ГОЛЛИВУДДА ТӨШ, А БИЗДЕЧИ?..

Учурда акчаң болсо тырмагыңдан баштап териңдин өңүнө чейин өзгөртүп алсаң болот. Голливудда күн сайын миңдеген айымдар эмчектерин чоңойтушса, бизде көздөрүнө сурма жасатып, мурундарын түздөткөндөр көбөйдү.

ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯ­ БАЙЫРТАН КЕЛАТАТ
Биздин заманга чейин 1000 жыл мурун адамдар ар кандай операцияларды жасоону өздөштүрө баштаган. Ал учурда коло бычак менен жасалган операциянын баасы он чакты күмүш тыйын болсо, азыр миңдеген доллар талап кылынат.
Лондондогу тарых музейинен биздин заманга чейинки 2 миң жыл мурун мумияланган баланын денесин көрүүгө болот. Мумиянын кулагын жана мурдун изилдегенде, пластикалык операция жасалганы аныкталган.
Ал эми пластик деген сөздүн өзү гректин «пластикос» деген сөзүнөн алынган. Кыргызчага которгондо “эритип калыпка куюу” дегенди түшүндүрөт. Ушундан улам «алгачкы пластикалык операциялар Грецияда жасалган» деген божомолдор бар. Ал эми мурунду түздөө биздин заманга чейинки 600-жылы Индияда жасалган. Андан соң аталган өлкө кулак, ооз­го операция жасоону баштаган.
Пластикалык операциянын түптөөчүсү катары италиялык Гаспар Тальякоцци айтылып келет. Анын 1597-жылы чыккан өзүнүн ишмердүүлүгү туурасындагы трактатында колдун терисин ооз, мурунга жамап жасаган операциялары тууралуу жазган. Мына ушундан баштап дүйнө жүзүндөгү дарыгерлер ар кандай кырсыктардан жапа чеккен адамдарга пластикалык операцияларды жасай башташкан. Ал эми учурда пластикалык операция жасатууга кайрылгандардын көбү сулуу болуу, жашаруу максатын көздөшөт.

ГОЛЛИВУДДА...
Голливуд жылдызы Жессика Симпсон катуу арыктап кеткендиктен, шалбырап калган эмчегине операция жасаткан. Жыйынтыгына нааразы болуп бир эмес, бир нече жолу жасатууга аргасыз болгон. Ал эми жаш ырчы Линдсей Лохандын түз турганында эмчегине суктанасың. Бирок колун көтөргөндө эмчеги моюнуна чейин кетип, көзгө жаман көрүнүп калган.
Голливудда эч жерине пластикалык операция жасатпаган айымдардын ичинен Барбара Стрейзанд белгилүү.

СУЛУУ БОЛУШ БИР ПАСТА...
Азыр сулуу болуш бир паста. Кааласаң көзүңдү бакырайтып, мурдуңду кырдач кылып алсаң болот. Биздин шоу-бизнесте деле сулуулук үчүн курмандыкка баргандар аз эмес. Азырынча эмчегине силикон салдыргандарды байкай албасак да, көздөрүнө сурма жасаткандардын саны өсүүдө. Шоу-бизнестеги аттуу-баштуу жылдыздарыбыздын жаңыдан элге тааныла баштагандагы жана учурдагы сүрөттөрүн алып, косметологго жана көз доктурга кайрылдык.

Кытайлык косметолог Жанна сурма жасаткан кыз-келиндер азыр көп экенин айтты. Алардын ичинде белгилүү телеалпаруучулар да бар экен. Бул айым иштеген сулуулук салонунда көзгө сурма жасоо операция жолу менен жасалбайт. Жаннанын айтымында, медициналык жип менен тигилип бир да кан чыкпайт.
Ал биз көрсөткөн бир топ сүрөт­төрдүн ичинен Ассоль айымга көбүрөөк токтолду.
– Сүрөттө көрүнүп тургандай, бул айым мурдуна операция жасаткан. Ал эми бетинин өзгөрүп кеткени абдан арыктаганынан.

Кыргыз Республикасынын Медициналык академиясынын көз дарыгери, доцент, Сайдахметова Чолпон Турсуновна:
– Учурда Кыргызстанда плас­тикалык операциялардын ичинен көзгө сурма жасоо өтө кеңири таралган. Андан кийинки орунда мурунду өзгөртүү турат. Бирок мындай операциялардын начар жасалганы көзгө тескери таасирин тийгизет. Анткени бул жерде бардыгы хирургдун жогорку деңгээлде өз ишин билгендигине жана кардардын организминин өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Көздүн үстүндөгү терини туура эмес кесип салганда көздөр ирмелбей да калат. Бизде мыкты деген пластикалык хирургдар саналуу гана. Мисалы, бул айым (Ассоль Молдокматова) мыкты хирургга кайрылганы билинип турат.

Ассоль Молдокматова:
– Келбеттин эң жакшы көрүнүшү үчүн сөзсүз эле пластикалык операция жасатуунун зарылчылыгы жок. Менин салмагым 46 килограмм, ал эми белимдин өлчөмү 54 сантиметр. Ушундан улам мени “кабыргаларын алдырып салган” деп да айтып жүрүшөт. Мындай жомокторду угуп алып күлкүм келет (күлүп). Эл алдында жүргөн адамдар өзүн татына, тыкан алып жүрүшү керек. Ал эми пластикалык операцияларга түз эле көз караштамын. “Сулуулук сырлары” аттуу долбоорума келген кардарлар жыйынтыгына ыраазы болуп жатышат.


Бир собол

ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТАТ БЕЛЕҢИЗ?

Айгүл Чалова:
– “Сурма жасатып алдың беле?” деп мага көп суроо беришет. Бирок табияттан эле көздөрүм жакшынакай. Ошентсе да кээде күзгүдөн өзүмдү карап, мурдумду кичине кырдач кылып алсамбы деген ойлор келет.

Шайыр Касымалиева:
– Жаштын өтүшү менен бетиңе бырыш түшүп дегендей, келбетиңе өзгөрүүлөр кирет эмеспи. Буларды калыбына келтирүү үчүн операция жасатса болот. Ал эми кээ бирлер биринин артынан бирин жасата беришет го. Мындайларга каршымын. Эки жыл мурун Матиев Муса Аспекович деген мыкты хирургга кайрылып, көзүмдүн алдындагы шишикчелерди алдырып, операция жасаткам. Жыйынтыгы жакшы болду.

Гүлнара Тойгонбаева:
– Эгерде адамдын дене-мүчөсүндө кандайдыр бир кемчилик болсо, анда пластикалык хирургдарга кайрылганы туура эле. Ал эми кээ бирлердин силикон эмчек жасатып, ооздорун томпойтуп жатышканы жакпайт. Жакында “Жыл жаңырыгы” наамын мага тапшыруу белгилүү Искен аттуу хирургга туш келиптир. Ал мага бардык пластикалык кызматтарга эшик ачык деди. Бирок мен бул чакырууну кабыл аламбы же албаймынбы, аны чече элекмин.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Robingud
2010-01-13 21:46:25
Kuday ebrgen kelbetine,on-tusuno ele yraazy bolgon jakwy go.Mynday operatsiyalardi suluuluk u4un jasatuu kunoo bolot ko.Eger bir jarakat alyp,je avariyadan ulam bolso bawka kep.
0
№ 375, 8-14-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан