Темир Назаров – Канат Култаев
– Канат байке менен беш жылга келишим түзүп, ошонун негизинде иштеше баштаганыбызга бир жыл болду. Келишим боюнча менин чыгармачылыгыма байланышкан нерселерден тышкары "үч жылга чейин үйлөнбөйм" деген пунктка да кол койгом. Мен Канат байкеден башка продюсерге туш келгенимде ушундай деңгээлге жетет белем, жетпейт белем, ким билет? Ал бир жылдын ичинде мен үчүн көп иштерди жасады. Концертимдин эки жолу тең аншлаг менен өтүшү да Канат байкенин эмгеги. Менин жөн гана барып ырдап койгонум болбосо, концерт уюштуруунун түйшүгүн сезген жокмун.
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).