КЫРГЫЗ ЭЛИ КЫРААН АКТЁРУНАН АЙРЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театр жана киноактёру Мукамбет Токтобаевди 30-июль күнү автоунаа сүзүп, 68 жаш курагында көз жумду. Кырсык Бишкектеги Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кырсык болору менен «Тез жардам» кызматы чакырылып, тилекке каршы, аны ооруканага алып бара жатканда жолдо жан берген. Суук кабарды актёрдун кесиптештери тастыкташты.
Таланттуу актёр Мукамбет Токтобаев өмүрүнүн акыркы жылдарында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп жаткан. Ал 1947-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында туулган.
1967-жылы А.В. Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык искусство институтун бүтүргөн. 1972-1976-жылдары Ош облустук драма театрында, 1976-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик академиялык театрда, 1990-жылы «Туӊгуч» театрында иштеп кеткен. Актёр «Фудзиямадагы кадыр түн», «Айыл өкмөтү», «Боз салкын», «Бабалардын керээзи», «Чиркин өмүр», «Белгисиз маршрут», «Аят «, «Аят-2», «Президент жана бомж» сыяктуу бир катар тасмаларда роль жараткан. 2013-жылы «Супер-Инфо» гезитине берген маегинде: «Театрдан арманым жок. А бирок тасма жаатында ачкамын, толугу менен мага арналган тасма тартылып, ошол фильмде башкы ролду ойносом деген кыялым бар»,- деп айткан эле.
Актёрдун жакындарына, үй-бүлөсүнө, кесиптештерине тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу болсун!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
jypar.i
2015-08-03 20:27:50
Чыныгы талант жөнөкөй болот экен да. Театр, Кинолордо сонун ролдорду жаратканын көрүп жүрчүмүн, бирок,көптөгөн сонун ырлардын обонун жаратканын эми билип атпаймбы "Кыргыз Радиосунан" угуп.Асылбек Өзүбеков ырдаптыр дээрлик ырларын, анан анын эле аты чыгып жүрүптүр. Муке,жаткан жериңиз жайлуу бодсун!
0
marmara
2015-08-03 20:33:42
жаткан жери жайлуу болсун.мин арман кылсак да кайтып келбейт эми,ар кимге эле ушундай жаш,талант,атактуулук берсин Аллахым!жакындарына терен кайгыруу менен конул айтуудан башка аргабыз жок!
0
fara2503
2015-08-04 00:12:25
Жаткан жери жайлу болсун,Аллахым куноолорун кечирип бейиштен орун берсин.
0
janka.jan
2015-08-04 02:34:44
Эмне деген шумдук... бир жагынан Омар бир жагынан мыкты актёр. Жайы жаннатта болсуун.
0
kamuke_72
2015-08-04 04:42:26
Аттин аябай жактырган актер байке эле.ыйманы саламат!арты кайрылуу болсун!беиштен орун алгандардан болсун!билип,билбей кетирген куноолорун жараткан озу кечирсин!
0
mela
2015-08-04 08:31:11
Сузуп кеткен жигит да актер экен....((((
-1
Diana2013
2015-08-04 11:54:24
Машина Уруп кетти дейт кимде куноо экен шофердову же мукамбет токтобевдеви
0
aydarken
2015-08-05 07:41:15
Уруп кеткен айдоочу жонундо да маалымат берип койосуздарбы? эмне болгонун.
0
Apyyke
2015-08-05 10:43:42
Жайы жаннаттан болсун!
0
senchi
2015-08-05 10:53:56
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
Omush94
2015-08-05 11:10:42
Омур бизден отуп кетсе, эл эмгектен эскерсин деп айтылгандай таланттынызга таазим этип эч качан унутпайбыз. Жактан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун.
0
Tattybubu93
2015-08-05 12:38:55
Jatkan jeri jailuu bolson. Allahym kunolorun kechirsin
0
topchievMaKsAtBeK
2015-08-05 17:19:11
Жаткан жери жайлуу болсун
0
Samandar
2015-08-06 16:58:32
Кайран кыгыздын алп чыгааны кайыр кош сонун адам эле жакшы адамдар неге аз жашайт журогум сыздап турат кош аваке
0
elif
2015-08-08 05:51:09
Kosh kiraanim! Jatkan jerin jayluu bolsun!
0
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан