Мыктыбек Абдылдаев башында турган «Кыргызстан саясий күчтөрүнүн Альянсы» алдыдагы парламенттик шайлоодо «Бир бол» партиясынын тизмеси менен катыша тургандыгы билинди. «Бир саясий күчкө айлануубузга партиялардын идеологиясынын окшоштугу, мамлекеттин өнүгүүсү боюнча бирдей көз карашта болуусу шарт түздү. Баарынан бийик турган – мамлекеттүүлүктү бекемдөө деген ыйык баалуулук бар. Ал баарыбызга маанилүү. Сырткы жана ички ар кыл коркунучтарга элибиз бир болгондо гана туруштук бере алат»,- дешет биригүү чечимин кабыл алгандар. «Бир бол» жана «Кыргызстан саясий күчтөрүнүн Альянсы» жарандарды жана саясатчыларды мамлекеттин туруктуулугу жана өнүгүшү үчүн бир болууга, ал эми бийликтегилерди парламенттик шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүүгө чакырды.
«Бир бол» партиясында Марат Султанов, Жаныбек Бакчиев, Алтынбек Сулайманов, Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев жана башка көзгө көрүнүп калган инсандар бар. Мыктыбек Абдылдаев да өз ишин мыкты билген, принциптерин сактаган, интригадан алыс, азыркы кыргыз саясатында өз орду бар, көз карашын, пикирин так айткан инсандардын бири.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg