Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Оуган амири Кабыл шаарынын сыртында, жасалгалуу сарайында Абдылла бекти кабыл алды. Өз тарабынан Абдылла бек да түркөйлүк кетирбей «баатыр оуган элине, анын акылман амирине» деп салам айтып, «баатыр оуган элинин сиздей акылман эгесине жылкы атпайдан күлүк ат тартуулап келдим... өз атымды, ээрин албай тартуулап келдим» деди. Кирди-чыкты көп сөздөн кийин ал оугандык катаган түрк уругунан тууган издөө сыйынтын сурады. Бул жардам суроо ошол оугандык катаган түрк уругунан аскер курашка укук алуу эле.
– Углум,- деди амир жумшак, абдан чарчапсыӊ, биртке тыныгып, мындан нары Меккага барып, каабага зыярат кылып келбейсиӊби? Бу бейбапа дүйнөнүн кажы-кужусу кайда качар?! Кайра келген соӊ сүй­лөш­пөй­бүзбү, углум?..
Ар качан башынан бактысы тайган хандар, амирлер, ханзаадалар иши оӊолбос чекке жеткенде бул дүйнөнүн кызыгын тарки дүйнө кылып таштап, бир Кудай жолун көздөп, Меккеге ке­түү салт. Ушул сөзү менен амир ар кандай жардам берүүдөн баш тартты.
Тырмышып келаткан эӊ акыркы үмүтү эле. Кабыл суусунун боюндагы кошунга барып жети күн бүк түшүп жатты. Сегизинчи күнү үшкүрүнө ордунан туруп, жанына эки жолдош камдап, мусапыр тонун кийип, алыскы Арапстан жолуна чыкты. Акбалбан баш болуп, бир тууганы Батырбек баш болуп, бүт жигити узатып жүрүп отурушту. Акыры айрыла турган жерге жетишти.
– Йе, Акбалбан, өз мекенимден ажы­рап, бирөөнүн Меккесинен эмне табам?!
– Кайталыбы?- деп жигиттер сү­йү­нүп кетишти.
– Силер кайткыла... Мен өлөм... Өлүшүм абзел го... Кайта албайм, кайтып барып, атамдан калган бийлигим бирөөнүн колунда турганын, энемден калган ызатым бирөөнүн алдында тепселип жатканын көрүп отура албайм... Жан каерден чыкса, дене ошерде калат, жазат ошол. Бир гана сурарым, туугандарым, кан кечишкен жоролорум... Жан чыккан соӊ көкүрөгүмдү жоо канжар менен жаргыла да, жүрөгүмдү алгыла... Сөөгүмдү жерге бергиле. Жүрөгүмдү аардуу ак кийизге ороп алып, ат тизгинин кайра тарткыла. Насип буюруп, жети кылым жети атабыз мекен кылган жерге жетсеӊер... гүл баскан дөӊгө чукур казып көмгүлө... жүрөгүм жат жерде калбасын...
Абдылла бек төртүнчү күнү таӊ эрте каза тапты.
Бир ай дегенде Акбалбан, Батырбек, дагы бир жигит Фаргана чегине өтүштү. Тоо таянып, кылбат жерге бир көк арчанын түбүнө Абдылла бектин жүрөгүн жашырышты. Кула аргымакты ээсинин арбагына атап чалып, башын бүкүлү кайнатып, этин шылып таштап куу сөөгүн көк арчанын ачасына кыстарышты. Ошондон кийин гана үчөбүнүн өз башы, өз камы, мындан нары кайда баруу кыжалаты эстерине түштү...

* * *

Бекназар көзүнөн нуру кеткен, иреӊи боз, бул дүйнөдө кылар иши тү­гөнгөн сыяктуу өзүнөн өзү мүӊ­кү­рө­гөн. Көӊүл тереӊинде аргымак ат, наркескен кылыч, эр кайраты менен коштошуп, оозуна келме алып, башына тери малакай кийип, белине жоолук курчанып, Теӊирберди менен Кулкишинин катарына кошулган.
Күнүгө коркунучтуу бир кабар эл арасына желдей тарайт. «Кара тил деген орус колбашы чыгыптыр дейт...», «Кара тил кыштак, айыл койбой өрттөп, кары-жашын карабай адам атпайды кырып келайткан имиш...» Күнүгө үрөй учат.
«Эл чогулат имиш, жыйын болот имиш» деген кеп угулду бир күнү. Ага удаа кабарчы келди: «Бекназар аке, эл чогулуп, топко келсин дешти...». «И, кошунга кеткен балдар кана дешеби?.. Же дагы бир керегим тийип калды?» Эки башка ой келип, бир тууганы Ыбырайымга ат токутуп минди да, кабарчыга кошулуп жөнөп кетти.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан