Төрт эмдин атасы Уланбек: «БЕРЕБИЗ ДЕГЕН БАТИРДЕН ДАЙЫН ЖОК»

2013-жылдын 30-декабрында Уланбек Абдырахмановдун үй-бүлөсүндө толуктоо болгон. Тагыраак айтканда, 2014-жылдын босогосун аттаар алдында Абдырахмановдун келинчеги Бактыгүл Молдотаева Бишкек шаардык №4-перинаталдык борбордо төрт эм наристени жарыкка алып келген. Балдардын учурдагы абалы, үй-бүлөнүн шарты тууралуу Уланбек мырза буларга токтолду.

«БАЛДАРДЫН БИРИ ЧАРЧАП КАЛГАН»
-2013-жылдын 30-декабрында келинчегимдин толгоосу маалынан эрте келип, Бишкек шаардык перинаталдык борборунда кесарево жолу менен төрт эм төрөдү. Балдардын экөө уул, экөө кыз экен. Тилекке каршы, уулубуздун бири толук өсүп жетилбегендиктен өлүү төрөлдү. Ошентсе да өкмөт бизди төрт эм тапкан үй-бүлө катары эсептешет. Ага чейин 1 кыз, 1 уулду тарбиялап жатканбыз. Учурда кичинекейлерим 1 жаш 7 айга толду. Уулубуздун аты Амир, кыздардын бирине Амира, экинчисине Амина деген ысымдарды ыйгарганбыз. Башында депутат Роза Акназарова Жогорку Кеӊештин атынан деп 100 000 сом тапшырды. Президенттин фондунан 100 000 сом, андан кийин ошол кездеги премьер-министрдин фондунан дешип 200 000 сом беришти. 1-Май райондук акимиатынан 68 000 сом, жерлигибиз Чаткалдан болгондуктан, Чаткал районунун акими элден каражат топтоп 100 000 сом алып келип берди.

«БАТИР АЗАБЫН ТАРТЫП ЖАТАБЫЗ»
-Бишкекке келгенден бери балдар менен батирден батирге көчүп жүрөбүз. 600 000 сомду эмне кылып короттуӊуз деген суроо берет чыгарсыз. Ошол маалда жер тилкесин алып койсом деле болмок. Бирок 3 баланы келинчегим жалгыз бага албайт болчу. Үйдө иштеген жалгыз мен. Балдарды караш үчүн жумуштан бошодум дагы, айына 10 миӊ сомго бала багуучу жалдап, балдар торолгуча үчөөлөп карадык. Келинчегим үчөөнү теӊ тойгуза албагандыктан кошумча тамак бердик. Ымыркайлар үчүн деген аралашманын 1 коробкасы дүӊүнөн 1030 сом турат. Үчөөнө 1 айга 15 коробка кетчү. Учурда жашап жаткан батир туугандарыбыздыкы болгондуктан арзаныраак кылып 3500 сомго беришти. Былтыр кышында өкмөт 2 жарым тонна көмүр берген. Ошону жагып кыштан чыктык.

«ҮЧ АЙ МУРУН ТӨРӨЛГӨН ТӨРТ ЭМГЕ БАТИР БЕРИЛИПТИР»
-Жакын арада эле силердин гезиттен ушул жылдын апрель айында төрөлгөн төрт эмге мамлекет 2 бөлмөлүү батир бергенин окуп калдым. Ал эми биздин төрт эмдин төрөлгөнүнө 1 жыл 7 айдын жүзү болду. Депутат Акназарова маселени өз жоопкерчилигине алып, аягына чыгам деген. Ага 2 ирет кайрылсам, экөөндө теӊ «Бишкек шаардык мэриясына бул боюнча буйрук берилген» деп жооп берди. Мен кечке эле суранып кайрыла бергенден да тартынып калдым. Жакында айылдагы тууган-урук президентке, өкмөт башчыга үй маселесин көтөрүп дагы кайрылышыптыр. Азырынча жооп келе элек.
Биз шарты бар батир берсе экен деген жокпуз. Жер тилкеси болсо, эптеп 2 бөлмөлүү времянканы өзүбүз чүргөп алат элек.

«2 БӨЛМӨЛҮҮ БАТИРГЕ ЭЭ БОЛДУК»
2015-жылдын 9-апрелинде Зарнаевдердин үй-бүлөсүндө да төрт эм жарыкка келген. Төрт эмдин атасы Нурлан батир маселеси боюнча буларга токтолду:
-Төрт эмге чейин биздин 3 уулубуз бар болчу. 9-апрелде 4 эркек балалуу болуп, жалпысынан 7 уулдун ата-энеси болуп калдык. Башында бардык шарты менен чоӊ жер там куруп беребиз дешкенинен, шарты бар эле көп кабаттуу үйлөрдөн батир берүүлөрүн сураганбыз. Июнь айында президенттин фондунан бөлүнгөн 2 миллион сомго Бишкектен көп кабаттуу үйлөрдөн 2 бөлмөлүү батир беришти. Батир толук оӊдоодон өткөн, бирок жашап жаткандар аз экен. «Жашоочулар көбөйгөн соӊ лифт ишке берилет» дешти. Буга чейин 3 балам менен батирлеп жашап келгенбиз. Учурдан пайдаланып бизге көӊүл буруп, үй маселесин чечип берген президентке, өкмөткө чоӊ ыраазычылык билдирем. Батирден сырткары Бишкек шаарынын мэри 100 миӊ, премьер-министр 300 миӊ, Жогорку Кеӊештин төрагасы 50 миӊ сом акчалай жардам кылышты. Ал эми балдардын абалын Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башчысы Камчыбек Узакбаев бекер көзөмөлдөп жатат. Уулдарыбыздын аттарын президенттин урматына Алмазбек, Жогорку Кеӊештин төрагасынын урматына Асылбек, Бишкек шаарынын мэринин урматына Кубанычбек жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башчысынын урматына Камчыбек деген ысымдарды ыйгарганбыз.

Уланбек мырза: "Кызымдын биринин башында гематома бар болчу. Анын азабын тартып, ооруканалап көп жүрдүк. Ошол себептен бир аз кичирээк".

Нурлан мырза: "Балдарыбызды Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун адистери ар дайым көзөмөлдөп турушат".

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
3, 4 эмдерге берилген убадалар аткарылдыбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
Atlantida.
2015-08-05 15:27:19
Ошол 600мин акчага жер тилке алып албайт беле, аман эле болсун да, жумуштан чыгып уйдо бала караштыыыыыым дебей, балдарынын омурун берсин
0
ACAH_AKA
2015-08-06 08:11:22
тиги бу ал жуз мин эки жуз мин ден берген акчаны ичип жеп алып эми артынан суу айдаганы кандай иш эркек деген эркектей эле болбойбу.Эгиз балдары жок болгондо эмне кылмак ошондо деле ушинтип батирде жашамак ушунчалыгына шугур келтирип жашаса болмок
0
ACAH_AKA
2015-08-06 08:18:03
сегизди торогон кундо да баары бир балдары учун эркек кам коруш керек да тиги бу дей бербей берген акчаны жеп алып кайра суу куйду кылбай.Кайсы убакытка чейин эгиздерин бетине кармайт экен бизде да бар учту торогондор окмоттон кобу элуу мин алып башка кынк этпей эле уй булоосун багып жатат эркектей эле болсо болмок шугур келтирип
0
burul.72
2015-08-06 14:55:40
Толук эсимде жок жылы менимче 2013жылы 3эм торогон орус улутундагы уй-булого сразу эле кв.беришкен а россияда биздин жарандарга карап да коюшпайт,а буларга да 2к.квартира берип койсо болмок кантсе да кыргыздын санын кобойтуп жатат:)
-1
burul.72
2015-08-06 14:57:57
А ошол 600минге чек сатып алса балдарын кантип багат да уйду кандай акчага салат?аны да тушунуш керек
0
Mavlyuda
2015-08-06 15:45:35
300 000 Сомго деле жер тилкесин алса болмок, он минге бала багуучу жалдаса, озу иштеш керек болчу. Жатып жегенге тоо да туруштук бербейт деген соз бар эмеспи э. Уланбек мырза озу жалкоо окшойт да. Ал эми кызы жакшы болуп кетсин.
0
tom4ik
2015-08-06 21:06:59
1030 сомдон жасалма сутту Народныйдан алып жургон го. Дунунон бир пачкасы 300 сом го........
0
tom4ik
2015-08-06 21:12:56
1030 сомдон сиз сутту народныйдан алып жургонсуз го. Дунунон эмес,чекене ош базарында 300 сом эле тооба... акча тугонду да....Аллах таала ар бир пендени ырыскысы менен берет.
0
TOMMYHILFIGER
2015-08-06 22:44:39
эх Тууганым аз берсе да коп берсе шугур дешин керек ошого да. Аша чаап кеткенда болбойтко негизи. Бир тууганым сен биздин жепжутаарлардан эмес Аллахымдан сура!
0
Akylai_aktan
2015-08-07 14:30:45
Улан мырза уят уят уят!Эркек деген атыныз кайда калды?Оозунузду ачып отура бербей,иштесениз болмок.Оо кудайым жалкоо адамдар азайып,мээнеткечтер кобойсо экен.Балдарыныздын омурун берсин!
0
boze
2015-08-07 17:18:42
600000 сомду жеп коюп анан окмоттон умут откону кандай тушунобуз. Ар Ким оз уйбулосун озу багыш керек. Бекер оокатка ообой. Элдер эмгектенип 10 баланы деле багып атышат. Эркек деген уй булосу учун башым менен жер казганга даяр болуш керек. Окмоттон умут отпой. Ушундай бекерчилер кыжырды кайнатышат да. Уят! !!
0
boze
2015-08-07 17:21:55
Бир бала айына ошондо 5 коробка смесь ичкен болобу. Ушулар эле бала багып смесь берет окшойт. Же чон кишинин нормасы менен берчу бекенби? ??? Азыраак калпты айтса болмок.
0
tynara81
2015-08-07 18:23:35
Тең карабай, бирине берип, бирине батир бербей койсо ич күйдүлүк болуп атат окшойт. Кийинки төрт эмге акча да, батир да берилиптир да.
0
Gulnaz.GS
2015-08-08 14:12:17
Ошончо акчага участок алып койсо болмок.нянька жалдабай.кыргыздарда эже синди деген толтураго бала карашканга.Улан капа болбо го лох экенсин.иштен чыгып албац наборот эки эсе иштегин
0
orhidea
2015-09-28 12:54:01
Чондорго подхалимдер жагат да ))). Балдарына чондордун атын ыйгарса батыраак жардам беришмек.Заманын бору болсо, бору бол дегендей.
0
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан