Элибиз макал-лакаптарга бай. Биз ошол макал-лакаптарды заманбап же болбосо шоуго жакындаттык. Чымчым болсо да чындык бар, андыктан чычаламай жок, ээ?
Жакшы болуш аста-аста, Жаман болуш бир паста.
Мерген болуш аста-аста, Актан болуш бир паста.
Кабактын көркү каш болот, Адамдын көркү баш болот.
Кабактын көркү каш болот, Жамбылдын көркү баш болот.
Казды туурап, карганын буту сыныптыр.
Чилтендерди туурайм деп Назиранын буту сыныптыр.
Кыздуу үйдө кыл жатпайт.
Гүлшайыр Садыбакасованын үйүндө кыл жатпайт.
Абийир тапса баласы, атасына бак конот.
Атак тапса «баласы», продюсерге бак конот.
Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса.
Канаттардын өз эрки, кайсы ырчыны чыгарса.
Айтылбай турчу сөз эле, айтылып кетти өзү эле.
Ырдалбай турчу ыр эле, хит болуп кетти өзү эле.
Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет.
Жакшы ыр жан эргитет, фонограмма жан кейитет.
Жол азабы – көр азабы.
Гастроль азабы – көр азабы.
Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат.
Аткарганы бир-эки ыр, ышкырыгы таш жарат.
Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
Адам ойго тойбойт, ырчы тойго тойбойт.
Асхат Субанбеков
star@super.kg