгып, макаланы чыгарып койсонуздар.
0
admin_media
2015-08-03 17:14:34
bazarkyl,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
0
Aziyat
2015-08-03 19:15:42
Федор рингге кайтып келгенине сүйүндүм.
0
BAIELER81
2015-08-03 19:36:18
Геннадий буга чейин Давиддей кучтулор менен урушкан эмес Давиддин удары Генанын ударынан кучтуу бул убак Гена онойлук менен жене албайт эгер бокс 12 раундка созулсо анда Гена утулат деп ойлойм
0
BAIELER81
2015-08-03 19:42:28
Федер уфсга барса утулат азыр уфсда жалан кучтуулор ошон учун белаторго контракт тузду эми билинет ким менен мушташары
0
Beka1986
2015-08-06 04:40:49
BAIELER81,мен да ошондой деп ойлойм.Федор учат...канжалататго бетин чиркин ай...жөн эле жүрө бербеди да Император болуп.Авторитети кетет эми мурункудай болбой калат.
0
warsaw.
2015-08-03 20:41:05
вердум менен мушташам деп өзү федор айтыптыр
0
arabica
2015-08-03 21:52:47
Жожону куздо санайбыз! Пададан алдын чан чыгарбагыла!
+3
chupachups-89
2015-08-05 17:38:59
Figh night эмес Fight night!!!!
0
ArGeN4iK
2016-06-09 15:43:07
кейн веласкез Алистер Оверимге тушсо жакгы болмок федор
0
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан