23-июль күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти Актан Исабаев уулдуу болду. Бул тууралуу ырчынын апасы, атактуу комузчу, Кыргыз Эл артисти Самара Токтакунова: «Июль айынын соӊунда биздин үй-бүлөдө кош майрам болуп, кубанычым коюнума батпай жүрөм. 23-июль күнү уулум Актан уулдуу болду. Эки кыздан кийин уулдуу болуп, азыр андан өткөн бактылуу адам жок болуп жатат. Ал эми 25-июль күнү улуу неберем, Актандын баласы Эмир Америкада кыздуу болуп, кубанычтуу жаӊылыгын телефондон айтты. Небереме Алаяр, чөбөрөмө Умай деген ысым ыйгардык. Бир убакта неберелүү да, чөбөрөлүү да болгон баа жеткис бакыт экен. Баланын жыты башкача эмеспи, үйдүн аурасын дароо өзгөрттү. Азыр мага неберемдин жытынан өткөн жыттуу нерсе жоктой туюлуп жатат. Ал жытка бир да француз парфюму теӊ келбейт»,- дейт.