БААРЫБЫЗ ТАЗА БОЛСОК, ШААРЫБЫЗ ТАЗА БОЛОТ

«Биз – таза Бишкек үчүн!» сынагы жыйынтыкталып, ордо калаабыздын мэри Кубанычбек Кулматов анын жеӊүүчүлөрүн куттуктады.
– Биз баарыбыз көрктүү, таза жана тейлөө кызматы өнүккөн шаарда жашагыбыз келет. Бирок ошого өз салымымды кошоюн деген ой азыр шаардыктарда аз. Эски муундун эсинде болуш керек, ордо калаабыз «Жашыл шаар» аталып турган мезгилде «Үлгүлүү үй», «Таза короо» жана «Мыкты көчө» деген жакшы жөрөлгө бар эле. Бул сынакты уюштуруп жатып биз ошол салтты улантууну туура көрдүк жана жыл сайын өткөрүүнү көздөп турабыз. Биринчиден, бул сынак аркылуу сиздердин эмгегиӊиздерди туура баалоо. Экинчиден, ордо калаабызды булгабоого үндөгөн акцияларды уюштуруу менен шаар тургундарын тазалыкка жооптуу болууга чакырабыз,- деди Кубанычбек Кулматов жеӊүүчүлөрдү куттуктап жатып.
Аталган сынак борбор шаарыбыздын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көркүн арттыруу максатында Бишкек шаардык мэриясы тарабынан 2015-жылдын май айынын соӊунда жарыяланган эле. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Бишкек шаарында катуу таштандыларды тескөө системин жакшыртуу» долбоорунун алкагында өткөн бул иш-чарага төрт номинация: «Мыкты муниципалдык аймактык башкаруу», «Мыкты кварталдык комитет», «Мыкты турак жай ээлеринин шериктештиги», «Мыкты короо шыпыргыч» боюнча 30 арыз түшкөн.
Мыктылардын мыктысын тандоодо конкурстук комиссия негизинен аймакта балдар ойноочу жана спорт аянтчаларынын болушу, жарыктандыруу, айлананын тазалыгын жана иреттүүлүгүн эске алды. Анын натыйжасында «Мыкты муниципалдык аймактык башкаруу» боюнча I орунга шаардагы №21 МАБ (100 миӊ сом), II орунга №7 МАБ (70 миӊ сом), III орунга №12 МАБ (40 миӊ сом) татыктуу болду.
«Мыкты квартал» номинациясында I орунга Ак-Өргөө жаӊы конушундагы №52-квартал татыктуу деп табылып, 50 миӊ сомдук сертификатка ээ болду. Ал эми II орун №35-кварталга (40 миӊ сом), III орун №7-кварталга (30 миӊ сом) ыйгарылды.
«Мыкты турак жай ээлеринин шериктештиги» боюнча I орунга «Сапфир» (50 миӊ), II орунга «Квазер» (40 миӊ сом), III орунга «Кан-Тоо» (30 миӊ сом) арзыды.
«Мыкты короо шыпыргыч» номинациясында муниципалдык «Тазалык» ишканасында эмгектенишкен Кенжегүл Жаныбекова I орунга (20 миӊ сом), Гүлмира Исаева II орунга (15 миӊ сом), Вадим Бесчетный III орунга (10 миӊ сом) ээ болушту.
Маалымат үчүн:
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Бишкек шаарына 11 миллион евро грант бөлгөн. Ага шаардын таштандыларын иргөө боюнча завод курулат. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасын жаӊылап, 5 миӊ евроконтейнер (таштанды челек), таштанды тазалаганга 30 чакты, шаарды сугаруу жана жолду жууганга 4 машина сатылып алынат.

Шабданбек Субанов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан