ЭЛЕКТРОНДУК АКЧА – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ!

Электрондук технологиянын ылдамдык менен өнүгүшү акчаны которуу, сактоо же төлөм жүргүзүү, эсептешүү боюнча улам жаңы формаларга өтүүгө өбөлгө түзүлүп жатат. Азыркы убактагы банктык төлөм карталары менен ири соода-сервистик мекемелерден товарларды сатып алуу эч ким үчүн жаңылык деле болбой калды. Өнүккөн өлкөлөрдө нак эмес түрдө эсептешүү эбак эле жашоонун нормасы катары кабыл алынып калган. Ушуга жараша биздин өлкөбүз дагы дүйнөлүк тенденциядан артта калбай, коммерциялык банктар банкомат жана терминалдарынын түйүндөрүн кеңейтип, кызмат көрсөтүүнүн көптөгөн түрлөрүн сунуштап жатат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, төлөм системасынын ишенимдүүлүгү, коопсуздугу жана эффективдүүлүгү үчүн жооптуу орган катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аныкталган. Ушуга жараша күнүмдүк тиричиликтеги инновациялар темасы тууралуу Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын башкы адиси Бейшеева Нестанды маекке тарттык.

– Нестан Марсовна, алгач айтсаңыз, банк карточкаларынан сырткары Кыргызстандын төлөм системасында кандай жаңылыктар болуп жатат?
– Туура айтасыз, азыр банк карттары менен эч кимди таң калтыра албайсың. Мындан сырткары учурда мобилдик, электрондук төлөм жүргүзүү, интернет банкинг кызматы сыяктуу заманбап төлөм жолдору бар. Мунун баары ыкчам маалымат алууга жана интернет аркылуу өздүк банктык эсебиңизди башкарууга ыңгайлуу шарт түзөт. Ушуга жараша үйдөн чыкпай туруп эле төлөм жүргүзүп же бир нерселерди сатып алсаңыз болот. Нак эмес төлөм жүргүзүүнүн бир аз убакыттын ичинде калк үчүн популярдуу болуп кетишине – анын ыкчамдыгы, ыңгайлуулугу, коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү себеп болду десем жаңылышпайм.
– Кыргызстандагы төлөм жүргүзүү рыногу тууралуу айтып өтсөңүз. Кандай өзгөрүүлөр байкалып жатат?
– Дүйнө жүзүндөгүдөй эле Кыргызстандын заманбап төлөм кызматынын рыногу тездик менен өнүгүүдө. Электрондук каражаттарды пайдалануу аркылуу көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө жана кызмат көрсөтүүнүн кеңири спектрине жол ачылып жатат. Айта кетсем, электрондук акчанын пайда болушу менен колдонуучулар акча каражаттарын которуу, ар түрдүү төлөмдөрдү жүргүзүү, банктык кызматтарды адистердин же кассирдин жардамы жок эле каалаган убакта өз алдынча ишке ашырууга шарт түзүлдү. Ушул сыяктуу прогресстердин натыйжасында жана атаандаштыкты колдоо максатында азыр коммерциялык банктар кардарга кызмат көрсөтүүнүн улам жаңы технологиялык ыкмаларына өтө баштады. Биздин республикабыздын аймагында азыр Элкарт улуттук карты жана Visa, Master Card, China Union Pay, Золотая Корона аттуу эл аралык төлөм карталары колдонулуп келет.
– Аталган төлөм карттардын артыкчылыгына токтоло кетсеңиз. Алар эмнеси менен жарандарга керектүү жана маанилүү?
– Банк карттары айлык маянаны алууда, соода түйүндөрүндө товар үчүн төлөм жүргүзүүдө, коммуналдык төлөм, интернет, байланыш жана башка төлөм жүргүзүүдө ыңгайлуу инструмент катары бааланат. Колдонуучулардын ыңгайлуулугу жана жаңы кардарды тартуу үчүн азыр коммерциялык банктар СМС билдирүү кошумча кызматын пайдаланып жатышат. Бул билдирүү аркылуу картадан картага акчанын которулгандыгы, транзакция же овердрафт жүргүзүлгөндүгү, интернет банкинг жана башка кызматтар тууралуу маалымдалат. Эгерде статистикага токтоло турган болсок, анда өлкөбүздөгү 23 коммерциялык банктын ичинен 22 банк картты чыгаруу жана колдонуу кызматы менен алектенет.
2015-жылдын 2-чейрегинин жыйынтыгы боюнча, бардыгы болуп чыгарылган карттардын саны – 1 045 800дү түзгөн. Башкача айтканда, өткөн жылдын ошол эле мезгилине салыштырганда 31,2 пайызга көбөйгөн. Ал эми карт менен жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү – 24 591 400 сомду түзүп, өткөн жылдын ошол эле мезгилине салыштырганда 32 пайызга көбөйгөн.
– Акыркы мезгилде төлөмдөрдү жүргүзүүнүн кандай ыкмалары колдонулууда, алардын өзгөчөлүгү эмнеде?
– Азыркы турмушта адам үчүн керектүү нерсе болуп эсептелген, адаттагы банктык карттар менен чогуу коммерциялык банктар инновациялык маалымат технологияларын өнүктүрүү аркылуу кардарларга аралыкта туруп банктык эсептерди башкаруу ыкмаларын көрсөтүүдө. Мындай кызмат – интернет банкинг/мобилдүү банкинг деп аталат. Бул кардарга гана эмес, банктын өзүнө да ыңгайлуу. Интернет каналдары аркылуу колдонуу менен кардар каалаган учурда, үйдө болобу, жумушта же башка өлкөдө болобу, өзүнүн банктык эсебин көзөмөлдөп, банктык кызматтарды колдоно алат. Кандайдыр бир төлөмдү төлөө, акча которуу, насыяны төлөө же башка банктык кызматтарды колдонуу үчүн кардарга банкта кезекте туруунун кереги жок. Бүгүнкү күндө интернет-банкинг кызматын 20 коммерциялык банк сунуштайт.
– Мындай чечимдер канчалык коопсуз жана ушундай инструменттерди төлөмдөрдө колдонуу коркунучтуу эмеспи?
– Азыркы мезгилде электрондук коммерциянын түзүлүшүнүн механизминде, акчаны сатып алуучудан сатуучуга жеткирүү суроолору абдан актуалдуу.
Онлайн төлөмдөр эл аралык жана виртуалдык карттар электрондук акчанын жардамы менен тез өткөрүлөт.
Бирок хакердик чабуулдардын жана алдамчылык операциялардын деңгээли интернет тармагында өтө бийик болгондуктан, бул банктык эсептеги акчанын жоголушуна алып келет. Көпчүлүк учурда алдамчылыкка жөнөкөй коопсуздук эрежелерин колдонуу жөнүндө жеткиликтүү маалымат албаган жөнөкөй жарандар кабылышат. Коммерциялык банктар банктык эсеп ачууда жана кандайдыр бир кызматка келишим түзүүдө жарандарды коопсуздук эрежелери менен милдеттүү түрдө тааныштыруусу зарыл.
– "Улуттук банк мобилдик операторлорго кайрымдуулук иштерге каражат чогултуу үчүн номер ачууга тыюу салды" деп көп айтылат. Мисалы: жаш балдарга операция жасоого каражат топтоо үчүн тийиштүү документтердин топтомун талап кылуу. Эмне үчүн кайрымдуулук эсептерине мобилдик которууларды тыюу салгандыгын түшүндүрүп бере аласызбы?
– Улуттук банк тарабынан кайрымдуулукка жумшалуучу акча каражаттарын топтоого тыюу салынган эмес. Бул жерде маселе Улуттук банк тарабынан коомчулуктун кайрымдуулук максатында банк бөлүмдөрүнүн алыш-бериш эсептерин жана мыйзам ченемдеринин талаптарын колдонууда болуп жатат. Банк мыйзамдарында жарандар ортосундагы эсептерди жүргүзүүдө коопсуздук талаптары орун алган, ал эми акчанын сакталышы мамлекеттик башка кызмат менен камсыздалат. Тагыраак айтсак, Кыргыз Республикасынын аманаттарын коргоо агенттиги аркылуу ишке ашырылат.
– Электрондук акчанын пайда болгонуна Улуттук банктын көз карашы кандай?
– Кыргызстанда электрондук акча рыногу, болжол менен 2011-жылдан баштап өнүгө баштаган. Биринчилерден болуп электрондук капчыктарды төлөмдөрдө жана эсептешүүлөрдө колдонуу кызматтарын менчик компаниялар сунуштаган. Алар төлөм рыногунун жаңы катышуучусу болуп саналат жана маалымат технологияларында негизделген. Мындай төлөм компаниялар төлөм кызматтардын кардарларына көп ыңгайлуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо үчүн өзүнүн технологияларын рыноктун талаптарына жараша тез ылайыкташтыра алышат.
2015-жылдын 21-январында «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына президент кол койгон. Буга ылайык, өлкөбүздүн аймагынын чегинде электрондук акчаны коммерциялык банктар гана чыгара алышат. Банктык продуктуларды республикабыздын алыскы аймактарында жайылтуу максатында электрондук акчалардын таралуусун коммерциялык банктар гана эмес, алардын агенттери – юридикалык жактар жана жеке ишкерлердин да мүмкүнчүлүгү мыйзамдаштырылган.
Ошондуктан электрондук капчыкты чыгарган төлөм уюмдар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн Кыргызстандын мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүүгө тийиш. Бул төлөм уюмдар коммерциялык банктар менен келишим түзүүсү керек дегенди билдирет. Анын негизинде банк тийиштүү электрондук акча системасында чыгарылган акчанын гаранты болуп саналат жана акча каражаттардын кайтаруусун камсыздандырат.
– Биздин өлкө боюнча электрондук капчык системасы кантип иштеп жаткандыгы тууралуу айта кетсеңиз...
– Учурда Кыргызстанда 5 электрондук акча системасы бар. Кардар электрондук акча менен 200дөн ашуун кызматтарды акысыз төлөй алат. Алардын катарына: коммуналдык, мобилдүү телефондун балансын толтуруу, интернет, онлайн оюндарга жана салык төлөмдөрү, электрондук акчалардын ортосунда болгон акча которуулар, электрондук акчаны нак акчага айландыруу, чек ара аркылуу өткөрүлүүчү төлөмдөр жана башкалар кирет. Электрондук капчыкка ар түрдүү каналдар менен кирүү мүмкүнчүлүгү бар: мобилдик түзүлүштөр аркылуу – USSD командалар, iOS жана Android негизиндеги мобилдик түзүлүштөргө атайын приложениелер, ошондой эле веб-интерфейстерди колдонсо болот.
Сөзүмдүн жыйынтыгында, товар жана кызмат үчүн эсептешүү накталай эмес ыкмаларын колдонуу жалпы өлкөбүздүн экономикасында жүгүртүлгөн акча каражаттардын ачыктыгына алып келерин белгилей кетмекчимин.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан