Азиза, ырчы: «АПАМ ЫРДАШЫМА КАРШЫ БОЛУП ЧЫБЫК МЕНЕН САБАГАН»

«Кайдасыӊ?», «Мен сенден сүйүү күтөм» деп сыздаган Азиза азыр «тагдырдан тапканым сен, жүрөккө жакканым сен» деп ырдап калган. Айтайын дегеним, ырчы үй-бүлө куруп, эки кыздын апасы болуу менен бирге, күйөрмандарына да жагымдуу ырларын тартуулап келет. Бүгүн эски достор Роза, Айнура, Азизадан куралган үч курбунун бирөөсү Азиза бизде мейманда.

– Азиза, «үйдө отурган аял эӊ күчтүү аял» дешет. Күчтүү айымдардын катарын толуктайын деп жаткансыӊ го?
– Удаа төрөп, балдар менен үйдө отуруп калдым. Кыздарымдын тамагын берип, үй жыйнап, кир жууп, айтор, кантип кеч кирип кеткенин деле билбей калам. Өзүм көп балалуу болсом деп кыялданчу элем, бирок кыздарыбызды чоӊойтуп алгандан кийин калганын пландайлы деп калдык. Башкаларды туурап мен деле бала багуучу алгам. Тилекке каршы, оюмдагыдай карабагандыктан өзүм багууну чечтим.
– Демек, кыздарыӊдын кылык-жоругуна кубанып отурган кезиӊ экен да?
– Айтпа, улуу кызым Асел үч жарым жашта, интернеттен өзүнө жаккан музыканы таап алып бийлейт. Биз мектепте окуп жүргөндө компьютерди кантип күйгүзөбүз, эмнени басабыз деп ойлонгучакты сабак бүтүп калчу. Азыркы замандын балдарына таӊ калам, бир жарым жаштан баштап интернеттен табитине жараша музыка, өзүнө жаккан мультфильмдерди таап көрөт. Мультфильм көрүп отуруп эле тили орусча чыкты. Эртеден кечке карап отурсам да, кечинде атасы келгенде мени чанып кетишет. Кыз бала атасына жакын болот экен, атасы да кыздарын жакшы көрөт.
– Кызыӊ ырчы болом десе каршы болбойсуӊбу?
– Чындап таланты болуп ырдайм десе, колумдан келишинче шарт түзүп берем. Убагында менин ырдашыма ата-энем каршы болуп, көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү колдон кетиргем. Тереӊирээк музыкалык билим албай калгам.
– Ата-энеӊ каршы болсо, кантип чыгармачылыкка келип калдыӊ эле?
– Кичинемде ырчы болом деп ойлогон эмесмин. Врач же эсепчи болом дечүмүн. Себеби ата-энем мээме ушинтип куюп коюшкан. Мектепти аяктаар жылы курбу кызым «Токтогул районунда «Миӊ кыял» кыздар ансамбли ачылып, кыздарды алып жатышыптыр, барып келбейлиби» деп калды. «Макул, шерик болуп барып келейин» деп барып, 150 кыздын арасынан мен өтүп кеткем. Топ менен Токтогул районун кыдырып концерт берген сайын ата-энемден тил укчумун. Апамдын көк чыбыкты сындырып алып сабаган күндөрү да болгон. Мектепти бүтүп Ошко окууга тапшырдым. Ырдап көнүп калыптырмын, жүрөгүмө ыр гана жакын болуп туруп алды. 2-курста ата-энеме айтпай, сабагымды таштап Бишкекке келе бергем.
– Ошол кезде ырчы Мухтар Атаналиев менен ырдап чыктыӊ да, ээ?
– Сыймык Бейшекеевге барып «мен ырдайт элем» десем, ырдатып көрүп «жакшы өӊ-келбетиӊ бар экен, бирок мен Нуриса Абазова менен келишим түзүп алгам. Келишимибиз бүткөндө алам» деп койду. Андан көп өтпөй эле телефон чалып «Мухтар Атаналиев өзүнчө топ түзүп жатат, кел» деп калды. Ошентип эстрадага аралашканыма быйыл 15 жыл болду. Анда да апам «Артист деген аттын өзү жаман. Биздин уруктан ырчы чыккан эмес, 2 жыл окуп, сабагын таштап кетүү эмне деген шумдук?! Окууӊду жакшы аяктап, андан көрө турмушка чык!» деп ыйлаган боюнча кала берди. Мен да көк бетмин да, «жок, мен ырдашым керек» деп туруп алдым. Жаман эмес, азыр эч өкүнбөйм. Кайрадан жаралсам, ушул эле жолду тандамакмын. Себеби ырчылыктын артынан тааныш, дос күттүм. Ырдап жүрүп жолдошумду таптым.
– Ырчылык кесибиӊби же хоббиӊби?
– Кесибим эсепчи, ырчылык хоббим десем да туура эмес. Ыр – жан дүйнөмдүн азыгы, ырдамайынча тура албайм. Ырдабай калганда кадимкидей ооруп калам, куса болом. Ырдаганда маанайым ачыла түшөт окшойт, жолдошум жумуштан келип «Эмне, бүгүн концертке катыштыӊбы? Маанайыӊ көтөрүлүп калыптыр» деп билип коёт. Тойдо деле ырдайм, элге окшоп ставкам баланча дебейм. Себеби андай деле жылдыз эмесмин. Тойдо ырдоо уят же кылмыш болбосо керек. Бирок жолдошум тойлордо ырдаганыма каршы.
– Сахна үчүн кандай курмандыкка бардыӊ эле?
– Сахна үчүн курмандыгым – кеч турмушка чыкканым. Күйөөгө чыккычакты үйдө бул эӊ глобалдуу маселе болчу. Үйдөгүлөр күйөө таап, «баланчанын баласы экен, жакшы жерде иштейт экен, сүйлөшүп көрсөӊ» деп жанымды коюшпайт. «Апа, койгулачы, мен өзүм табам» десем деле болбой күйөө таба беришчү.
– Азиза окуучу кезинде кандай кыз эле? Жигит жандоого убакыт тапчу белеӊ?
– Мектепте жакшы окуганым менен тентек болчумун, азыр кызым да мени тартып аябай бейбаш. Атам «кызыӊ сенин кичине кезиӊдеги эле көчүрмөӊ, сен да дал ушул кызыӊдай тентек болчусуӊ» деп калат. Тентектигимдин айынан кулагым жырылып, колум тытылып, алчанын арасына кыпчылып эле жүрчүмүн. Ушул мүнөзүмдөн улам бир да бала менен сүйлөшкөн жокмун. Анын үстүнө ата-энем катуу кармачу, «сен бейбаш сууга чөгүп кетесиӊ, тоодон учуп кетесиӊ» деп классташтарым менен эс алууга да жиберчү эмес. Кийин ырчы болуп атым чыгып калганда деле гүл, белегин көтөрүп келип сүйүүсүн арнаган жигиттер болду. Мен болсо турмушка чыга турган жигит менен сүйлөшөм деп ак боз ат минген ханзааданы күтүп жүрө берчүмүн.
– Анан сен кыялданган ак боз ат минген ханзаадага турмушка чыгарда ата-энеӊ кандай кабыл алышты?
– Жашырганда эмне, мен жолдошумдун экинчи турмушумун. Башында ата-энем каршы болушту. «Апа, мен бактылуу жашасам болду да» деп көндүрдүм. Анан «ыйлабай, урушуп-талашпай жакшы жашасаӊ эле болду» деп батасын беришти.
– Тегерегиӊдегилер «Азиза аябай «капризная» деп калышат...
– Андайым бар, бирөө сатып берген кийим кымбат болсо да, мага жакпаса кийе албайм. Мен бирдеме сатып аларда үйдөн элестетип, көз алдымдан өткөрүп чыгам. Анан ошону издеп дүкөндөрдү кыдырам, кээде таппай калсам жинденем. «Чоӊ шаарда эртеден кечке кантип сага бир көйнөк табылбайт?» деп жолдошум урушат. Ал эми салонго барарда да чач жасалгамды, макияжымды элестетип барып мастерлерге түшүндүрөм. Жасаткандан кийин жакпай калса, кечигип жатканыма карабай үйгө барып жууп салып, кайра өзүм боёнуп чыгам. Гүл тандаганда да ошондоймун, бир жакка гүл алып барыш керек болсо, өзүмө жаккан гана гүлдү алышым керек. Өткөндө Айнура төрөгөндө Роза экөөбүз төрөт үйүнө баратып гүл алалы деп дүкөнгө кирсек, гүлдестелердин бирөөсү да мага жакпайт. Роза «тандап, бирөөсүн ала берели» дейт, мен «жок, жакпай жатат» десем, «сага жакпаса тура берелиби?» деп болбой алып алды. Ал гүлдү караган сайын жиним келет десеӊ.
– Досторуӊ Роза Шакирова, Айнура Салахидинова үчөөӊ теӊ шайырсыӊар. Үчөөӊөр жолуккан жер күлкүгө бөлөнсө керек?
– Роза, Айнура үчөөбүздүн дос болгонубузга 10 жылга жакындап калды. Турмуш курганга чейин күйөөлөрүбүз тил табышпай калса кантебиз деп чочулачубуз. Бирок жолдошторубуз да жаш айырмачылыктарына карабай ага-инидей жакшы мамиледе. Үчөөбүз жолукканы үйдөн чыкканда эле «кайсы жерден тамактанабыз?» деп тамактанчу жер издейбиз. Чогулуп отурганда «арыктайбыз дебедик беле?» деп калабыз. Анан ары баскандан кийин «курсак ачты, баскыла, тамак ичеличи» деп кайра тамактанчу жай издейбиз. Эс алуучу жерлерге балдарыбызды алып барганда «балдарга эле тамак алып берели, ээ?» деп алар жешпесе кайра өзүбүз жеп алабыз. Анан «ушинтип жүрүп кантип арыктамак элек?» деп күлөбүз.
– Маегиӊе рахмат!

"Апам "артист деген аттын өзү жаман" деп каршы болгонуна карабай ырдап чыктым. Азыр, тескерисинче, сүйүнүп колдоп турат".

"Ушул арык кезиме кайткым келет".

"Үчөөбүздүн мүнөзүбүз үч башка, Роза шайыр, Айнура жоош, мен өжөрмүн".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Sayragul
2015-08-03 11:27:47
Учоосу уч башка муноздо болсо дагы Азиза, Роза, Айнура абдан ынтымактуу достордой байкалат. Учоонун бирге ырдаган ырлары ушунчалык уккулуктуу. Кыскасы абдан жакшынакай кыздар. Бактылуу болгула .
+1
kanat4ik
2015-08-03 11:39:02
Азиза эже арык болбосонуз деле супсулуусуз ишенип коюнуз! Мага убагында "кайдасын" анан да Фаркат менен ырдаган ыры аябай жакчу.
+3
Ajar.
2015-08-03 13:30:46
"Себеби ырчылыктын артынан тааныш, дос күттүм. Ырдап жүрүп жолдошумду таптым".
Көпчүлүк ырчылар ушинтип жооп беришет, кызык, башка кесипти аркалаган болсо, дос-тааныш, жолдош күтпөйбү,анда деле дос-тааныш, жолдош күтөт да.
+6
karona
2015-08-03 14:36:55
Акыркы кундору жакшы, жагымдуу чыгармаларынарга кубо болуп жатабыз, азаматсынар!
+1
nur_2010
2015-08-03 14:38:52
суроолорго ачык шайыр жооп бериптир мага жакты.кийим жакпаган жерлери дагы бир эки характери мага окшош экен .ишинизге ийгилик!
0
suiuktuujar
2015-08-03 14:50:43
Ийгилик бактылуу болунуз.
+1
FSB
2015-08-03 15:28:35
1, 5 jashtagy balaga internetti kim koyuptur?! UJAS!!! Bala baguuchum bar bolchu dep maktanyp koet dagy.Menimche uyalysh kerek go.Torogon son kara da ozun.Aryktagyn kelse, balan multik korup jatkanda sport m.n. mashyksan bolot.
-3
perim.ai
2015-08-03 15:36:35
Мага биринчи ырдап чыккан Азизага караганда, азыркы Азиза жагат. Чыгармачылыгынызга Ийгилик! Достугунуздар бекем болсун.
+1
Талант
2015-08-03 22:41:38
Жашырганда эмне мен экинчи турмушумун дептир го бирок учунчусу экинчи аялын мен жакшы тааныйм Алтынай деген кызы да бар
+1
daniyar.
2015-08-03 23:14:53
Ооо Азизанын ырлары укмуш уккулуктуу супер
+1
Nur.88
2015-08-04 10:05:31
Учооно тен ийгилик,достугунар бекем болсун бактылуу болунуздар.
+1
ailam14
2015-08-04 14:49:40
2 аялы жолдошу мн менин байкем дос
+1
chicagogirl
2015-08-07 08:03:44
Sozsuz biroo ekoo jamandap kalysh kerek.... iyne jibine chein terishtirip iesiner da.... toboo...
Hot' jetinchi aialy bolsun glavnoe baktyluu jashasa i ozuno jaksa boldu da.
Aziza baktyluu bolunuz ui buloonuz menen. Sonun maek boluptur )))
+1
abdykadyrova
2015-08-08 01:46:15
Арыкташ керек дегенге сонун жооп бериптир. Азиза жагат! Коро албагандар туз жадап жата бергиле. Ийгилик!!!
0
Santta
2015-08-08 14:12:26
Роза Айнура Азиза эжелерибиздин талантына таазим этем азаматсыздар ушундай кыргыздын сыймыгы жылдызы аккуусу болуп журо бериниздер,достугунуздар эч очпосун алкыш мактоо айтам сиздерге,ийгилик каалайм ишинерге кудай колдосун силерди,мындан арыда 3.бун ырдаган ырларды кутобуз.Толька перед ----->демекчимин
0
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан