Супер сынак
Урматтуу окурман! "Капырай, куюп койгондой..." аттуу супер сынагыбыз уланууда. Өзүңүздү белгилүү бир адамга окшоштурсаңыз, анда редакциябызга сүрөтүңүздү алып келиңиз, жеңүүчү болуп чоң белекке ээ болушуңуз ыктымал.
Бул саам редакциябызга Насипа аттуу айым баш бакты. Ал: “Жолдошум ырчы Бек Борбиевге аябай окшош”,- деп сүрөтүн көтөрүп келиптир. Бек мырзага окшош жигит Токтоматов Марслан 36 жашта. Учурда Бишкек шаарында кичи автобустардын бирин айдайт. Марсландын өң-келбети Борбиевге окшош болгону менен, ырдоого такыр шыгы жок экенин жубайы айтып өттү.