ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (3-августтан 9-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Меники эле туура деп өжөрлөнүп жатып ишиӊизди аксатып алышыӊыз мүмкүн. Олуттуу чечим кабыл аларда жакындарыӊыздын кеӊешине кулак салыӊыз. Түшүнбөстүктөн улам таарынып калган сүйүктүүӊүздөн кечирим сурабай туруӊуз, катасын түшүнгөн соӊ өзү келет. Дем алыш күндөрү уйкуӊузду кандырып, китеп окуп, кызыктуу кино көрүп эс алсаӊыз, кийинки аптага энергия топтой аласыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
«Аракет кылсаӊ берекет» дегендей, кандай иш баштабаӊыз, мээнетиӊиздин акыбети кайтат. Түгөйүӊүздүн көӊүлүн көтөрүп романтикалуу кеч тартууласаӊыз, эч жаӊылбайсыз. Аптанын аягында бир катар юридикалык маселелерге кабылууӊуз мүмкүн, сак болуӊуз. Ишемби, жекшемби күндөрү достор менен тоого чыгыӊыз, көлгө барыӊыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта эгиздер үчүн оор башталат. Алдыга койгон планыӊыз аткарылбай, жетекчилик тараптан тил угушуӊуз ыктымал. Менин колумдан эч нерсе келбейт деп мүӊкүрөп отуруп калбай, талбай иштей бериӊиз, апта соӊунда жакшы жаӊылык угасыз. Ашказан ооруларынын алдын алып, майлуу тамак-аштын ордуна жашылча-жемиш жегенге аракет кылыӊыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ишенчээк сапатыӊыздан пайдаланып, сизди алдап кетчүлөр четтен чыгат. Андыктан сырларыӊызды көрүнгөнгө ишенип айта бербеӊиз. Үй-бүлө мүчөлөрү керек маалда сизге бекем тыл болуп берет. Аптада сизди кубантарлык окуя болбойт, андыктан дем алыш күндөрүн тынч жайда өткөрүп, кийинки аптага жаӊы дем-күч менен келгенге аракет кылыӊыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Тууган-урук арасында чечилбей келген суроонун түйүнүн чечкенге мүмкүнчүлүк чыгат. Маселени акылга салып чечсеӊиз, кадыр-баркыӊыз көтөрүлөт. Ден соолугуӊузга байланыштуу кара жумуш жасоодон кача туруӊуз. Анын ордуна эмгек өргүүсүн алыӊыз, үй-бүлөӊүз менен көл жээгинде эс алып, ден соолугуӊузду да чыӊдап келесиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жумушуӊузда аракетиӊиз бааланып, эмгек акыӊыздын жогорулашы күтүлөт. Күлүп жүрсө эле баары жайында экен дебей, түгөйүӊүздүн жүрүм-турумуна көз салып, жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын түшүнгөнгө аракет кылыӊыз, бул апта ал сиздин колдооӊузга муктаж болот. Апта аягында көлгө же бассейнге барып сергип келиӊиз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Эгер жаӊы иш баштайм деп турсаӊыз, «чокту ысыгында бас» дегендей, улам эртеӊкиге жылдырбаӊыз. Өз күчүнө гана ишенгендер үчүн ийгиликтүү апта. Келбетине кам көрүп, арыктайм дегендерге мүнөздөп тамак ичип, спорт менен машыгууга убакыт келди. Дем алыш күндөрүн сүйүктүүӊүз менен өткөрүӊүз, ал сизге белек берип, оригиналдуу кеч тартуулашы күтүлөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жумушта чоӊ жоопкерчилик моюнуӊузга артылат. Эгер бул сыноодон өтө алсаӊыз, келечектеги ийгилигиӊизге пайдубал түптөй алдым дей бериӊиз. Аптанын ортосу эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Түгөйүӊүздүн кемчилигин издеп, кылдан кыйкым таба бербей, компромисске келиӊиз. Идеалдуу адам жок экенин, сизде да кемчиликтер бардыгы эсиӊизде болсун.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Иш жөндөмүӊүз артып, энергияӊыз ашып-ташып турган убак. Айрыкча эсеп жаатында иштегендердин иши дүйшөмбү, шейшемби күндөрү жакшы жүрүшөт. Көрүнбөгөн майда-барат нерселерге акча жумшай берип чөнтөгүӊүз жукарат, сарамжал болуӊуз. Айланаӊызга баам сала жүрүӊүз, көптөн бери издеп келген сүйүктүүӊүзгө жолугуп калышыӊыз толук мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада боло турчу окуялар сизден чечкиндүүлүктү талап кылат. Сиздин кеӊешиӊизге, билимиӊизге, тажрыйбаӊызга муктаж болгондорго жардамыӊызды аябаӊыз. Алыска сапарга чыгууга даярданып жатсаӊыз, кийинки аптага жылдыра туруӊуз, кооптуу жагдайларга кабылышыӊыз ыктымал. Ишемби, жекшембиде үй-чарба иштери менен алек болосуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жаӊы идея, активдүү иш-аракет менен жумушта ийгиликти багындыра аласыз. Көптөн бери пландалып, бирок «сандыкта» жаткан ишиӊизди аптанын ортосунда бүткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр чыгат. Күндүн ысыктыгына карабай жел өтүп, сасык тумоолоп калышыӊыз мүмкүн. Аптанын аягында сүйүктүүӊүз менен тоого чыгыӊыз. Бул сиздердин мамилеӊиздердин чыӊдалышына өбөлгө болмокчу.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Мага жаккан кесип же акчасы көп жумуш деген тандоого тушугасыз. Бул учурда сизден улуу, тажрыйбалуу адамдын кеӊешине кулак салыӊыз. Жеке жашоодо жаӊы эмоция издейсиз, айрымдар үчүн бул кадам үй-бүлөлүк чыр-чатакка алып келиши мүмкүн. Дем алыш күндөрүн жалгыздыкта өткөрүшүӊүз ыктымал. Бул учурда ойлоруӊузду иреттеп, кетирген каталарыӊызды түшүнгөнгө мүмкүнчүлүк болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан