КЫРГЫЗСТАН КЕСКИН БУРУЛУШ ЖАСАП, ОӉОЛУУЧУ УЧУР КЕЛДИБИ?

26-ИЮЛДА ОШ ШААРЫНДА «ЫСЫК» БОЛДУ
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында «Ата Мекен» социалисттик партиясынын облустук конференциясына катышканы келгендердин маанайлары жарык жана кандайдыр бир жаӊылыкты, жакшы кабарды угууга камынган түрлөрү бар. Конференцияга миӊден ашык делегат, коноктор келип, театрдын залы элге шыкалып турду. Күндүн ысыгы, элдин көптүгү катышуучуларга тоскоолдук кылбай, сүйлөгөндөрдүн сөздөрү узакка созулган кол чабуулар менен коштолду.
«Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутаттарынан сырткары «Улуттар биримдиги» партиясынын төрага орун басары Бейшенбек Болотбеков, Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын төрагасы Артур Медетбеков, республикадагы үй куруучулардын өкүлү, Кыргызстан Үй куруучулар саясий партиясынын төрагасы, экс-депутат Бейшенбек Абдразаков, Орусиядагы мигранттардын ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн атынан Алишер Маданбеков, чыгармачыл интеллигенциянын атынан «Айтыш фильм» киностудиясынын жетекчиси Садык Шер-Нияз, журналист Шайырбек Абдрахмановдор катышып сөз сүйлөштү. Алар эмне себептен «Ата Мекенди» тандап алышкандыктарына токтолушуп, ал кыргыз өлкөсүндөгү эӊ алгачкылардан болуп негизделген партия экендигин, чейрек кылымдык тарыхында бай саясий тажрыйба топтоп, адилеттик үчүн өз учурунда башкаруу режимине каршы күрөшүп, 2005-2010-жылдары элдик көтөрүлүштү жетектөөнүн башында турганын айтышты. Ошондой эле бүгүн «Ата Мекен» партиясы Кыргызстандын алдында турган көйгөйлөрдү көрө билген, чечкенге жөндөмдүү, эл ишенген, саясий эрки, тажрыйбасы да жеткен реалдуу саясий күч экендигин белгилешти.

МЫКТЫ ИДЕОЛОГИЯ АДАМДАРДЫН ЖАШОО ТУРМУШУН ЖАКШЫРТАТ
2005-2010-жылдары Кыргызстан саясий укуктук туӊгуюкка эки ирет кептелди. Эки жолу теӊ президенттер элди оор кырдаалга жеткирип керт башын алып качып кетишкен. Өлкөдөгү саясий күчтөр, коомчулук «Ата Мекен» партиясынан өлкөнү кризистен алып чыгуу программасын суранышкан. Ошондо Текебаев өлкөнү кризистен алып чыгуунун планын сунуштап, аны өлкөдөгү саясий күчтөр жана эл аралык коомчулук колдогон. Бүгүн ал мезгил жөнүндө жайбаракат айтып жатабыз. Чындыгында, кырдаал абдан оор эле. Кыргызстанды Ливия, Сирия, Ирак, Украинадагыдай тирешүү, жарандык кагылышуу күтүп турган. Бүгүн дүйнөдө болуп жаткан окуяларды көрүп-билип, ошол коркунучтун реалдуу болгондугун баамдап, «Ата Мекен» партиясынын кылган ишинин маанисин, баркын билип отурабыз.
«Колдо бар алтындын баркы жок» демекчи, Кыргызстанда жүргөн реформаларга эл аралык коомчулук абдан чоӊ маани берет. Биз дагы Кыргызстандын жарандары аны сезип, адилет баа бере турган мезгил келди.
Конференциянын жүрүшүндө партия лидери коомдун өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жаткан саясий, экономикалык жана диний радикализм менен күрөшүү керектигин баса белгиледи.
«Саясий радикализм деп граждандар өз тагдырын чече албаган, өлкөдө мамлекеттик бийликти бир ууч адамдар энчилеп алган системаны айтабыз. Ал – адилеттүү соттун жоктугу, укук коргоо органдарынын зордук-зомбулугу, социалдык-экономикалык абалдын начардыгы. Бул келечектен үмүт жоктугун пайда кылат. Мындай кырдаалда саясий радикализм жарандарды башка жол издөөгө, тагыраак айтканда, диний радикалимзге түртөт. Экинчиси – бул рынок радикализми. Бул «пулуӊ болсо, кулуӊмун» деген идеология. «Ата Мекен» партиясы рыноктук экономиканы колдойт, бирок рыноктук коомго каршыбыз. Экономикада алып сатса болот, бирок коомдо сатууга мүмкүн болбогон баалуулуктар дүйнөсү бар. Бүгүнкү ультра радикалдык рыноктук идеология адамдардын эмгегин эксплуатациялаганга түртүп, коомдо адилетсиздикти пайда кылат жана адамдардын келечекке болгон үмүтүн үзөт. Бул кырдаал дагы нааразы болгон элди альтернатива издегенге мажбур кылат. Андай альтернатива бүгүн биздин региондо бирөө гана – бул радикалдык ислам. Ал эми радикалдык ислам кандай экендиги баарыбызга белгилүү. Биз Кыргызстанда, Орто Азия регионунда стабилдүүлүктү сактап калыш үчүн биринчи кезекте саясий радикализмге-авторитаризмге, экинчиси рыноктук радикализмге «пулуӊ болсо, кулуӊмун» деген идеологияга каршы күрөшүшүбүз керек. Адилеттүү саясий система түзгөндө гана ислам радикализми сыяктуу же куралданган терроризм сыяктуу коркунучтар бизди айланып өтөт. Бул Кыргызстанда жана Орто Азияда тынчтыкты сактап калуу, саясий стабилдүүлүктү камсыз кылуу – биздин партиянын негизги милдеттеринин бири»,- деди Өмүрбек Текебаев.
Андан ары Текебаев өлкөдөгү демократиянын өнүгүшүнө, көп партиялуулуктун коомдогу ордуна токтолуп сөзүн төмөндөгүдөй жыйынтыктады: «Кыргызстанда демократиялык система орногону менен, эски менталитетибизден, кылык-жоруктарыбыздан арыла элекпиз. Бүгүн саясий партиялар кимде бийлик көп болсо, ошонун этегине намаз окуп, куурчак партияларга айланып отурат. Биз түзгөн саясий система күчтүү, теӊ ата көз каранды эмес партиялар болгондо гана эффективдүү иштейт. Биз реалдуу көп партиялуулукту сактап калыш керек деп эсептейбиз. Ал үчүн чыныгы патриот, өз алдынча партиялар биригиши зарыл. Ошондуктан биз Мелис Мырзакматов жетектеген «Улуттар биримдиги» элдик партиясы менен кызматташканы жатабыз. Эгерде биз реалдуу атаандаштыкты камсыз кылбасак, анда кайра эле 2010-жылга чейинки авторитардык системага кайтып барып калабыз».

МАРТТЫК ЖАНА ЖИГИТЧИЛИК САЯСАТЧЫНЫН ЧЫНЫГЫ КАСИЕТИ
«Ата Мекен» менен «Улуттар биримдиги» партиясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин айланасындагы кеп Мелис Мырзакматовдун 7 жылга соттолушу менен күчөдү. Эсиӊиздерде болсо, былтыр февраль айында Ош мэриясынын алдында кылкылдап турган элдин алдында Төрөбаев менен Мелис Мырзакматов кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, элдин алдында убадасын беришкен. Бирок Төрөбаев бийликтен кысым болгондо өнөктөшүн таштап салды. Ошону унута элек эл Мелис соттолгондо «Текебаев дагы таштап кетип калабы?» деп кабатырланып, кызыгып күтүп турду. «Жок, биз сатпайбыз. «Ата Мекен» партиясы сатпай турган, коркпой турган партия. Муну партиянын 20 жылдык тарыхы көргөздү. Залда отурган 1000дей адам азыр кол чаап, эки партиянын келишимин мөөр басып бекиткендей болуп жатасыздар. Муну танып, унутуп калган оӊбойт. Мен бул окуяны эмне үчүн айтып жатам, эл тарыхтан жыйынтык чыгарыш керек. Эл саясатчынын убадасына эмес, турмуш-тиричиликтеги майда-барат маселелерди чечкендиги үчүн эмес, анын жигитчилик, марттык сапатына баа берет. Наамарт эч убакта лидер боло албайт, улуу иштерди жасаганга жөндөмү болбойт. Сиздердин кол чабууӊуздар биздин келишимибизди бекемдеген дем болду»,- деди Текебаев.
«Кыргызстанда «түшпөс хан» болбой турган система толук кирди. Ар бир 5 жылда парламент, ар бир 6 жылда президент алмашып турат. 1 жылдан кийин 2017-жылы президенттик шайлоолордун жылы болот. Жаӊы президент келет. Ошон үчүн бүгүн «бөрк ал десе, баш алган чиновниктерге эскертип койгум келет, ал убакыт да тез эле келет, туура эмес кылган ишиӊер үчүн абийир алдында, мыйзам алдында жооп берип каласыӊар»,- деп Текебаев «Улуттар биримдиги», «Ата Мекен» партиясынын кээ бир мүчөлөрүн куугунтуктап, коркутуп, тоскоол болгон чиновниктерге эскертүү жасады.

Кудайберген Жумабаев.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Polat
2015-08-03 09:52:57
Ажобуз деле Текебаевдин күчтүү экенин сезип, эки колдоп саламдашкан экен. Нарымбаев коррупцияга шектелип камака алынып, Ч.Турсунбековдун башына карангы түн түшүп турган учурда, Ажобуз Ата Мекенди жамандабастан тескерисинче Текебаев менен биригип, Текебаевге жабышып, эээптеп 2017-жылы мандатын өткөрүп, экс Президент деген наамды алып кетип калганга не жетсин?......
0
Duko
2015-08-03 12:06:50
Атамбаев бийликке кызыгып 20 жылдан бери чогуу жургон узонгулош Текебаевди жамандап "баягы" арзыматтар Карыпбеков Ч.Турсунбеков Карашев Сарпашевдердин кошоматына магдырап калды булар буга чейин Акаев Бакиевди саткандай эле сизди сатышат Атамбаев мырза баягы эле Текебаев колдойт сизди башынызга иш тушсо
0
Almake
2015-08-03 12:08:33
эми чынында Мелис учун Ата-Мекенге беребизда добушту .Текебаев айтканы жакты биз кыйын кезинде таштап кетпейбиз Мелисти деп кээбир саясатчыларга окшоп 40мин адам площадка чыкканда келишим тузуп анан кайра келишимин бузуп Мелис куугунтукка алынганда деп Торобаевтын Онугуу партиясына ачык эле айтып койду.бирок туура эле айтканы .анан да биз канчандардын эмес качыргандардын партиясыбыз дегени жакты.
0
sumash
2015-08-03 12:19:26
Мелисди колдосок значит Атамекенге добушбузду берет экенбизда
0
hello.kg
2015-08-05 10:17:32
Торобаев деген жанагы онугуу партиясынын лидериби.ошол мелисти таштап кеткенби.озумчо теледен тушпой эле рекламалап атса жакшы иштеп атат деп ойлопмун.олуп кетсемда добуш бербеймго
+1
sportik
2015-08-09 20:23:22
hello.kg,Саламатсызбы коз менен коруп ишениниз жон эле ушактарга ишене бербей. Бакыт байке коп адамдарга жардам берип Кыргыздын келечегин ойлогон адам...
0
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан