БАЗАРДАГЫ СҮТ ТАШТАНДЫДАГЫ БӨТӨЛКӨЛӨРГӨ КУЮЛАБЫ?

Мезгил үнү

“Акчаң болсо базардан менден башкасынын баарын сатып аласың” деген сөздү уксаңыз керек. Балким, бул сөздү өзүңүз деле колдонот чыгарсыз. Ошонун сыңары издегениңдин баары табылчу Бишкектеги “Ош базарына” барып, балдардын да, чоңдордун да сүйүктүү азыгы болгон сүт колдо кандайча сатыларына байкоо жүргүздүк.

КАРДАР ЭМНЕЛЕРДИ ТАЛАП КЫЛЫШЫ КЕРЕК?
Сүт сатып алардан мурун кардар сатуучудан бир эмес, бир нече документ көрсөтүүнү талап кылышы керек. Өзүңүз билгендей, сүттөн бир нече оору түрлөрүн жуктуруп алышыңыз мүмкүн. Биринчиден, сатуучуда уйдун ветеринардык көзөмөлдө турары туурасындагы аныктама, экинчиден, сүт санитардык эксперттердин текшерүүсүнөн өттү деген кагаз болууга тийиш. Сатуучуда мына ушуларды тастыктаган документтер болгондон кийин гана сүт сатып алып, бейкапар ичсеңиз болот.

“СҮТ АЛГЫЛА, СҮТ!”
“Ош базарында” сүт азыктарынан жасалган тамак-ашты сатуучу атайын жай бар. Бирок ал жерде гана эмес, ар кайсы бурчта желим бөтөлкөлөрүнө сүт куюп алып саткандар бар. Биздин максат мына ошолордун катарына кошулуп сүт сатуу менен бирге бир нече суроолорго жооп алуу эле. Сатуучуну ал жерден кубалашабы же орун үчүн акча төлөнөбү? Желим бөтөлкөлөр кайдан алынат? Санитардык көзөмөл жүргүзүлөбү? Кардарлар сүттү текшерип туруп анан сатып алышабы? Жогорудагы суроолорго жооп издөөгө жаш актёрлор Сейтек уулу Жансейит менен Айжигитов Таалайбек жардамга келишти. Башкача айтканда, эки жигит колдоруна экиден төрт бөтөлкө суу кошулган сүттү көтөрүп алып ары-бери өткөндөргө “сүт алгыла, сүт!” деп кыйкырып жатышты.

ДААМДАП КӨРҮП ЭЛЕ...
Биздин биринчи кардарыбыз болгон жигит желим бөтөлкөнүн оозун ачып капкагына сүттөн куйду да жутуп жиберди. Бул жигит дайыма сүт алат окшойт. Дароо сатуучуга жини келип, “уялбайсыңбы, карандай эле суу турбайбы!? Суусун эмес, сүтүн көбүрөөк кылсаң боло?!” деп уруша кетти. Андан кийинки эжелер да дароо эле даамдап көрүп, “нак сүт эмес экен” деп албай коюшту. Арадан бир топ убакыт өттү. Бул арада бир нече кардар менен соодалаштык. Алардын бирөөсү да уйдун же сүттүн документин сурашкан жок.

МИЛИЦИЯ КЕЛАТАТ, КАЧКЫЛА!
Желим бөтөлкөдөгү сүттөрүн сатып жаткан эжелер милиция кызматкерлери келатышса, баштыктарын көтөрүп алып ары карай тыпылдап басып кетип жатышты. Көрсө, көчөдө туруп алып сүт сатууга болбойт экен. Колдон саткандардын сүттөрү санитардык эксперттердин көзөмөлүнөн да өтпөөрүн билдик. Эксперттер атайын жайдагы гана сүт азыктарын текшерүүгө милдеттүү экен. Ал эми биз сыяктуу көчөдө тургандарды милиция кызматкерлери кубалаарын топтошкон “шапкечендердин” бирөө биздин актёрлорду кубалай баштаганынан байкадык. Кетимиш болгон биздин жигиттер “шапкечен байке” эл арасына сиңип кетери менен кайрадан өз ордуларына туруп калышты. Жарым саат өтүп-өтпөй кайрадан сатуучуларды кубалаганы келген орган кызматкерлерин сүт сатып жаткан аялдар көрбөй калышты. Бирөөсү келип сатуучу эжени чырылдатып бир баштыгын жулуп кетти. Баштыгын мыкчый кармаган эже милиция кызматкеринин артынан бир кыйла сүйрөлүп барды. Ала албасына көзү жетти окшойт, “ошону сатып байыгыла!” деп жашыган боюнча кыйкырып кала берди.

ЧЫН ЖҮРӨКТӨН БААРЫ БИР...
Документ сураганды кой, сүттүн өңү-түсүн да көрбөй туруп алып кеткендер да бар экен. Колубузда сүт деп жарма сатсаң да өңү көрүнбөгөндөй ак бөтөлкөлөр бар эле. “Эмне берсеңер да чын жүрөктөн баары бир” дешеби, ак бөтөлкөнүн ичин ачып көрбөй эле алган кардарларыбыз да болду. Бирок бул элдин сүт сатып алуудагы мамилесин байкоо эле деп кардарлардан кечирим сурап акчасын кайрып берип, сүттөрүбүздү алып жаттык.

ЖЕЛИМ БӨТӨЛКӨНҮН БИР ДААНАСЫ БИР СОМ
“Сүт саткандарга желим бөтөлкөлөрдү селсаяктар чогултуп келип берет” деген маалыматты көп эле жолу кулагыбыз чалганы бар. Анын үстүнө, селсаяктардын мүшөк-мүшөк кылып желим бөтөлкөлөрдү шаардык унааларга салып алып базарды көздөй баратканын далай көрөбүз. Алар ар кайсы таштандыны тинтип чогултуп, анан базардагы сүт, суу май саткандарга өткөрүп жаткандарын деле көргөнбүз. Ошондон улам селсаяктар качан бөтөлкө көтөрүп келишет деп күтсөк, бирөө да келген жок. Бул боюнча сүт саткандардан сурасам, “селсаяктардан кээде эле алабыз” деп шыпшынышты. Сүт куюлган бөтөлкөлөрдүн киринен эле чала-була жуулганы, таштандыдан алынганы билинип турду. Мына ушундай көрүнүштөрдөн анан кантип оорулуулардын саны азайсын?!
Саат 10дон 14.00гө чейинки “Ош базарындагы” сапарыбызда бизге санитардык эксперттер көз кырын да салып койгон жок. Көрсө, алар эртең менен эрте бир эле жолу текшерип кетишет экен.

“ӨЗ УЮМДУН СҮТҮН САТА АЛБАЙМ”
15 жылдан бери милиция кызматкерлери кубаласа качымыш болуп, алардын карааны көрүнбөй калса кайра ордуна туруп сүт сатып жүргөн Сайкал эже менен маектештик.
– Борбордун четиндеги айылдардын биринен келип, 20-30 литр сүт сатып кичине акча-тыйын таап кетем.
– Сүт сатууга укугуңуз бар экенин тастыктаган документтериңиз барбы?
– Жарым жылда бир уйларыбызды мал доктурга көрсөтөбүз. Өзүмдүн медициналык китепчем бар. Ага карабай, милиция кызматкерлери бир жагынан, санитардык эксперт деген немелер экинчи жагынан “атайын сүт азыктарын сатуучу жайга тургула” деп кубалайт. Ал жерге туралы десек, орун үчүн көп акча төлөнөт. Ал жердегилердин баары сүттү айылдыктардан арзан алышат да, үстүнө кошуп кайра сатышат. Мен болсо өзүм баккан уйдун 20 литр сүтүн куугунтуксуз сатып акча таба албайм.

“КАРДАР СЕРТИФИКАТ СУРООГО ТИЙИШ”
Санитардык эксперттер иштеген жайга кайрылганыбызда ветеринардык врач АЙГҮЛ СЕЙДАКМАТОВА төмөндөгүлөрдү айтып берди.
– Күнүгө эртең менен сүт азыктарын саткан жайга барып ар бир идиштен бруцеллёз оорусун аныктоо үчүн кичинеден сүт алынат. Текшерүүдө оору чыкса, сатууга уруксат берилбейт. Таза болсо сапаттуу экендиги туурасындагы сертификат берилет. Ал эми базардын ар кайсы бурчунда саткандардыкын текшербейбиз. Аларга сатпагыла деп 2-3 жолу эскертүү беребиз. Болбосо милиция кызматкерлери сүттөрүн алып келип бизге беришет. Ээси алып кетем десе кайра сатпаш үчүн тамак-аш боёгун кошуп салабыз. Алып кетпесе раковинага төгүп салууга аргасыз болобуз.
– Көчөдө саткандардын уюнун аныктамасы жана сатуучулардын медициналык китепчеси бар экен го...
– Биз кайдан билебиз, уюн мындан 3-4 ай мурун текшерткендир, туурабы? Атайын сүт сатуучу жайга турса, анда биз күнүгө текшермекпиз. Ким билет, балким, алардын сүтүнө чычкан түшүп кеткендир.
Андан да оорулар пайда болушу мүмкүн. Негизи, сүт алган ар бир адам сатуучудан сертификатын суроого тийиш.
– Эртең менен эле бирөөнүн бир канча литр сүтүн алып кетиптирсиздер. Ал 500 сом берип, анан араң алыптыр деп уктум...
– Базарда соода кылгандардын баары эле бизди ушинтип жаманатты кыла беришет. Андай болсо сатышпасын да.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Robingud
2010-01-12 17:45:31
"Wamal bolboso daraktyn bawy kyimyldabayt","Ot bolboso kaydan tutun 4ykmak".Balkim,4yndap ele ak4a tolop kayra kaytarip alip jatiwkandir.Kagilayindar myndai amselege kaydiger bolboy,jakwy kaargila.alardi tekweruu mildeti bolgon son tekweriw kerek.ar kim ozunun mildetin jakwy jasaganda gana bul olko onugot."Ko4o wypyrgy4 bolson da,taza wypyr"!!!
0
№ 375, 8-14-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан