ТӨРӨТ: КЕСАРЕВО ЖОЛУ ПАЙДАЛУУБУ ЖЕ ТАБИГЫЙБЫ?

Апаларыбыз баканды кармап алып төрөгөн заман артта калып, учурда отуруп да, туруп да, жатып да, ал тургай суу ичинде төрөө ыкмалары колдонулууда. Мындан сырткары операция жолу менен төрөө да кеңири жолугат. Кесарево, табигый жолдор менен төрөөнүн оӊ жана терс жактарын «Темир жол» бейтапканасынын акушер-гинекологу Эльмира Акматова айтып бермекчи.

КАНДАЙ ООРУЛАРДАН УЛАМ КЕСАРЕВО ЖАСАЛАТ?
Кесарево эне баласын өзү төрөй албай калган учурда гана колдонулушу керек. Ага бир канча оорулар түрткү берет. Мисалы, эненин жашы өтүп баратканда (40 жаштан ары), түйүлдүк адаттагыдан чоӊ болгондо, жатында кандайдыр бир оорулар пайда болгондо, эненин бөйрөк, жүрөк оорулары болгон учурда, балага кислород жетпей калганда, бала буту менен келген маалда, гестоз болгондо, эненин жамбаш сөөгү кууш болсо дарыгер операция кылууну сунуштайт. Жөн гана төрөттөн коркуп же ушул оӊой жолу экен деп жасатуу туура эмес.

КЕСАРЕВОНУН ОӉ ЖАКТАРЫ
Эгерде ден соолугуӊуздун же түйүлдүктүн абалы жакшы эмес болсо, көзөмөлдөп жаткан дарыгериӊиз пландуу түрдө кесарево жасатуу керек десе, демек, ага психологиялык жактан өзүӊүздү даярдашыӊыз керек. Анткени эне капысынан кабыл алынган чечимден улам кыйналып, коркуп калып кийинки төрөткө да терс таасирин бериши мүмкүн.

1. Бирден бир пайдалуу жагы – кесарево эне менен баланын өмүрүнүн коопсуздугуна көп коркунуч келтирбейт.
2. Төрөт учурунда жыныстык органдар айрылып кетүү коркунучуна учурабайт.
3. Көп убакытка созулган толгоону күтпөй, бала сиз каалаган күнү жарыкка келет.

ТАБИГЫЙ ТӨРӨТТҮН ОӉ ЖАКТАРЫ

  • Кесарево менен төрөгөн аялдарга караганда табигый жол менен төрөгөн аялдардын организми тез калыбына келет. Үй тиричилигин кадимкидей жасай алат.
  • Психологиялык жактан тез калыбына келет, депрессияга аз чалдыгышат.
  • Операция үчүн акча төлөнбөйт. Бул финансылык жактан да пайдалуу.
  • Төрөтканадан тез чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.
  • Кийин канча, кандай учурда кааласа төрөй алат.
  • Операциядан улам организм алсызданып, инфекцияга туруксуз болуп калуу коркунучу табигый төрөгөн аялдарда аз.
  • Чыгып калган ичти кайра киргизүү үчүн көнүгүүлөрдү жасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Операция менен төрөгөн аялдарга жарым жылдай ичине күч келтирүүгө болбойт.

КЕСАРЕВОНУН ТЕРС ЖАКТАРЫ

1. Эне тогуз ай бою баланы күтөт. Мурун наркоз кан тамыр аркылуу берилип баласын эсине келгенде көрсө, учурда жүлүн аркылуу берилген наркоздон улам өзүн жоготпойт. Баланын жарыкка келгенин эне туйганы менен, төрөттү өзү жыйынтыктай албай калгандай кыжалат сезим болот. Кээ бир энелер бала менен тыгыз байланышын жоготуп коёт.
2. Табигый төрөт менен төрөгөн аял 2-3 сааттын ичинде баласын колуна алып өзү бага ала тургандай мүмкүнчүлүккө ээ болсо, кесарево жолу менен төрөгөн аялдар баласын өздөрү карай албай калышат. Аларга 2-3 күндөн кийин гана өз алдынча басканга уруксат берилет.
3. Операциядан кийин организм көптө калыбына келет. Кесилген жерди карап, тазалап, таӊып туруу машакаты бар.
4. Кесилген жерде (карында) тырык калып, кийин жай мезгилинде ачык кийим (мисалы, купальник) кийгенге тоскоол болот.
5. Операция наркоз аркылуу болгондуктан жалпы организмге терс таасир берет. Ачуулуу болуп, төрөттөн кийинки депрессияга көп кабылышат. 2-3 айга чейин баш айлануу, алсыздык коштойт.
6. Операция жолу менен төрөсөӊүз, кийинки балдарды да ошол жол менен төрөгөнгө туура келет. Учурда кийинкилерин табигый жол менен да төрөгөндөр бар, бирок чанда гана.
7. Мурун үч жолу гана кесарево жасалганга уруксат берилсе, учурда аялдын абалына карата андан көп жолу да төрөөгө уруксат берилүүдө. Бирок тигилген жерлер айрылып кетпеши үчүн төрөттүн ортолору 3-4 жыл болгону туура. Азыр тез эле кайра боюнда болуп калгандар болууда, бирок бул эне жана бала үчүн өтө кооптуу кадам экенин эскерте кетмекчибиз. Медицинада операция жолу менен төрөгөндө жок дегенде 3 жыл сактануу керек деген пикирди карманабыз.

НАРИСТЕ ҮЧҮН
Операция аркылуу жарык дүйнөгө келген наристе менен табигый жол менен жарык дүйнөгө келген наристенин көп деле айырмасы болбойт деген пикир бар. Бирок анын карама каршысындагы пикирлер да кездешет. Изилдөөлөргө таянып акушер-гинекологдор «операция жолу менен жарык дүйнөгө келген балдарда баш сөөк алдындагы кан басым көп кездешет» деп айтышат. Андан тышкары бала жатын моюнчасынан өзү аракет кылып чыкпагандыктан, иммунитети алсыз болуп калышы күтүлөт. Бирок бул медицинада так далилдене элек.

ТӨРӨТТӨН КИЙИН ӨЗҮН КҮТҮҮ

  • Кесарево болгон аялдар төрөттөн кийин оор нерсе көтөрбөшү керек.
  • Табигый төрөт менен төрөгөн аялдар көп учурда «ичим кирбей калат» деген ой менен таӊып алышат. Мындай таптакыр болбойт. Бул жатындын, жалпы эле организмдин калыбына келишин кечеӊдетет. Жок дегенде 1-2 жумадан кийин байласаӊыз болот. Операция болгондор таптакыр таӊбашы керек.
  • Төрөттөн кийин өзүн карап, суук тийбегендей болушу кажет. Анткени организм алсызданып турган учурда суук тийсе, өмүр бою оору калып калат. Эӊ негизгиси колу-бутту, белди жылуулоо зарыл. Кирди да жылуу суу менен чайкаган жакшы.
  • Өздүк гигиенаны кармануу керек. Кан келип жаткан учурда жыныстык органды тез-тез жууп туруу абзел. Ал ар кандай инфекциядан сактайт. Марганцовка жана ар түрдүү дары чөптөр менен жууп турса болот.
  • Түгөйү менен жыныстык катнашка шашылбашы керек. 40 күн өткөндөн кийин гана уруксат берилет. Бул учурда жатын, айрылып кеткен жыныстык органдар өз калыбына келет. Ошондо да сексуалдык жашоого акырындап келген жакшы.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Табигый жана кесарево жолу менен төрөөнүн оң, терс жактары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Sagidko88
2015-08-03 10:10:08
Ушундай кенештер жакшы кором.коп жазгылачы .рахмат
0
Elizakyshova
2015-08-03 12:41:17
Озу кесерава болгондон кийин аралыгын беш жыл кылган жакшы дешет себеби ден соолугун калыбына келип баланда чоноюп калат кыйналбайсыздар ......бирок озундун торогонуно жетпейт кээ бир айымдар оздору торой албай коркуп кесерава кылдырып коюшат.торот учурунда врачты угуш керек экен.
0
medi0204
2015-08-03 12:43:58
Мен да кесарево менен торогом, стресс болот деген чын, бала менен жалгыз калгандан коркчумун, урушчак болуп калгам, озумон озум сыгыла берет элем. Ден соолугу слабый болот дегенге кошулбайм, ич тартуу кыйын болот дегенге да, менин ичим чыкпаган, кесилген жери деле билинбейт, ич киймден корунбогудой кылып кесишкен, 2 жыл болду торогонумо сактанып журом, аборт кылдырбай, озуно жакшы караса 3 жылдан кийин озу торогонго мумкунчулук коп болот экен.
0
nur_2010
2015-08-03 15:18:49
менда стресске кабылгам.1 чи кесерадан кийин эмнеге озум торой албайм деп.палатада жатканда озу естеств.й торогон.у карап.бирок бешенеге ушул жол менен тороо жазылган экен.ушусуна да шугур , зато балдарым аман.мен аман.мага 2.3 кун эмес 10.12 саатан кийин эле алып келип беришкен.баланы коргондо ооруганын деле билбей каласын.мен роддомдо эле бандаж таккам.
+1
Meruet84
2015-08-03 17:24:30
Супер инфо ракмат силерге ушундай пайдалуу кенештерди бизге жеткирип турганынарга.
Мен да учунчу уулумду кесерово болуп тородум , мурункуларын озум торогом эле.
Былтыры врачка текшерилип дагы тороп алсамбы деп кенешсем торогонго болбостугун айтып мени кыжаалат кылды .Себебин сурасам тигилген жер жука тигилгенин бала чонойгондо жыртылаарын айтты.Эгер ушуга окшогон койгой менен торогондор болсо айта кетсениздер.
0
strangergirl
2015-08-04 14:41:38
жакшы маалымат экен, кийинкисинде торогондон кийинки эмчекти кутуу тууралуу кененирээк маалымат бериниздерчи, сураныч
0
Саби
2015-08-05 12:23:07
Бул жакта кесерево жолу менен торогондун дагы бир минус жагын жазылбай калыптыр операция болгондон кийин спайка болуп калуу коркунучу да бар трубаларда.
0
Apyyke
2015-08-07 15:47:47
Саби,
оа. Бир досум спайка болуп калып торобой журот. Баласы 5 жашта.
0
Mercedes202
2015-08-06 23:50:44
Жакшы кенеш экен.
0
pirim77
2015-08-07 11:06:05
автор озу кош бойлуубу деген ойго келдим.2-3 жолу байкадым торот уйбулоо туралуу коп жазып атат.
0
gulzar
2015-08-07 17:25:04
саламатсыздарбы супер инфо, силерден сураныч жалгыз бой энелерге балдарды багуу учун пособия боюнча кененирээк макала бериниздерчи. Кандай документтер керек жана бир балага канча берилет, кайсыл жакка кайрылыш керек
0
admin_media
2015-08-12 11:13:24
gulzar,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
0
ayzyrek89
2015-08-11 20:38:53
Салам админ. Омуртка грыжалары бар аялдар кандай жол мн торосо омурго коркунуч келбейт.ушул тууралуу маалымат алыныздарчы.Аллах ы раазы болсун
0
aidai88
2015-09-28 19:26:58
Урматту супер инфо, бойкат кезде кандай тамак пайдалуу жана зыян бойунча теманы кайсыл жерден тапсам болот?
0
admin_superstan
2015-09-29 11:00:11
aidai88, саламатсызбы!
Сурооңуз түшүнүксүз болуп жатат. Түшүнүктүү кылып жазсаңыз.
0
aidai88
2015-09-29 19:05:06
admin_superstan,сиздерде аял кош бойлуу кезинде,кандай тамак пайда жана кандай тамактар зыян тууралуу тема бар эле,ошону тапканга жардам берип койунузчу
0
admin_superstan
2015-09-30 10:34:49
aidai88, саламатсызбы!
Кош бойлуу кезде дасторкондо эмнелердин болуусу зарыл:
http://www.super.kg/article/show/2737
Болбосо, төмөнкү темага кириңиз:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=39100
0
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан