АКШнын Мамлекеттик департаменти Июнь окуясында этностор аралык каршылыкты козуткан, киши өлтүргөн деп күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго «Адам укуктарын коргоочу» деген сыйлык берди. Кыргызстан мындай аракетти өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү, улуттар аралык тирешти козутуу катары баалап, 1993-жылы АКШ менен түзүлгөн көмөктөшүүнү жеӊилдетүү боюнча келишимден бир тараптуу чыгуу боюнча токтом чыгарды. АКШ менен Кыргызстандын ортосуна чок салган Азимжан Аскаров деги ким эле?
СҮРӨТЧҮ КАНТИП УКУК КОРГООЧУГА АЙЛАНГАН?
Айрым маалыматтарга караганда, Азимжан Аскаров Базар-Коргон районунда 1951-жылы туулган. Кесиби сүрөтчү. Анын укук коргоо органдарынан запкы көргөн, кыйноого кабылган жарандар менен иш алып барганы айтылып келет. Бирок 2010-жылдагы Июнь окуяларына чейин Азимжан Аскаров аттуу укук коргоочу бар экенин көпчүлүк билчү эмес.
«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын focus.kg сайтына берген маегинде: «Мен Аскаровдун сотуна катышкан эмесмин. Ага карата чыккан соттун чечими туура же туура эмес болгон деп айта албайм. Менин бир гана так айта турганым, бул окуяларга чейин Азимжан Аскаров деген укук коргоочу бар экенин уккан эмесмин. Азыр болсо ал тууралуу «өлкөдөгү укук коргоочулардын баарынын башын бириктирди» дегенге чейин барышууда. Кимдердин башын бириктиргени кызык... Мен Динара Ошурахунова, Чолпон Жакупова, Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова сыяктуу укук коргоочулар бар экенин билем. Жеке мен андайды көргөн эмесмин»,- дегени бар.
АСКАРОВ КАЙСЫ КЫЛМЫШЫ ҮЧҮН АБАКТА ОТУРАТ?
Июнь окуяларында Ош-Бишкек жолунун Базар-Коргон районунун Кара-Үӊкүр көпүрөсү аркылуу өткөн бөлүгүн жүздөгөн адамдар тосуп алышканы жалпыбыздын эсибизде. Булардын арасында Азимжан Аскаров да болгон. Жаалданган элди тынчтандыруу үчүн райондук 16 милиция кызматкери аталган аймакка куралсыз барышкан. Күбөлөрдүн айтымында, ошол учурда эл арасынан Азимжан Аскаров баш бербөөгө, райондук ИИБинин жетекчисин барымтага алып, калган милиция кызматкерлерин өлтүрүп салууга чакырган. Көпчүлүктүн таландысында калган куралсыз милиция кызматкерлери туш тарапка качып, ал эми милициянын капитаны Мыктыбек Сулайманов аёосуз ур-токмокко кабылып каза тапкан. Андан соӊ Сулаймановдун жансыз денесин бир нече адамдар өрттөп салышкан.
Азимжан Аскаровдун улут аралык тирешти козуткандыгы, адамды барымтага алгандыгы жана киши өлтүрүүгө катышкандыгы далилденип, Базар-Коргон райондук соту, Жалал-Абад облустук соту жана Жогорку Сот аны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Ушундай эле айыптар тагылып Аскаров менен бирге дагы төрт адам өмүр бою эркинен ажыратылса, бир адам 20 жылга, дагы бири 11 жана бирөө 9 жылга камалган.
АСКАРОВ ТУУРАЛУУ АНГЕЛА МЕРКЕЛЬ ДА СӨЗ КЫЛГАН
Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова өӊдүү бир катар укук коргоочулар Азимжан Аскаровдун күнөөсүз экендигин айтып келишет. Эл аралык коргоо уюмдары да анын бир катар укуктары бузулуп, акыйкатсыз чечимдер чыкканын айтып, укук коргоочуну колдоп жатышканы жашыруун эмес. Ага Прагадагы «Зарыккан кишилер» («People in Need») уюму «Адам адамга» («Homo homini») сыйлыгын ыйгарган. Журналисттерди коргоо комитети эл аралык уюму «Басма сөздүн эркиндиги үчүн» сыйлыгын берген.
Абакта жаткан Азимжан Аскаровдун сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулуп, айтор, ар кандай уюмдардын аракети менен Аскаров боюнча маселе дүйнөлүк деӊгээлге чыгарылган. 2012-жылы Германиянын канцлери Ангела Меркель кыргыз мамлекетинин президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунда да Аскаров боюнча сөз козгогон. Кийин журналисттер менен жолугушууда Атамбаев «бардык укуктук маселелерди сот чечет» деген.
«АСКАРОВДУ БОШОТУШ КЕРЕК ДЕГЕНДЕ ЖҮРӨГҮМ КАНАЙТ»
Биз 2010-жылы 13-июнда Базар-Коргон районундагы Кара-Үӊкүр көпүрөсүн тосуп алган эл менен жолугууга барып, каза тапкан Мыктыбек Сулаймановдун аялы Чынара Бечелова менен байланыштык:
– 5 жылдан бери үй-бүлөбүз менен бул кайгыдан арыла албай келебиз. Жараатыбыз кайра-кайра тырмалып, жаӊыланып турат. Билесиздерби, күйөөмдүн сөөгүн алып келишкенде анын денесинде тамтык жок болчу. Ал аз келгенсип аны өрттөп салышкан. Эми түштөн кийин «ал эч нерсе кылган эмес, ак» деген адамдарды түшүнбөй турам.
Аскаров күнөөсүзмүн дейт. Бирок эмне үчүн 2013-жылга чейин уланган сотто аны ак деген, «ал көпүрөдө Аскаров жок болчу» деген бир дагы күбө келген жок? Укук коргоочулар ар кандай акцияларды уюштуруп, Аскаровдун укугу бузулуп жатканын айтып, аны бошотуш керек дегенде менин жүрөгүм канайт.
Чехиядан Аскаровго сыйлык беришкенде канча чырылдадым. Депутаттарга кирдим. Эч ким көӊүл бөлгөн эмес. Эмнеге мамлекет көӊүл бурбайт дегем. Эми АКШ сыйлык бергенде гана мамлекеттик деӊгээлдеги реакция болду.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg