Жылдыздарга жол көрсөткөн ТИМБАЛЭНД

Тимбалэнд дүйнөлүк шоу-бизнесте рэп ырчы эмес, продюсер катары таанымал. Кара терилүү атактуулардан Эйкон менен 50 Cent кылмыш чөйрөсүнөн кийин музыка дүйнөсүнө кадам таштаса, Тимбалэнд атак-даңкка музыкага болгон күчтүү сүйүүсүнөн улам жетишкен.

Толук аты-жөнү – Тимоти Мосли
Сахнадагы ысымы – Тимбалэнд
Туулган жылы – 1971-жыл, 10-март
Туулган жери – АКШ, Виргиния штаты, Норфолк шаары
Учурда – Продюсер, аранжировкачы, рэп ырчы, көптөгөн ырлардын автору
Жанры – R&B, хип-хоп, рэп, поп

АБРОЙЛУУ ТИММИ
“Болор бала богунан” демекчи, Тимбалэнд кичинесинен музыкага жакын болуп, бир уккан ырын тез илип алып, кыңылдап ырдап калчу. Ырлардын обонун өзгөртүп башка ыргакка салып коймой шыгы да бар эле. Мектепте болсо ди-джейлик менен алектенген. Майрамдарда же эс алуу күндөрүнө карата дискотека уюштуруп, окуучулар арасында DJ Тимми деген лакап атка ээ болуп, абройлуу балдардын катарын толуктаган. Окуучулук кезде Мисси Эллиотт аттуу коңшу кыз менен жакын достордон болуп, экөө сабактан кийин Тимотинин үйүнө келип ыр жазышып, ага обон жаратышчу. Кийинчерээк экөөнө Мелвин Барклифф аттуу жигит кошулат. Бириккен үчөө өздөрүнчө топ болуп сахнага чыгууну самашат. Бул максаттарын ишке ашыруу үчүн ээрчишип алып Нью-Йорк шаарын көздөй бет алышат.

ЭМНЕ ҮЧҮН ТИМБАЛЭНД?
Норфолк шаарынан келген үчилтикке белгилүү продюсер ДеВанте Свинг жардам берген. Көп өтпөй Мисси алардан бөлүнүп өзүнчө ырдап кетет. Ал эми Мелвин менен Тимоти дуэт ырдап чыгышат. Свинг "экөөңөргө лакап ат табуу керек" деген сунуш киргизип, Тимбалэнд & Магу дуэти деп атап коёт. Тимбалэнд деген ат ошол кездеги эң белгилүү кеданын үлгүсү эле.

ӨНӨКТӨШҮНӨН АЖЫРАГАНДА...
Тимбалэнд & Магу дуэти хип-хоп, рэп багытында ырдап башташат. Ырлардын сөзүн да, обонун да Тимбалэнд жазып, аранжировкасын да өзү жасачу. Кийинчерээк Тимбалэнд продюсерликке кызыгып, кошунасы Мисси Эллиоттко жардам бере баштайт. 1999-жылы Тимбалэнд продюсерлик кылган Миссинин алгачкы музыкалык альбому "Жылдын хит ырлар жыйнагы" деп табылган. Кийинчерээк Алия аттуу модель кыз менен иштешип, аны белгилүү R&B ырчы кылууга үлгүрөт. Алиянын “Миллионго бирөө” ("One In A Million") аттуу ыры 1996-жылы хитке айланып, элдин көңүл борборунда болгон. Тимбалэнддин капчыгына миллиондогон гонорарлар түшүп баштаганда чыгармачылыкта бир команда болуп иштеп жаткан өнөктөшүнөн ажырайт. Тактап айтканда, 2001-жылы Алия авиакырсыкка кабылып, дүйнө менен кош айтышат. Тимбалэнд мындай күтүлбөгөн жоготууну көтөрө албай чыгармачылыгын таштап коёт.

АТАКТУУЛАР КЫЗМАТЫНА ­МУКТАЖ
Тимбалэнд кыйналып жүргөн учурда белгилүү ырчы Жастин Тимберлейк продюсери болуп берүүнү өтүнгөн. Ал макулдугун берип экөө чогуу ишке киришкен. Жастин жазган ырларын купулуна толгондой ырдай баштаганда продюсердин музыкага болгон сүйүүсү кайрадан ойгонот.
2003-жылы экөөнүн “Жашыңды мени көздөй төк” (“Cry Me a River”) аттуу чыгармасы көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, Жастин эл арасында супер жылдыз деген атка конот. 2006-жылы Тимбалэнд командасына Нелли Фуртадону кошкон. 2007-жылы Тимбалэнд, Нелли Фуртадо жана Жастин Тимберлейк үчөө “Кел, көрсөтчү” (“Give It to Me”) аттуу ыр аткарышат. Ал мегапопулярдуу хитке айланып, “Грэмми” сыйлыгына татыган. Тимбалэнд Нелли менен Жастинден тышкары Jay-Z, “Пуссикэт Доллс” тобу, Уитни Хьюстон, Дидди, 50 Cent менен иштешип келет. Аталган атактуулардын баары Тимбалэнддин кызматына муктаж экенин жакшы билишет. Ал эми Тимбалэнд алардын жылдызын жандырып, жол көрсөтүүдөн тажабай келет.

ҮЛГҮЛҮҮ КОЖОЮН
Тимбалэнд жашоодо бир агым менен аккан адамдардан. Башка жылдыздарга окшоп чыр-чатакка аралашып же кайра-кайра аял алмаштыруу деген сапаттардан алыс. Ал 2008-жылдын жай айларында өзү көптөн бери жарандык никеде жашап келе жаткан журналист Моника Идлетт менен мыйзамдуу түрдө баш кошкон. Учурда үч жаштагы Рейн аттуу кыздын атасы. “Кызыбыздын тилинен бал тамып, таттуу сүйлөп жаткан убагы. Атабыз күнүгө жумуштан шашып, кызымды кучактайм деп сагынып келет”,- дейт сүйүктүү жубайы Моника. Ал эми жакындары аны карап "үлгүлүү күйөө, камкор атасың" деп суктанып келишет.

ТИМБАЛЭНД ТУУРАЛУУ

  • Өтө толуп кетпеши үчүн таттууларды аз жейт. Үйүндө машыгуу залы бар. Ар күнү эки маал машыгып, булчуңдарын чыңап турат.
  • АКШдагы эң бай рэппер, хип-хоп ырчы жана абройлуу беш продюсердин бири.
  • Тимбалэнддин жазган 1 ыры 300 000 доллар турат. Ал эки аптада 10 ыр жарата алат.
  • “Грэмми” сыйлыгынын 4 жолку ээси.


Шоу-бизнес жаңылыктары

БАСКОВ МЕНЕН ФЁДОРОВА БАШ КОШУШАТ
Акыркы кезде бири-биринен кол үзбөй калган ырчы Николай Басков менен модель Оксана Фёдорованын мамилеси үйлөнүү тою менен аяктаганы турат. Басков Оксананын туулган күнүндө 100 миң долларлык шакек салып колун сурады. Модель кыз сүйүнүч менен сунушун кабыл алып макулдугун берди. Экөөнүн тою Оксана немис күйөөсү Филипп менен толук ажырашкан соң болмокчу.

“ПУССИКЭТ ДОЛЛС” ТОБУ ЖАҢЫЛАНАТ
Пуссикэт Доллс” тобу таркайт имиш” деген маалымат четке кагылды. Бул тууралуу топтун негиздөөчүсү жана продюсери Робин Антин: “2010-жылы аталган топ таркабайт, жаңыланат”,- деген билдирүү берди. Ал эми ырчы Николь Шерзингер топтон кетпей, тескерисинче, топтогу кыздардын орду башка сулуу кыздар менен толукталат.

JAY-Z ЖУБАЙЫНЫН ФАМИЛИЯСЫНА ӨТӨТ
Рэп ырчы Jay-Z өзүнө жубайы Бейонстун Ноулз деген фамилиясын кошмой болду. Мындай чечимге келүүгө Бейонстун эркек бир тууганы жок экендиги себеп болгон. Jay-Z паспортун Шон Ноулз Картер деп өзгөртөт. Эми Jay-Z (чыныгы аты - Шон Картер) өзүнүн фамилиясына Ноулз дегенди кошсо, экөөнүн болочоктогу балдары да Ноулз фамилиясын алып жүрүшмөкчү.

БРЕЖНЕВА УУЛ ЭМЕС, КЫЗ ТӨРӨДҮ
Телеалпаруучу жана ырчы Вера Брежнева жакында көз жарган. ММКларга анын пресс-катчысы уул төрөдү деген маалымат берип койгон. Вера “мен уулдуу эмес, кыздуу болдум” деп билдирип, кызына Сара деген ысым койгондугун айтты. Ал эми пресс-катчы туура эмес маалымат таратканы үчүн тиешелүү жазасын аларын да билдирген. Эскерте кетсек, Брежневанын 8 жаштагы Соня аттуу кызы бар.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 375, 8-14-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан