Сүйлөсө тилинен чаң чыккан экс-ди-джей, журналист Тынчтыкбек Кожобеков да 25-июль күнү уулдуу болду. Сүйүнүчүндө чек жок Тынчтык жагымдуу кабары тууралуу: «Бул менин үчүнчү уулум, андан улуу Байэл жана Санжар деген уулдарым бар. Жаӊы төрөлгөн балама Нуртай деген ысым ыйгардык. Кудайга миӊ мертебе шүгүр, алты саны аман, ден соолугу чыӊ төрөлдү»,- деп билдирди. Ал эми 28-июль күнү кыздуу болгон төкмө акын Азамат Болгонбаев:«Балалуу болгондун өзү сүйүнүч. Биринчи баламда кандай сүйүнсөм, мунусунда да ошондой эле кубанып жатам. Келинчегимдин жана кызыбыздын ден соолугу жакшы»,- деп сүйүнчүлөдү. Бешик бооӊор бек болсун!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Meer
2015-08-03 13:05:46
Бешик боонор бек болсун! Кыргыздын келечегине жараган балдардан болушсун.
+1
mirana9395
2015-08-03 14:46:17
Бешик боонуздар бек болсун ыймандуу болуп чонойо беришсин,бизге да Аллахым ушуедай наристелерден насип эткен болсун ИншаАллах
0
suiuktuujar
2015-08-03 14:51:16
Бешик боонуздар бек болсун.
0
Nur.88
2015-08-03 19:09:06
Акыл эстуу ата энесине куйумдуу жаштардан болсун.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.