МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ…

(Башталышы өткөн сандарда)

Кыз алдында турган адамга ишенерин же ишенбесин билбей тиктеп турду. Ички туюму каршысында турган адамдан жалтактагандай. Кабагы бүркөө сүрдүү кишиден бирде коркуп, бирде ишенбей, же баш ийкей албай, же чайкай албай жатты. Мындай кырдаалда биринчи жардамга кол сунган адам ушул эле.
– Биз сизге көп акча деле сунуштай албайбыз. Апам акчасы тууралуу сүйлөштүбү?
– Алгач ишти жеӊип чыга аларыбызга, анан бири-бирибизге ишенели. Акчасы качпайт, ал жөнүндө апаӊ менен өзүм чечишем. Кана, мага болгон окуяны айтып берчи.
Адел ошол күнү болгон окуяны ийне-жибине чейин айтып берди. Карыпбек Аделден чыккандан кийин жеӊил дем ала алдындагы иши тууралуу ойлоно баштады. «Демек, иштин учугу Заремада, аны тапсам, ошол жерде отурган балдарды табам. Милиция кызматкерлери эмнеге балдарды тапканга аракет кылышкан жок? Аларга жаш кызды отургузуп коюу менен ишти жаап салуу пайдалуу эмеспи. Азыркы заманда эч ким жамбашын көтөрүп иштегиси келбейт. Кандай жашоодо жашап жатабыз?» деди жаны ачый.
Ага Зареманы табуу кыйын деле болгон жок. Болгону ал мушташкан балдарды таптакыр билбесин айтып, какшанып туруп алды.
– Сенин айыӊдан күнөөсүз кыз түрмөдө жатат. Айтпасаӊ, демек, сенин да катыштыгыӊ бар болуп чыгат.
– Байке, мен чын эле билбейм.
– Анда ошол жерге барган балдар-кыздардын дарегин бер.
Бир жерге жабышса чыкпай туруп алган мүнөзү бар эле, ошентип жатып бир нече балдардын дарегин алды. Акыры жиптин учугу да табылып, ошол күнү бычакты Аделдин колуна кармата салып терезеден качып чыгып кеткен жигиттин да изине түштү. Сүрдүү, адамдын ичи-коюнун аӊтара тиктеген неменин алдында тиги байкуш апкаарып отуруп берди.
– Атыӊ ким?
– Рустам.
– Бир ай мурун 14-Февраль күнү кайда болгонсуӊ?
– Үйдө.
– Жаныӊды жебе!
– Чын, байке, балдар отурушка чакырышкан, бирок мен үйдө эле болгом.
– Жакшылап эстеп көрчү.
Көзүн албай тиктеп турган немеден ого бетер коркуп, тердеп кетти. Карыпбек күнөөкөр жигит ушул экенин сезип турду. Айтор, айландырып жатып торго чалды. Айласы кеткен жигит акыры күнөөсүн моюнуна алганга аргасыз болду. Бир канча убакыттан кийин Аделдин күнөөсү жок экени аныкталып, акталып чыкты. Бирок аны тагдырдын темир тору күтүп турган эле.

ххх

Жанды кейиткен күндөр артта калып, Аделдин боштондукка чыга турган күнү да келди.
– Кел эми, жолуӊ ачылсын, эч качан бул жактын босогосун аттатпасын,- деди камерасындагы жакшы санаалаш болуп калган аял.
– Айтканыӊыз келсин, эже.
Боштондуктун даамы ай, Адел көк асманды, бак-даракты, чаӊ баскан көчөнү биринчи жолу көрүп жаткансып таӊ кала тиктеп турду. Анан апасынын көкүрөгүнө башын жөлөй берди.
– Кагылып кетейин, чүрпөм, буюрса, аман-эсен чыктыӊ, Жаратканга шүгүр.
– Апа, бул жерден тезирээк кетеличи,- деди Адел.
– Макул, балам, экинчи бул жерди көзүбүз көрбөсүн, тез жөнөйлү. Карыпбек байкеӊ да күтүп турат.
Адел Карыпбекти көргөндө бир аз кысыла түштү. Ал билинер-билинбес жылмайып койду да, жакын келип колун кыса кармады.
– Куттуктайм, Адел! Жакын арада дагы көрүшүп калабыз деп ойлойм. Эми эч нерсени ойлобо, баары жакшы болот.
– Рахмат, байке!- дирилдеген кыз колун тартып алганга шашты. Тиги киши да муну сездиби, колун бошото Турсун апа менен баш ийкеше коштошуп жүрүп кетти.

ххх

– Апа, Карыпбек байке канча акча сурады?
Үйгө келип түлөө өткөрүп, кызын жуунтуп, чачын өрүп отурган Турсун апа селт дей түштү. Негедир үн каткан жок, алда кандай ойлорго батып тургандай.
«Бардык малды сатам» деп жаттыӊыз эле го, баары эле үйдө турат.
– Кызым, ал тууралуу ойлонбо. Төшөгүӊдү салып койдум, чырагым, уктайгой.
– Апа, сизди сагындым, бүгүн сиз менен жатам.
– Эркем десе, өзүӊ бил.
Убараланып кайра төшөк салып жаткан кызын карап алып апа тымызын үшкүрө берди. Адел тез эле уйкуга кетти. Анын чачын сылай үшкүрүп жаткан Турсун апа кирпик көзүн ирмебей таӊ атырды. Кайра-кайра Карыпбектин сөзүн эстейт:
– Эже, ачыгын айтайын, мага акчанын кереги жок. Негизи ачык сүйлөгөн жанмын, мындан бир канча жыл мурун жарымды жоготуп алгам. Ошончо жылдан бери аял алганды ойлонмок турсун, элестеткен да эмесмин. Бирок сиздин кызыӊызды көрүп... Ал менин жан дүйнөмдү аӊтарып салды. Адел башкача кыз. Көп жылдан бери аны гана күтүп жашап жүргөндөймүн. Кыскасы, сөздүн ток этер жерин айтсам, эгерде мен кызыӊызды бул капкандан кутултсам, Аделди мага кыйыӊыз. Мен аны алаканыма салып багып алам.
– Айланайын, менин кызым сенин балаӊдай эле болуп турбайбы, убалдан корк, кагылайын!- деп безилдеп жибергенин эстеди.
Бирок Карыпбек үнсүз гана тура берди. Турсун апа акыры кызын бергенге макул болгон эле. Ошондон бери чырактай кызын маӊдайында турган улгайган адамга ыраа көрбөй, жашоонун адилетсиздигине капа болуп чыркырайт. Ошол көкүрөгүндө калган үнсүз кыйкырык азыр кыйнап жатты. Алгач эптеп эле ушул капкандан кутулсак, калганын көрөбүз деген. Ал күнгө да жетти.
Адел боштондукка чыккандан кийин чөйрөсүнө кошула албай катуу чүнчүдү. Жакшы окуп, мектептин алдыӊкы бүтүрүүчүлөрүнөн болчу, азыр болсо сабакка да баргысы келбейт. Көчөгө чыкса эле баары сөөмөйүн көрсөтүп мазактачудай сезиле берет. Анын үстүнө СИЗОдо жатып көп убакыт сабагын калтырып койгондуктан, кыздын абалын түшүнгөн мугалимдер «келбесе деле аттестатын жазып беребиз, биз деле түшүнөбүз» дешкен экен. Ошентип керели-кечке үйдө отурат, мындан ары кандай кыларын, эмне кыларын билбей башы маӊ.
– Апа, мен Бишкекке кетейин, балким, иштээрмин, же окууга өткөнгө аракет кылам,- деди бир күнү.
– Балам, коё турчу,- деди ары жагын айта албай күйпөлөктөгөн апа.
– Апа, мага көптөн бери бир нерсени айта албай кыйналып жүрөсүз, балким, айтарсыз.
– Эмнени айтмак элем? Азырынча жөн гана эс алып турчу, анан көрөбүз.
Турсун апа башка жооп айта албай сыртка чыга качты. Дайыма кайратын жыйып айтканга камданат да, кызынын жаштыгын аяп тим болот.
Бир күнү Карыпбек Аделге чалды.
– Кандайсыӊ, Адел, ден соолугуӊ жакшыбы?
– Жакшы, байке, рахмат.
– Апаӊ сага мен тууралуу айттыбы? Мен жакында силер жакка барам. Ошол тууралуу сүйлөшөйүн дедим эле.
– Апам мага эмнени айтмак эле?
Телефондун артындагы үн бир паска үндөбөй турду да, трубканы коюп койду. Адел сырттан кирип келген Турсун апаны карап акырын үн катты.
– Карыпбек байке чалды, «апаӊ сага бир нерсени айтмак эле» дейт. Апа, менден эмнени жашырып жатасыз? Мен чоӊоюп калбадымбы, баарын түшүнөм. Айта бериӊиз...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
ego1stka05
2015-08-03 10:47:03
Иии еызык жерине келгенде....бир жума кутобузбу..:-(
+2
Emu-Janyl
2015-08-03 10:49:48
Эээхх...Кызы болуп чыгат окшойт десе,аялдыка алганы калганго.
0
Begimkyz.
2015-08-03 11:11:43
Анан ушул кишиге турмушка чыгат эми чамасы...дагы нелер болот экен?
0
Nyrjamal.Teshebaeva
2015-08-03 12:27:56
Деги неси болсо да жакшы бутсо экен
0
Adik01219
2015-08-03 14:21:14
Кайталап жазып атасынар супер инфо жакшылап карап корсонор архивди
0
ego1stka05
2015-08-04 11:08:24
Adik01219,билишимче тагдыр оюнунда да дал ушундай беле?суйгонун куткарып чыгуу учун атасындай кишиге турмушка чыгууга макул болот беле?
0
Adik01219
2015-08-11 08:31:25
ego1stka05,жок андай эмес анда эгиздердин тагдыры суроттолот жана анын балдары жонундо
0
aydarken
2015-08-03 14:32:38
Ух кызыгына келдиго чыгарма жакты мага
0
madin_
2015-08-03 14:49:31
Коптон жазгылачы..... Супер инфо...!
0
magic1721
2015-08-05 14:46:10
Адел Карыпбекге условия коет. Абактагы баланы актап чыгарат. Адел абактагы баланы суйуп калат. Жеке оюм.
0
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан