ЖАЙДЫН БАШКЫ МУЗЫКАЛЫК ОКУЯСЫ – BEELINE LIVE ENERGY FEST!

Мурдатан салт болуп калгандай, телекоммуникация рыногунун лидери Beeline жана «PROMZONA» клубу борбор калаада Beeline Live Energy Fest музыкалык фестивалын уюштурушту. Башкы конок – «PRODIGY» тобунун экс-катышуучусу, дүйнөгө таанымал Leeroy Thornhill болду.

Быйыл «PROMZONA» клубунун ачык аянтчасында 15 миӊге жакын адам электрондук ыргакта көӊүл ачышты. Чогулгандарды Кыргызстандын мыкты ди-джейлери DJ Izvrat жана DJ Rolan, ошондой эле орусиялык ТОП Progressive House ди-джей – DJ Alexey Sonar жандандырышты. Алексейдин кызуу тректерине бийлебей коюу мүмкүн эмес болду. Публика Орусиянын транс стилиндеги №1-ди-джейи Владимир Фонаревду абдан кызуу колдоду. Ал Beeline Live Energy Fest`ке экинчи жолу катышканына зор кубанычта экенин жашырган жок. Фестивалдын башкы адамы – дүйнөгө таанымал аткаруучу, «PRODIGY» тобунун экс-катышуучусу Leeroy Thornhill болду. Көрүүчүлөр анын легендарлуу топтун жалпыга сүймөнчүктүү обондорун өзгөчө интерпретациялоосунан зор ырахат алышты. Музыканттын автордук тректери дагы публикага абдан жакты. Оpen-air ажайып фейерверк менен аяктады.
«Биз жыл сайын атайын жаштар үчүн жаркын иш-чара өткөрүүгө аракет кылабыз. Менимче, Beeline Live Energy Fest – биздин ордо калаадагы жайдын башкы музыкалык окуясы деп эсептесек болот. Бул жылы дагы «Promzona» клубунун меймандары электрондук музыка драйвынын эпицентринде болуп, зор кубаттуу энергия жана позитивге ээ болушту. Бул кечте биз менен болгондорго ыраазычылык билдирем. Beeline`ды тандаганыӊыздар үчүн чоӊ рахмат. Биз көппүз жана биз менен үнөмдүү!»- деди Beeline`дын башкы директору Олег Клочко.
«Балтика» сыра кайнатуучу компаниясы жана Fresh Bar алкоголсуз суусундуктары фестивалдын расмий өнөктөштөрү болушту.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
messidinho
2015-08-04 04:54:24
Видеосу барбы?
0
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан