ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ КҮЧТҮҮ ЧӨП ЧАЙЛАР

Барган сайын дарттардын саны өсүп, ага жараша дары-дармектер да көбөйүп, дарыларга болгон бааны укканда маанай түшөт. Ооруларга каршы дары чөптөрдү өзүӊүз терип кургатып алып, үй шартында чай жасап ичсеӊиз, бир чети оӊой, экинчи жактан чөнтөккө да кыйынчылык келбейт.

БАКА ЖАЛБЫРАК
Терүү: Май айынан баштап августка чейин гүлдөйт, июнь-сентябрь айларында уруктайт. Жалбырагын жайында, гүлдөгөн мезгилде кол менен үзүп же бычак менен кесип алуу зарыл. Жол боюнда же булганыч жерде өскөндөрүн терүүгө болбойт. Көлөкө, шамал жүрүп турган жерде бат кургатып алуу керек. Көпкө жайсаӊыз, жалбырагы карарып кетет.
Дарылык касиети: Бака жалбырактын ичеги-карын сезгенгенде, жараны эрте айыктыруучу, какырык чыгаруучу (бронхит, кургак учук), суук тийгенге каршы дарылык касиети бар. Андан сырткары жалбырагынан кайнатылган чай гипертония, атеросклероз ооруларын алдын алып, табитти ачуучу, кан басымды түшүрүүчү мыкты каражат болуп эсептелет.

Бака жалбырак чайы

1. 1 аш кашык майдаланган бака жалбырактын үстүнө 200 грамм кайнак суу куюп, 20-30 мүнөт демдеп коёбуз.
2. Жалбырагын чыпкалап алып, тамак ичерден 30 мүнөт мурун 20-30 граммдан күнүгө 3-4 маал ичүү керек.

БӨРҮ КАРАГАТ
Терүү: Май айында гүлдөйт. Мөмөсү июль-август айларында терилет, көлөкө жерде кургатуу керек.
Дарылык касиети: Бөрү карагаттын курамындагы берберин затынын кан токтотуучу касиети бар. Жалбырагынан даярдалган тундурма ички органдардын кан агуусунда колдонулат. Кан басымды төмөндөтүүчү, өт айдоочу, заара айдоочу, геморрой жана сезгенүүгө каршы мыкты каражат болуп эсептелет. Бөрү карагаттын мөмөсүнөн даярдалган чай боор, өт жолдорунун, өт баштыкчасынын сезгенүүсүндө да колдонулат.

Бөрү карагат чайы

1. Чайнекке кургатылган мөмөсүнөн 2 аш кашык салып, үстүнө 200 грамм кайнак суу куябыз.
2. 45 мүнөт тыныктырып, чыпкалап, даяр болгон тундурманын көлөмүн 200 граммга жеткидей кылып кайнак суу кошуп коёбуз.
3. Даяр болгон чайды муздаткычта 2 күн сактоого болот. Тамак ичерден жарым саат мурун 20-30 граммдан күнүгө 3-4 маал ичүү туура.

ЭРМЕН-ШЫБАК
Терүү: Июль-августта гүлдөйт, август-сентябрда мөмө берет. Эрмен-шыбакты гүлдөгөн мезгилинде сабагынын жалбырактуу учтарын 25 сантиметрден узун эмес кылып
кесип алуу зарыл. Жел жакшы жүргөн көлөкө жерде жука жайылып кургатылат.
Дарылык касиети: Эрмен-шыбактын суудагы демдемеси табитти ачуучу, тамак сиӊирүүнү жакшыртуучу, ашказанды, өттү тазалоочу каражат катары колдонулат.

Эрмен-шыбак чайы

1. Кургатылган эрмен-шыбактан 1 чай кашык алып, ага 250 грамм кайнак суу куюп, 15-20 мүнөт демдейбиз.
2. Чыпкалап, стакандын төрттөн бир бөлүгүн тамак ичерден 30 мүнөт мурун күнүнө 3 ирет ичүү сунушталат. Табитиӊизге жараша бал кошуп ичсеӊиз да болот.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Prelestina
2015-08-03 14:00:29
бойрок шамалдаганга кайсы чоптор жакшы?
0
Asyl.jazi
2015-08-03 21:27:09
Prelestina,шповниктин момосун чай кылып ичсе жардам берет
0
gulnara2014
2015-08-08 16:22:28
Asyl.jazi,шповник деген кандай чоп.
Жооп жазып койчу сураныч. Чач тушконго кандай чоптор жакшы?
0
Apesh91
2015-08-08 18:17:41
gulnara2014, ит мурун кыргызчасы кызыл кызыл болуп момо алат ал чоп эмес
0
Tak
2015-08-09 14:11:53
Ит мурут
0
Baichechek
2015-08-05 17:10:55
Бору карагаттын орусчасы кандай мен тушунбойтам бору карагат кандай болот?
0
http
2015-08-05 17:46:53
Baichechek, барбарис тоодо осот, сонун да эээй жалбырагын тузга тийгизип жесен )))
0
Baichechek
2015-08-05 19:21:27
http,барбаристи суротунон коргом
0
Ledi89
2015-08-07 08:43:06
Сонун кенештерге рахмат .
0
princ
2015-08-08 12:47:39
Жакшы кенеш экен
0
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан