ЭТТИН КАЙСЫ ТҮРҮ КИМГЕ ПАЙДА, КИМГЕ ЗЫЯН?

«Сууктап баратам. Эт жебесем болбой калды...» Мындай сөздөрдү өзгөчө кышкысын көп угабыз. Анан эмне, көчмөн элдер илгертен мал багып, анын эти менен сүтүн негизги азык катары пайдаланып келе жатса. Ошол эт түрлөрү кимге пайда, кимге зыян? Кеп кезеги КММАнын терапия кафедрасынын доценти Абдубакир Ибраимовдо.

ЭТТИ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАНА КАНЧА ӨЛЧӨМДӨ ЖЕШ КЕРЕК?
Кандай эт болбосун курамында белок, темир, калий, кальций, магний, фтор, цинк, витаминдер жана башкалар бар. Белок булчуӊ жана нерв ткандарына курулуш материал болуп берет. Калий жүрөктүн жана кан тамырлардын, ал эми магний нерв системинин жакшы иштөөсү үчүн керек. Цинк иммунитетти көтөрөт. Кальций менен фтор сөөктү жана тишти бекемдейт. Витаминдер зат алмашууга катышат жана башка. Андыктан адам эт жеп турушу керек. 1 күндүк норма чоӊ адамдар үчүн 150-200 грамм, ал эми жаш балдар үчүн 200-300 грамм.
Этти дамамат жана ашыкча жегенде оорулар, анын ичинде эмчектин, жатындын, жоон жана ичке ичегинин рагы жаралат. Жаш малдын эти өтө сиӊимдүү келгендиктен бардык жаш курактагыларга сунушталат. Этти кайнатып жесе пайдалуу.

ТӨӨ ЭТИ
Пайдасы.
Курамында белок абдан көп жана уйдун этине салыштырмалуу май эки эсе аз. Эти, кымызы (шубат), сүтү кургак учук менен ооругандарга, иммунитети начарларга жакшы азык. Анемия, варикоздо жесе оорудан айыгууга жардамчы.
Зыяны. Этинин сиӊиши кыйын. Андыктан жаш балдар, карылар, боюнда барлар, бала эмизгендер аз өлчөмдө жеши керек. Ашказан-ичеги, панкреатит, гипертония, псориаз, дерматит, богок, катаракта, глаукома оорусу барларга, инсультка, инфарктка чалдыккандарга жегенге болбойт. Оорусун күчөтүп жиберет.

ЖЫЛКЫ ЭТИ
Пайдасы.
Уйдун этине салыштырмалуу 8 эсе бат сиӊет. Холестерин жок. Булчуӊдарды чыӊдап, өттүн жакшы иштешин шарттайт. Боордун жабыркаган ткандарын калыпка келтирип, гемоглобинди көбөйтүп, эркектин бел кубатын көтөрөт.
Зыяны. Сүрсүгөн, майлуу этин, чучугун жесе, өнөкөт оорулар козголушу мүмкүн. Мындан тышкары төө этин кайсы ооруларда жеш сунушталбаса, жылкы эти да ошолордо сунушталбайт.

УЙ ЭТИ
Пайдасы. Сөөктү, булчуӊдарды жана кан тамырларды чыӊдап, көрүүнү жакшыртат. Курамында темир көп болгондуктан гемоглобинди көтөрөт. Жаракаттан, жугуштуу оорудан, күйүктөн бат айыгууга шарт түзөт. Урук чыктагыч бездин иштөөсүн жакшыртып, тестостерондун жана уруктуктун (сперма) иштелип чыгышын шарттайт. Башкысы диеталык азык (майлуу эмес эти). Этинин 60 пайызы сиӊет.
Зыяны. Майлуу этинде холестерин көп болгондуктан көбүрөөк жесе, жүрөк-кан тамыр ооруларын жаратып, инфаркт, инсультка чейин жеткирет. Подагра, өнөкөт бөйрөк оорулары менен ооругандарга көп жегенге болбойт.

ТОПОЗДУН ЭТИ
Пайдасы.
Уй этине караганда пайдалуу заттар, анын ичинде темир абдан көп, ал эми холестерин аз. Организмдеги зат алмашууну жакшыртып, операциядан кийин бат өзүнө келүүгө жардамчы. Анемиядан жабыркагандарга табылгыс азык.
Зыяны. Жүрөк-кан тамыр ооруларында (анын ичинде гипертония), сарык, псориаз, экзема, цирроз менен ооругандарга жана инфаркт, инсульттан жабыркагандарга жегенге болбойт.

КОЙ ЭТИ
Пайдасы.
Этинин курамындагы лецитин уйку безин жакшы иштетет. Шорпосу гастриттен (кычкылы төмөн түрү) жабыркагандарга пайдалуу. Тиштин кариесинин алдын алат. Эн безинин барсылдагында (киста) жесе оорудан айыгууга жардамчы.
Зыяны. Этинин сиӊиши кыйын жана холестерин абдан көп. Көп жесе жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет. Кант диабети, гепатит, панкреатит, гипертония, холецистит, өттүн таш оорусунда, ашказан-ичегинин жарасы жана подагра менен жабыркагандарга кой эти сунушталбайт. Жаш балдарга, карыларга козунун этин берүү оӊ.

ЭЧКИ ЭТИ
Пайдасы.
Уйдун жана койдун этине салыштырмалуу жакшы сиӊет. Койдукуна караганда холестерин төмөнүрөөк. Ашказан-ичегилердин иштөөсүн жакшыртат. Карылар, жаш балдар жана өнөкөт оорусу барлар оорусу курчубай турган кезде жей беришсе болот.
Зыяны. Кой этин кайсы ооруларда жеш сунушталбаса, эчки эти да ошолордо сунушталбайт.

КОЁН ЭТИ
Пайдасы.
Эти жумшак, жеӊил, сиӊимдүү. Абдан диеталык эт. Этинин 90 пайызга жакыны сиӊет. Курамында холестерин төмөн болгондуктан жаш балдарга, карыларга, өнөкөт оорусу барлардын бардыгына болот.
Зыяны. Диатез, бөрү жатыш, энурезден жабыркагандарга болбойт. Оорусун күчөтөт.

ҮНДҮК ЭТИ
Пайдасы
. Эти жеӊил сиӊет, өнөкөт оорусу жоктордун баарына жегенге болот. Ички органдары ылдый түшкөндөргө, энурезде, төрөттөн кийин шишикте жеш сунушталат.
Зыяны. Этинин курамында заара кычкылы көп. Көп жегендерде подагра оорусу жаралат. Ошондой эле бөйрөктө, табарсыкта, өттө таштар пайда болот. Андыктан аталган оорусу барларга жегенге болбойт. Үндүк этинде натрий көп болгондугуна байланыштуу жүрөк-кан тамыр оорусу барлар чанда гана тузун аз салып жегендери туура. Мындан тышкары төө эти кайсы ооруларда сунушталбаса, үндүк эти да ошолорго сунушталбайт.

ТООК ЭТИ
Пайдасы
. Жеӊил, бат сиӊүүчү эт. Андыктан операциядан жана инсульт, инфарктан кийин тамак жасап беришет. Нерв системинин, жүрөктүн жана өттүн калыптагыдай иштешине көмөк берет.
Зыяны. Этинин курамында заара кычкылы көп болгондуктан көп жегендерде подагра жана таш оорулары (бөйрөктө, табарсыкта, өттө) жаралат. Эти кээ бирлерде аллергияны пайда кылат. Ошондуктан аталган оорусу барларга жегенге уруксат эмес.

КАЗ ЖАНА ӨРДӨК ЭТИ
Пайдасы.
Организмде уулардын топтолушун четтетет. Жаштыкты узартат, жараларды батыраак айыктырат, көк боордун иштешин жакшыртат. Иммунитети төмөндөр жана кургак учук менен ооругандарга жакшы азык.
Зыяны. Сиӊиши кыйын, анын үстүнө холестерин көп болгондуктан жаш балдарга, карыларга, кош бойлууларга, жүрөк-кан тамыр, кант диабети, гипертония оорусу барларга бербей эле коюу оӊ. Берсе да төш этинен берүү керек.

БАЛЫК ЭТИ
Пайдасы.
Курамында белоктон тышкары фосфор, цинк бар. Эти менен майы организмдеги жаман холестеринди чыгарат. Нерв системинин жана урук чыктагыч бездин иштөөсүн, эс-тутумду жакшыртат. Рактын, эрте алжып калуунун алдын алат. Чачты өстүрөт, теринин абалын жакшыртат.
Зыяны. Бөйрөк үстүндөгү бездин жана уйку безинин оорусу барлардын (панкреатит) оорусун күчөтүп жибергендиктен жегенге уруксат эмес.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
beben
2015-08-10 11:09:24
Рахмат супер инфо жакшы маалымат экен
-1
erika8982
2015-08-10 11:13:13
Жакшы кенеш болуптур рахмат,ошондо балык этин гана кобуроок колдонуш керек экен да аа.
+1
Abdurahman
2015-08-10 12:32:19
Урматтуу Супер инфо рахмат жакшы маалымат экен анан чач тушконго кобуроок маалымат берсениздер рахмат
+1
gulzar_gulu
2015-08-10 13:38:05
Кой менен уйдун этин эле жебесек башкасын коро элекпиз. Маалымат учун чон рахмат.
0
Abdurahman
2015-08-10 15:21:55
gulzar_gulu,Эшектикин корушту го
0
Pantherka
2015-08-10 15:23:58
Зыян болсо деле жей беребиз да, тан калганым жалан эле койдун этин жеп олбой, эч кандай бойрок,журок ооруларын билбей эле бабаларыбыз узак жашап келбеди беле... соогу да таза адамдар болчу.
0
beka1207
2015-08-13 23:51:04
Pantherka,ооба ата бабаларыбыз этти коп жешкен бирок ал кезде экология таза,химиялык тамак аштарды жеген эмес...ошондуктан коп жашашкан
0
Nurzat1
2015-08-10 20:09:38
рахмат супер инфо абдан керектуу маалымат экенюсиздерден сураныч энурезди кантип даарыласа болот маалымат алып бериниздерчи сураныч алдын ала рахмат балам 13 жашта аябай кыйналдык
0
nargiz-94kg
2015-08-11 19:07:28
Кой уйлардын эттерин жесе тез карыйбы?
Жакшы кенештер экен Рахмат.
0
nurik2103
2015-08-11 19:26:14
Койондунн етин жебеш керек
0
football1
2015-08-14 13:45:25
nurik2103,неге
0
ere
2015-08-12 10:37:47
Эт жебесен түшкө кирет
жесен тишке кирет деген экен да
0
Maxa90
2015-08-12 15:58:19
Саламатсыздарбы Супер Инфо гезитинин жалпы жамааты. Сиздерден суранаарым Жидкий каштан арыктауучу каражат тууралуу жазыңыздарчы. Плюс, минус жактарын. Чын эле арыктатабы же акча табуунун бир жолубу бул? Сиздерден ушул тууралуу макала күтөм.
0
Ledi89
2015-08-14 17:37:03
Жакшы кенеш экен билип алдым. Рахмат!
0
aiba91kg
2015-08-15 23:39:33
Мен баарынын этин чогултуп бир жеп койсом деле синире берем,Ошон учун тишин барда таш чайна, тишин жокто аш кайда дейт.
0
Sharipa-asia
2015-08-16 00:27:18
Рахмат кенешинерге
0
Mars55
2015-08-16 20:36:03
мен эт тандабайм халал деп аталган эттин бардык турун жейм
0
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан