НАСЫЯ АЛУУДА ЖЕТИ ӨЛЧӨП, БИР КЕС

Өлкөбүздө калктын басымдуу бөлүгү насыя алып иш баштап жатканы жалпыбызга маалым. Учурда насыя алуу актуалдуу болуп жаткан соӊ, элге кеӊири маалымат берүү иретинде бул жолу насыя алуу жана аны төлөө учурундагы негизги эрежелер тууралуу сөз кылмакчыбыз. Аталган маселе тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору Монуев Каныбек Омаралиевич менен маектештик.

– Каныбек Омаралиевич, сөздү алгач насыя тууралуу баштасак. Ал эмне деген түшүнүк жана эл аны кайдан, кантип ала алат?
– Өлкөбүздүн аймагында калкты жана жеке жактарды насыя менен камсыздоону Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын алган коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар ишке ашырышат. Насыя – бул келишим аркылуу шартташкан бүтүм. Келишимдин негизинде банк же башка кредиттик уюм (кредитор) карыз алуучуга келишимде каралган шарттарга ылайык белгиленген өлчөм жана убакытка акча каражатын берет. Ал эми карызгер алган сумманы жана ага кошуп пайыздык чени менен белгиленген мөөнөттө кайтарып берүүгө милдеттүү. Насыялык келишимдин негизги принциптери: насыя белгилүү мөөнөткө берилет, кайтарымдуулук жана анын акысы.
– Насыя алууга бел байлаган адам алгач эмнеге көӊүл бурушу керек?
– Насыя алуу чечимин кабыл алганга чейин карызгер жети өлчөп бир кесип, төмөнкүлөрдү эске алышы абзел:

  • Өзүнүн насыя алууга муктаждыгын баалоосу;
  • Насыяны төлөөгө талап кылынуучу акча каражатын табуу үчүн өзүнүн кирешеси менен чыгашасын эсептеп чыгуусу;
  • Насыяны кайсы валютада алган оӊ экенин аныктоо. Тандаган валютанын (рубль, евро, доллар жана башка) алмаштыруу курсунун күн сайын валюта рыногундагы кырдаалга байланыштуу тобокелчилигин эске алуу;
  • Күрөө катары эмне сунуштаарын;
  • Ар түрдүү финансы-кредиттик мекемелердин насыя берүүдөгү кошумча төлөмдөрүнүн суммасы, пайыздык чени тууралуу изилдеп чыгуусу керек.

– Сиз жогоруда насыялык келишимдин принциптери тууралуу айтып жатып насыянын акысы дедиӊиз. Бул эмнени түшүндүрөт?
– Аты айтып тургандай эле насыя акылуу болот. Мында эӊ биринчи кезекте насыя боюнча жылдык пайыздык чен жана насыя боюнча эффективдүү пайыздык ченди айтсак болот. Тагыраак айтканда, кошумча жыйымдар менен комиссияларды эсепке алуу менен дагы башка кандай шарттар бар экендигин билүү керек. Айтсак:

  • Насыянын мөөнөтү;
  • Насыя валютасы;
  • Талап кылынган күрөөлүк камсыздоо;
  • Негизги сумма жана пайыздар боюнча ар бир айдагы төлөмдүн көлөмү;
  • Мөөнөтүнөн мурда насыяны төлөөнүн шарттары;
  • Мөөнөтүнөн кечигип төлөөдөгү иш-чара;
  • Насыя алуу арызын кароо мөөнөтү.

Кошумча айта кетүүчү нерсе, кардар карызды жабуу боюнча төлөмдү өзүнүн кирешесинин деӊгээлине туура келгендей тандоосу зарыл. Ошондой эле карыз алуучу кредиттик экспертке түшүнбөгөн суроолорун берип, керектүү жоопторду алып алышы керек.
– Насыя алып жатканда эмнелерге өзгөчө көӊүл бөлүү керек?
– Биринчиден, насыя алардан мурда бир нече жолу бул чечим тууралуу ойлонуп көрүп, андан кийин гана туура бүтүм чыгаруу керек. Эгер мүмкүн болсо насыя албай эле башка жолду тапкан жакшы. Анткени, насыя – бул карыз, аны кайтарып берүү үчүн үстүнө пайыздарды кошуп төлөп берүү керектелет. Ал эми өз убагында төлөм жүргүзүлбөй калчу болсо, жоопкерчиликке тартылары бышык. Өз мүлкүн күрөөгө койгон киши, күрөөдөгү мүлкүнөн ажырап калышы мүмкүн. Эгерде карызгер өз убагында насыянын суммасын жана үстөк пайызды төлөй албай тургандыгын сезсе, анда карыз алуудан оолак болушу керек.
Экинчиден, карыз алуучу өздүк бюджеттин канча суммасын реалдуу түрдө насыянын акысын жабууга жумшай аларын эсептеп чыгышы керек. Эӊ оптималдуу вариант – жалпы айлык кирешенин 40-50 пайыздан ашпаган бөлүгү насыяны жабууга жумшалса жакшы болот.
– Финансы-кредиттик мекемени тандоо алдында кайсы принциптерди билүү зарыл?
– Кыргызстанда ондогон банк жана жүздөгөн микрофинансылык уюмдар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт. Алар тууралуу маалыматтарды Улуттук банктын, финансы-кредиттик мекемелердин расмий сайтынан, гезит беттеринен, банк кеӊселериндеги маалымат бурчтарынан табууга болот. Акча алуу үчүн финансы-кредиттик мекемелерди тандоо, албетте, ар кимдин өзүнүн көз карашына байланыштуу.
– Эӊ биринчи кезекте эмнени билүү жана салыштыруу керек?
– Пайыздык чендин өлчөмү. Жогоруда айтып өткөндөй, насыя боюнча пайыздык чен же насыяны колдонгондугу үчүн пайыздык төлөмдөр болот. Ал финансы-кредиттик мекеме тарабынан карыз алуучуга насыя бергени үчүн коюлат. Пайыздык чендин өлчөмү насыя алуунун мөөнөтүнө жана банк ал насыя үчүн белгилеген тобокелдик деӊгээлине жараша аныкталат.
Карыз алуучу насыя берүүчү мекеменин кызматкеринен алып жаткан насыяга төлөнүүчү чыгымдарды толугу менен эсептеп беришин талап кылууга акылуу. Ал эсептөөлөр ай сайын пайыздык жана комиссиялык жыйымдарды кошкондо канча каражатка барабар болору тууралуу жазуу жүзүндө берилет. Насыя боюнча пайыз – бул жалпы насыянын наркынын бир бөлүгү болуп саналат.
Насыянын мөөнөтү – карыз алуучу канча ай же жылга чейин каражат ала аларын жана карыздын мөөнөтүнөн пайыздык чендин өлчөмү көз каранды болор-болбосун тактап алышы керек.
Ошондой эле насыяны камсыздоо боюнча кандай талаптардын бар экенин билүү керек. Насыянын түрүнө жараша финансы-кредиттик мекеме күрөө, кепилдик берүүчү жана башка талаптарды коёт. Ар кандай сунуштарды жана шарттарды салыштыргандан кийин карыз алуучу өзүнө ылайыктуу вариантты тандап алганы жакшы.
Насыя күрөө менен же күрөөсүз берилиши мүмкүн. Күрөө менен камсыздалбаган насыялар аз убакытка чейин жана жогорку пайыздык чен менен берилет. Анткени, мындай насыялык каражаттын кайтарылбай калуу тобокелдиги жогору. Ошондуктан финансы-кредиттик мекемелер насыянын кайтарылбай калуу коркунучун алдын алып, пайыздык чендин өлчөмүн жогорураак коюу менен ал тобокелдиктин деӊгээлин ушундай жол менен төмөндөтүшөт. Кепилдик берүү (поручительство) кошумча жоопкерчилик катары насыянын кайтарымдуулугун камсыздап, көбүнчө керектөөчүлөрдүн насыясында колдонулат.
– Насыя алуу үчүн кандай документтер талап кылынат?
– Улуттук банк тарабынан насыя алуу үчүн минималдуу документтердин топтому бекитилген. Насыянын түрүнө жана максатына жараша ар бир банктын же микрофинансылык уюмдун өзүнүн эрежелери боюнча тийиштүү документтер талап кылынат. Эгерде финансы-кредиттик мекемеге жеке жак кайрыла турган болсо, арыз талап кылынат, ал эми бир нече кишинин тобунан турса, анда ар бир катышуучунун колу коюлган жалпы арыз алынат. Сөзсүз түрдө жарандык күбөлүктүн көчүрмөсү жана жашаган жеринен маалым кат алып келүүсү керек. Кызматтагы жарандарга кирешелери тууралуу маалыматты тастыктоочу аныктама зарыл болот. Көбүнчө аны иштеген жердин эсепканасы тийиштүү мөөнөт аралыгына берет. Ал эми кичи жана чакан ишкерлердин, дыйкандардын кирешесин тастыктоо үчүн кредиттик кызматкер түздөн-түз ишкердин, дыйкандын иш ордуна барып, анын чарбасы менен таанышып чыккан соӊ аныктайт.
Насыяны камсыздоо максатында карызгердин күрөөгө коюп жаткан мүлкүнүн эсебин алат жана тийиштүү түрдө күрөөнүн баасын аныктайт. Эгер кардардын никеси бар болсо, кат жүзүндө жолдошунун насыя алуусуна жана мүлктөрдү күрөөгө коюусуна макулдугу талап кылынат.
Ал эми жеке ишкерлер жана юридикалык тараптар үчүн документтердин топтомуна статистикалык органдан каттоо күбөлүгү, салык кызматынан маалым кат талап кылынат. Эгер карызгер патент менен иштеп жатса, анын күбөлүгү керектелет. Финансы-кредиттик мекеме документтердин нускалыгын жана башка карыз алуучунун маалыматтарынын аныктыгын текшерүүгө акысы бар.
– Насыяны алуунун жол-жоболору канча убакытты талап кылат?
– Ал насыянын түрүнө байланыштуу, чоӊ эмес суммадагы керектөө же экспресс насыясын алуу үчүн 2 күндөн 10 күнгө чейинки убакыт талап кылынат.
Ири жана корпоративдик насыяларды берүүдө, карызгердин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого жана карызгер-компаниянын бизнес планын анализдөө көп убакытты талап кылат. Мындай кредиттерди кароого бир айга жакын убакыт кетет.
Ипотекалык насыя 1 жумадан 2 жумага чейинки аралыкта берилет.
Кредиттик арызды кароо мөөнөтү талаптагы көзөмөлдү камсыз кылуу максатында иштелип чыккан ички регламент менен процедураларга жараша болот.
– Келишимди качан жана кандай жол менен туура толтуруу керек?
– Насыя алуучу финансылык-кредиттик мекемени тандаган соӊ да кредиттик келишимге кол коюуга шашылуу сунушталбайт, карызгер аны дыкат карап чыгуусу керек. Мыйзамга ылайык, бул үчүн бир күндөн үч күнгө чейинки убакыт белгиленген. Насыя алуучу кол коюла турган келишимдин долбоорун үйүнө 3 күнгө чейин алып кетүүгө укуктуу. Эгер ийне-жибине чейин өз алдынча түшүнө албаса, анда финансы-кредиттик мекеменин кардары юристтер менен экономисттерге кайрыла алат. Көз карандысыз кеӊешчилерге кайрылуу карызгерди туура эмес чечим кабыл алуудан оолак болууга жардам берет.
Талапка жараша кредиттик келишим карызгердин каалоосу менен кыргыз же орус тилинде түзүлөт.
Керектөөчүнүн коргонуусунун дагы бир куралы: финансы-кредиттик мекемелерге насыя келишиминде көрүнбөй калган шилтемени майда шрифт менен жазууга тыюу салынат. «Шрифт документтин баарында бирдей болушу абзел» мындай талап финансы-кредиттик мекемелерге карата мыйзам менен бекитилген.
Кредиттик келишимде сөзсүз түрдө таблица түрүндө кардардын бардык чыгымдары жана укуктары, ошондой эле төлөм графиги болушу тийиш. Финансы-кредиттик мекеме
карызгерге кредиттик келишимдин бардык шарттарын, мисалы, насыя боюнча төлөмдөрдүн өлчөмү кандай эсептелет жана кандай учурда айып санкциялары колдонулат деген шарттарды түшүндүрүп берүүсү шарт.
Бул талаптарды аткарууда жана бардык сунуштарды кылдат карап чыккан соӊ насыя алуучу туура эмес чечим кылуудан өзүн сактайт.
– Насыя алуучу мөөнөтүнөн мурда насыясын жабууга укуктуубу?
– Зарыл учурда кардар мөөнөтүнөн мурда насыясын жаба алат. Бирок Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине ылайык, айрым талаптар каралган: насыя алуучу финансы-кредиттик мекемеге отуз күн мурда мөөнөтүнөн мурда насыяны жабуусу тууралуу билдириши керек. Насыялык келишимде карызгердин мөөнөтүнөн мурда акча каражатын кайтарып берүү жөнүндөгү билдирүүсүнүн кыска убактысы көрсөтүлүшү мүмкүн. Бирок көпчүлүк учурда финансы-кредиттик мекемелер насыяны жок дегенде жарым мөөнөтүн колдонууну талап кылышат. Болбосо учурдагы талаптарга ылайык, коммерциялык банктар микрофинансылык уюмдардан айырмаланып, көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда насыяны кайтарып берүүдө айып акча алууга укуктуу.
– Насыяны жабуунун кандай түрлөрү бар?
– Финансы-кредиттик мекемелер карызгердин мүмкүнчүлүгүнө карата насыяны жоюунун бир катар ыкмаларын сунушташат, булар:

  • Калдыктарды азайтуу ыкмасы, тагыраак айтканда, аннуитеттик ыкма. Бул ыкма төмөндөгү ыкма менен ишке ашат: мөөнөттүн башында насыяны жабуунун негизги бөлүгү кредит боюнча пайыздык карыздарды төлөөгө багытталат. Ал эми мөөнөт аяктаарда насыяны жабуунун негизги бөлүгү насыя боюнча карыздын негизги суммасын төлөөгө туура келет.
  • Бир сызыктуу ыкма, кредитти төлөө, аны теӊ төлөмдөргө бөлүү аркылуу ишке ашат. Тагыраак айтканда, насыя пропорционалдык ыкма менен төлөнөт.
  • Негизги суммасын бир жолу же бир нече бөлүккө бөлүп төлөп, пайыздарды ай сайын же болбосо тараптар келишкен мөөнөттөр аралыгында төлөө ыкмасы да практикада колдонулуп келет (финансы-кредиттик мекеме менен карыз алуучунун макулдашуусу боюнча). Бирок мындай ыкма насыяны жоюуда карызгер үчүн кандайдыр бир тобокелчиликти жаратышы мүмкүн. Анткени, ар бир эле насыя алуучу карыз болгон бүт сумманы дайыма эле заматта төлөөгө мүмкүнчүлүгү боло бербейт.

– Насыя боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүнүн графигин бузуу канчалык жоопкерчиликтүү?
– Өз убагында насыя боюнча төлөмдү жүргүзбөгөндүгү үчүн финансы-кредиттик мекемелер туум жана айып акча кошуп эсептешет. Бул жалпы суммага таасир этиши ыктымал. Ар бир кредиттик мекемеде туумдун өлчөмү ар башка болушу мүмкүн. Андыктан карызгер кредиттик адистерден тактап, же болбосо насыялык келишимди карашы керек. Көйгөй жараткан насыя алуучудан карызды төлөтүү туурасында процедура башталгандыгы туурасында кабар берилген соӊ он беш күндөн кийин туумду жана айыпты кошуп эсептөө токтотулат. Бирок «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишмердүүлүгүн чектөө жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктуна ылайык, айып төлөмдүн өлчөмү насыянын негизги суммасынын 20 пайызынан ашпоосу керек.
Мындай жагымсыз абалга туш келбөө үчүн насыя алуучу дагы бир жолу өзүнүн күчүн баалап, насыяны өз убагында жоюуга мүмкүнчүлүгү жете тургандыгын эсептеп чыгуусу зарыл. Анткени, насыя бизнести өнүктүрүүгө, жашоо-шартты оӊдоого жардам берүүдөн сырткары, турак-жай, жер участогу, унаа жана башка баалуу мүлктөрүнөн ажыратып коюшу толук ыктымал.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан