АЗИЯНЫН АЛП БАЛБАНДАРЫ

6-7-август күндөрү Иран өлкөсүнүн борбору Тегеран калаасында алыш күрөшү боюнча 6-Азия чемпиондугу болуп өттү. Ага кыргыз балбандары да катышып, командалык эсепте 11 өлкөнүн арасынан 2-орунду багынтышты.

МЕДАЛЧЫЛАРДЫН ТИЗМЕСИ:
Искендер Өскөнбаев – коло, 60 килограмм
Мээрим Момунова – алтын, 60 килограмм
Бүбүсара Абдиманап кызы – коло, 65 килограмм
Мырзабек Кочкоров – алтын, 70 килограмм
Назира Азизбекова – күмүш, 75 килограмм
Нагира Сарбашева – алтын, 75 килограммдан жогору
Эсенбек Кудайбердиев – коло, 80 килограмм
Кадыр Келсинбеков – коло, 100 килограммга чейин
Кубанычбек Кокунов – күмүш, 100 килограммдан жогору

«10 КАЛЫС ЭЭРЧИТИП БАРСАК БОЛМОК ЭКЕН»
Бул Азия чемпиондугуна Кыргызстан улуттук курамасынан жалпы 10 спортчу аттанган. Ал курамга 5 эркек, 5 айым балбан кирген. Мелдеш кандай өткөнү тууралуу башкы машыктыруучу Кабыл Бөрүбаев айтып берди:
– Мелдешке өлкөбүздүн эӊ мыкты делген 10 спортчусу катышып, алардын 9у медалга илинди. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Бирок бул оюндардын калыстары эч даярдыгы жок, профессионалдуулук деген эмне экенин билишпейт экен. Муну билгенде 10 калыс ээрчитип албайт белек деп калдык.
Калыстарга 75 килограмм салмакта күрөшкөн Нагира Сарбашева сонун жооп көрсөттү. Калыс финалдык беттеште ирандык балбанга көз көрүнөө эле тартып жатты. Анан биздин кыз эми силерге көрсөтөм дедиби, айтор, атаандашын көтөрүп чапканда ал эсин жоготуп койду. Таза жеӊиш. Көрүүчүлөрдүн бардыгы кол чаап жатып калышты. Кыргызстан курамасы менен үй ээлеринин жана түркмөндөрдүн балбандары гана теӊ тайлаша алышты. Ошондой эле мелдеш учурунда Иранда 50-55 градус ысык болуп жатты. Биз эч жакка чыкпай, мейманкана менен спорт залда эле жүрдүк. Октябрь айында Дүйнөлүк чемпиондук старт алат, эми ага даярдык көрө баштайбыз.

Мээрим Момунова, Азия чемпиону: «АЛЫШКА ДЗЮДОДОН КЕЛДИМ»
– Мен 16 жашымдан тарта дзюдо менен машыгып келем. Алыш күрөшүн биринчи жолу өткөн жылы көрүп, абдан кызыгып калгам. Дзюдо спортунда бардыгы япон тилинде болсо, алышта колдонгон сөздөрдүн бардыгы кыргызча экен. Алсак, кийими – чапан, көтөрүп чапканы көтөрүп чапты деп эле айтылат экен. Ошондон тарта бул спортко аралашып калдым. Иранда болуп өткөн Азия чемпиондугу мен үчүн чоӊ ийгилик. Ар бир беттешке болгон күчүмдү жумшап жаттым. Финалдык беттеште түркмөн кызы менен чыгып, жыйынтыгында алтын медаль мага буюруптур. Бизге жардам көрсөткөн, бизди даярдаган машыктыруучуларыбызга тереӊ ыраазычылык билдиргим келет.

Мырзабек Кочкоров, Азия чемпиону: «ФИНАЛДА ИРАНДЫК БАЛБАНДЫ БИР ЭМЕС, ҮЧ ЖОЛУ КӨТӨРҮП ЧАПТЫМ»
– Куттуктайм! «Азиянын эӊ күчтүү балбаны» аталдыӊ. Кандай сезимдер курчап турат?
– Рахмат, албетте, жагымдуу сезимдер болууда. Спортчу үчүн 1-орун эӊ негизги максат да. Бирок бул биринчи уткан мелдеш эмес. Дүйнө чемпиондугунда жана Көчмөндөр оюнунда да 1-орунга илингем. Мындай учурларда тажрыйбалуу болуп калгам десем болот.
– Азия чемпиондугу кандай өттү? Бул чемпиондукка кандай даярдык көрдүӊөр эле?
– Мелдеш алдында улуттук курам 2 жума Ысык-Көлдө даярдык көргөнбүз. Даярдык өз ордунда болгон үчүн жигердүү жыйынтык көрсөттүк деп ойлойм. Мелдешти үй ээлери жогорку деӊгээлде өткөрүүгө аракет кылышты, бирок калыстар талапка жооп бере алган жок.
– Финалдык беттеш тууралуу айта кетсеӊ...
– Мен 70 килограммга чейинки салмакта жалпы 3 беттеш өткөрдүм. Атаандаштарым мени Дүйнө чемпиону деп таанып, катуу даярдык менен чыгып жатышты. Финалга чейин түркмөндүк жана ирандык балбанды жеӊдим. Чечүүчү беттеште дагы үй ээсинин бир балбаны менен чыгып калдым. Калыстардын калыссыздыгы ачык эле көрүнүп тургандыктан таза жеӊиш менен утуу керек эле. Беттеш башталды дегиче бир ирет чапканга жетиштим. Буга калыс маани да берип койгон жок. Ай-буй дегиче болбой, дагы 2 ирет килем үстүнө атаандашымды жыктым. Ошондо гана калыс ким жеӊүүчү болорун түшүндү окшойт.
– Күрөшкө сени ким жетелеп келди эле?
– Биздин үй-бүлө жалаӊ спортчулардан куралган. Атам машыктыруучу болуп эмгектенет. Бир тууган байкем Максат Алимов профессионал футболчу. Бала кезде эле атам мени спорт залга алып барган. Алыш күрөшү менен машыгып жүргөнүмө 8-9 жыл болуп калды. «Күрөштүн башка түрүн эле тандабайт белеӊ, Олимпиадага катышмаксыӊ» деп айтышат. Бирок бул спорт мага жагат. Ийгиликтерге да жетише баштадым. Алыш күрөшү Азия оюндарына кирди, кийинки жылдан тарта ал жакта күрөшө баштайбыз. Эми жакынкы убактарда алыш Олимпиада оюндарына да кирип калат деп ишенем.
– Алдыда дагы ийгиликтерди багынта бер!

Бул Азия чемпиондугу Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болду. Анда 3 балбаныбыз чемпион аталып, Азиянын алп балбандары катары таанылышты.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
kama_future_millioner
2015-08-17 10:44:59
Азаматсыңар
0
sportik
2015-08-17 14:55:43
Мыкты балбандар барса баары 1 болмок. Бул деген кыргыздын курошу да.
0
fanatkg
2015-08-18 13:20:31
sportik, Бирок Иранда болуп атат...
0
Aidarchik96
2015-08-17 15:53:10
Ийгилик каалайм.
0
Danel
2015-08-17 16:15:05
Админ, видеосун кайсыл жерден корсок болот? Жообун кутом!
0
admin_media
2015-08-17 16:58:09
sportik,
Саламатсызбы! Маалымат такталып анан жазылган.
0
beku85
2015-08-17 21:26:45
К Борубаев артист болуп жургон киши элего?,,,
0
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан