– Бул жашоодо жалгыз гана карманаар адамым кызым эле. Күйөөм экөөбүз кызым кичине кезинде эле ажырашып кеткенбиз. Өгөй ата жалгызымды уруп-согуп, көз карама кылып коёбу деген ой менен андан кийин турмуш курган жокмун. Ооба, балким, бул менин жаңылыштыгым да болушу мүмкүн. Бирок...
Атасыз балдар ушундай бейбаш болуп өсүп калышабы, айтор, чоңойгон сайын кызымдын мени укпай калганы көбөйдү. Курбулары менен түн катып жоголуп кетүүнү адат кылып алды. Ар бир добушту тыңшап үйдө жаткан мен шордууну ойлоп койбогон кызыма таңкалаар элем. Көрсө, ал учур менин көрө турган кууралымдын башталышы гана экен.
Кийинки кездерде Зарина өзүнчө эле намаз окуп, мечитке барып, кандайдыр бир мага түшүнүгү жок сөздөрдү сүйлөп, караманча өзгөрүп кеткенин байкадым. Телефондон да бирөөлөр менен сырдуу сүйлөшүп, мен келе жатканда трубканы коё калчу болду. Бул эмнеси? Бир күнү сөзгө тартсам, Афганистандан качып келген кандайдыр бир Фахит аттуу жигит менен сүйлөшүп жүргөнүн айтты. Шалдайып эле отуруп калдым.
– Зарина, биздин кыргыз жигиттер менен эле сүйлөшсөң болбойбу?- дедим.
Ал кайдыгер гана ийнин куушуруп коюп чыгып кетти. Жүрөгүм мыкчылып, отурган ордумдан тура албай кала бердим. Ошондон кийин мени таптакыр тоготпой калды. Кайдан-жайдан таап келди ким билсин, айтор, эби-сыны жок узун, кенен кийимдерди кийип баштады. Эси жок эселектин башын ким тез эле айландырып алганын биле албай жаным кашаят. Ошондон баштап үйдө күндө уруш, күндө жаңжал. Менин ыйлаганым, коркутканым, жүрөгүм ооруп жыгылганым ага баары бир эле. Мелтейип туруп «Мен Фахитти сүйөм» дегенден башканы айтпайт.
Кызым бир күнү келди да:
– Апа, мен Фахит менен кеткени жатам,- деди.
– Кайда?
– Алардын салты боюнча ата- энесинин алдына барып тойду өткөрүш керек экен...
– Зарина, сен соо элесиңби? Мен сени эч кайда жибербейм...
– Апа, мени баары бир кармап кала албайсың...- деди кызым.
Кайрадан баягы бүтпөгөн уруш- талашыбыз башталды. Өмүр бою көзүн карап, көкүлүн тарап өстүргөн кызымдан ушуну угат белем? Көзүмдөн жашым тыйылбай түнү менен урушуп камап отуруп эптеп таң атырдым.
Эртеси жумушка жөнөдүм. Кайдан иштей алам? Түндөгү сөздөр кулагыма жаңырып, кызымды бул тордон кантип куткарып чыгыштын амалын ойлоп, кечки убак үйгө келдим. Келсем алтындарыбызды салып койчу чакан үкөгүбүздө алтындар жок. Жүрөгүм шуу этип Заринанын паспортун карадым. Ал дагы жок...
Кечинде курбуларыныкына чалып баштадым. Бир курбусу «Ооба. Зарина меникине буюмдарын таштап кетти» деди. Аткан октой үйдөн чыгып, курбусунукуна бардым. Зарина таштап кеткен кичинекей сумканын ичинде жоголгон алтындар, паспорт, акчалар бар экен. «Зарина качкын афган менен качып кетээрин айтты. Эже, аны эптеп сактап калыңыз» деди курбусу жалдырап. Көзүмдүн жашы төгүлүп үйгө жөнөдүм. Таң агаргыча уктабай жаттым. Зарина ал түнү да, андан кийин да келген жок. Кудай энени башкача кылып жараткан окшобойбу, кызымдын буга чейинки сөөктү сыздаткан сөздөрү да унутулуп, аны бир көргөнгө зар болдум. Издебеген жерим калган жок. Милициянын эшигин жырттым. Эч майнап болгон жок.
Энемин да, баары бир үмүтүм үзүлбөй койду. Изилдеп жүрүп, акыры качкын афгандардын көбү көк чай сатып оокат кылаарын угуп калдым. Издейин десем, болгону Фахит деген ысымды гана билем. Башка эч кандай илинчегим жок.
Бир күнү таң эртең менен дүңүнөн чай саткан жерге келдим. Карасам аксак, сакалчан, жашы 40тардагы афган улутундагы киши жүргөн экен. Мен ага жакындап берип «Кечиресиз, бул жерде Фахит деген жигит иштебейби?» дедим. Ал мага бир чолуй карап алды да, «билбейм» деп күңк эте ары бурулду. Үмүтүм таш каап артыма кайттым.
Бир күнү Восток-5 кичирайонунан баягы базардан жолуктурган аксакты маршрутканын терезесинен көрүп калдым. Негедир жүрөгүм болк дей түштү. Шашып-бушуп маршруткадан түшүп калып, ал аксактын артынан жөнөдүм. Ушул кишинин артынан барсам эле кызым табылып калчудай болуп артынан кете бердим.
Бир кезде ал көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кирип кетти. Көпкө карап туруп коңшусунун эшигин кактым. «Айтып койчу, айланайын сиңдим, бул жерде Зарина аттуу кыз жашайбы?» дедим. «Зарина экенин билбейм, бирок, узун көйнөк кийип, бетин жапкан кыз кирип-чыгып калат. Эч ким менен сүйлөшпөйт. Кыязы, Фахиттин аялы болуш керек» деди. Фахит деген атты укканда жүрөгүм токтоп калгандай болду. «Бул жерде жашаган адамдын аты Фахитпи?» деп суроо узаттым. «Ооба» деди кыз. Бут алдыман жер көчө түштү. Көрсө, менин кызымдын энесинен кечип сүйгөн «жигити» ушул түрү суук, 40тан ашкан аксак экен да...
Ошол күнү кечке чейин ал үйдүн эшигин аңдыдым. Эмне кылаарымды билбей көчөдө турсам, жанагы афган келе жатыптыр. Артында... Оо, жараткан, ушуну көргөнчө көзүмдү сокур кылып койсо эмне? Артында узун кара көйнөк кийген, бетин думбалаган менин Заринам! Бакырып жиберип боюмду кызыма таштадым.
– Зарина!
Кызым болсо менден боюн ала качып, жанагы түрү сууктун артына жашынды. Сагынган экемин, кучактап алып анын таштай каткан жүзүнө, капкара кийимине карап ыйлай бердим. «Кызым, мен сени издеп жүрөм. Мен жалгыз калдым, каралдым... Мени аячы... Жүрү, үйгө кетели. Сени эмне кылып салышкан?» деп оюма эмне келсе ошону айтып ыйлап жаттым. Менин боздогонума таш эригендей болсо да кызымдан үн чыккан жок. Жаш аралаш кантип ушул түрү суукка жем болду деп ойлоп, жетимиш тамырым зыркырап жатты. Кызым болсо: «Апа, мен Фахиттин аялымын. Биздин нике мечиттен кыйылган» деп чөнтөгүнөн түшүнүксүз тилдеги жазуусу бар тил катты алып чыгып көрсөттү. «Зарина, үйгө келчи, мен баарына макулмун. Мурункудай урушпайм» деп жалдыраганыма карабай бир кезде мени көкүрөккө түртүп салып, өз жолу менен кете берди. Теңселе түштүм. Эне болуп бакыт тапканым ушубу? Жарым өмүрүмдү арнаган кызымдан көргөн жакшылыгым ушубу? Ыйлай берип бир кезде эсимден танып калган экемин. Тез жардам менен ооруканага алып бара жаткан жерден эсиме келдим. Ооруканада өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатып ойлогонум да кызым.
Айыккандан кийин баягы үйгө барсам, мен жолуккан күнү эле көчүп кетишкен экен. Ошентип, кызымды кайра жоготуп алдым. Азыр болсо кызымды кайра кантип кайрып алуунун жолун таба албай, арга издеп жүргөн кезим. Балким, силердин газетадан кызым менин күйүтүмдү окуп калса, мага кайрылып келеби деген үмүт менен жазып жатам. Мен кызым келип калса бардыгын кечирет элем.