ТАРЫХЫНАН
Даарат кагазы Кытайда ойлонуп табылган деп эсептелет. Ал тууралуу маалымат биздин замандын 589-жылында жазылып калтырылган. Ал кезде даарат кагазы таңсык катары эсептелип, императордук сарайда гана колдонулган. Европада 14-кылымда пайда болуп, 18-кылымдын башына чейин падышалар менен императорлордун үй-бүлөсү жана алардын чөйрөсүндөгүлөр гана пайдалана алышкан. 18-кылымдын башында шаардык тургундар даарат кагазы катары гезит, журнал, китеп, конверт, кагаз баштыктарды колдонууга өтүшөт. 1857-жылы барак түрүндөгүсү өнөр жайдан чыгарыла баштайт. 1871-жылы Америкада түрмөктөлгөн алгачкы даарат кагаздары пайда болот. Ал эми жарнамасы Британияда 1883-жылы жарык көргөн. Ошол кезге чейин даарат кагазы тууралуу сөз кылуу адепсиздик катары саналган. Андыктан аны чыгаруучулар ойдон чыгарылган бренд менен аташчу же өндүрүүчүнүн аты-жөнү жазылчу эмес.
Учурда аталган санитардык-гигиеналык каражат ар бир үйдө жолугат. Бирок алар бири-биринен өң-түсү, курамы, тыгыздыгы, катуулугу жана бекемдигинен, курамында тиричилик таштандылардын калдыктары бар же жок экендигинен айырмаланат.
Түрмөктөө ыкмаларында да айырмалар бар. Мисалы, канчалык деңгээлде тыгыз түрүлгөндүгү, түрмөктүн узундугу, катмарларынын саны. Эске алуучу нерсе, сапатсыздарынан оору жугат дешет. Канчалык чындыгы бар, тактап көрөлү.
«САПАТСЫЗ ДААРАТ КАГАЗЫНАН ООРУЛАР ЖАРАЛАТ»
Сурмакан Алыбаева, Бишкектеги «Грация» медициналык борборунун врач терапевти:
– Кээ бир уятсыз өндүрүүчүлөр даарат кагазын чыгаруу үчүн элден, базарлардан, дүкөндөрдөн, ошондой эле таштандылардан чогултулган макулатураларды колдонушат. Дүйнөлүк окумуштуулар мындай сапатсыз сырьёну колдонуу ооруларга алып келерин белгилешет. Алсак, аллергиялык дерматит, стрептодермия жана пиодермия (тери оорулары). Мындан тышкары жыныстык органдарда жана көтөн чучукта сезгенүү келип чыгып оорулар жаралат. Ал эми геморрой, цистит жана молочница сыяктуу оорулар курчуйт.
Андыктан даарат кагазын тандоодо кыраакы болуңуз, анткени ден соолугуңуз тандоодон көз каранды. Болушунча ак түстөгүсүн, кымбатын тандасаңыз, сапаттуусун алган болосуз. Сапаттуусу жумшак, сууну бат өзүнө сиңирет, сууга салса тез эзилет.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg