БИР БҮРКҮМ

  • Быйыл Кыргызстандын 5 тасмасы дүйнөдөгү эӊ ири «А» тобундагы 5 фестивалга катышып, КЫРГЫЗ КИНОСУНДА рекорд жаратышты.
  • «ТААЛАЙ ЭЛЕСИ» тобунун курамы жаӊыланып, сентябрь айынын башында борбордо концерт бермекчи.
  • «Ташчайнар» атыккан НУРЛАН АЛИШЕРОВ сентябрь айында Румынияда өтүүчү таланттар сынагына катышат.
  • Быйыл Австралияда өтө турган «Дүйнө сулуусу-2015» сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан ТАТТЫБҮБҮ САМИДИН КЫЗЫ катышат.
  • АСЕЛ КАСЫМОВА «Жаным» деген жаӊы ыр жаздырды.
  • РОЗА ШАКИРОВА Ысык-Көл облусунда гастролдоп жүрөт.
  • АЗИЗА, АЙНУРА САЛАХИДИНОВА, РОЗА ШАКИРОВА «Сен» деген ырына клип тарттырышууда.
  • «Голосящий КиВин-2015» музыкалык фестивалында жеӊишке жеткен «АЗИЯ МИКС» командасы Орусиянын шаарларында гастролдоп жүрүшөт.
  • «ТУМАР» бий тобунун мүчөлөрү Стамбулда өткөн «Сиз Түркиянын талантысыз» шоусунун финалында өнөрүн көрсөтүшүп, жеңишке жете алышкан жок.
  • АЛИХАН «Сен үчүн» деген жаӊы ыр жаздырып, клип тартуу алдында турат.
  • ЖЕӊИШБЕК АЙТИЕВ күзүндө уул той, үй той берем деп даярдык көрүүдө.
  • АСКАТ СУЛАЙМАНОВ режиссёр Андрей Ершовдун «Шайлоо жайлоо» тасмасына тартылды.
  • АЙАР ырчы АЙГҮЛ ЧАЛОВА менен «Жаз» деген ырды дуэт ырдайт.
  • МЕРГЕН ТУРГАН 25-июль күнү 47 жашка чыгып, жакын санаалаштарынын курчоосунда өздүк майрамын белгиледи.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан