ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (17-августтан 23-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада баары план боюнча кетип, кыйынчылык жаралбайт. Эмгегиӊиздин акыбети кайтып, үзүрүн көрөсүз. Жагымдуу компанияда убакыт өткөрүүгө да жетишесиз. Бирок ийгиликке интрига же бирөөлөрдү алдоо жолу менен жетүүгө аракет кылбаӊыз. Баары бир билинип, аброюӊуз түшөт. Апта акырында шашылыш иштер менен жолго чыгууӊуз күтүлүүдө.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада сизди жагымдуу да, жагымсыз да окуялар күтүп турат. Маселелерди жети өлчөп, бир кесип, бир ишке экинчи ирет кайрылбай тургандай бүткөрүү кажет. Бюджетиӊизди карап чыгып, майда-чүйдөгө акча коротпой, чыгымдарды азайтуу туура. Туугандардын чоӊ суранычын орундатып, сыйына татыйсыз. Үйдүн оӊдоп-түзөө иштерин өз алдынча бүткөрүүдөн мурда адистен кеӊеш алганыӊыз оӊ.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жаӊы максаттарга умтулуу күчөп, энергияӊыз ашып-ташат. Жаӊы идеяӊыз чөйрөдөгүлөрдөн колдоо таап, аны ишке ашырууга киришесиз. Анын жыйынтыгы жемиштүү болот. Бирок жылдыздар каржы жаатындагы чатактарга аралашпоону сунушташат. Арыктайм дегендерге диета кармоого ыӊгайлуу кез экендигин жылдыздар эскертишет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жекече калып, мүнөзүӊүздү, сезимдериӊизди талдаӊыз. Жаман адаттардан арылууга аракет кылыӊыз. Ушинтсеӊиз ийгиликке батыраак жетесиз. Кызматкерлерди ишинде жакшы жактарын белгилешип, материалдык сыйлыкка көрсөтүшөт. Үйдө балдардын керектүүлөрүн алып берип, алардын сүйүнүчүнө күбө болосуз. Бирөөлөр сыйлуу конок катары чакыруулары мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын башында жагымсыз окуядан улам стресске тушугууӊуз ыктымал. Баарын жашоо мыйзамы катары кабыл алып, эртеӊки күнгө эрктүү кароо кажет. Коӊшу шаарга (же районго) бир иштер менен барып келүү күтүлөт. Аптанын экинчи жарымында чоӊ иштерди бүткөрүүдө жакындарыӊызды жардамга чакырасыз. Аптанын аягында сүйүктүүӊүз чогуу эс алууну сунуштайт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада «эки тоонун чөбүн эӊсеген кийик ачка калат» болбосоӊуз эле болду. Анткени эки анжы ойду кармануу сизге жакшы жыйынтык да, моралдык канааттануу да алып келбейт. Андыктан бир гана пикирди карманып, өз позицияӊыздан тайбаӊыз. Чогуу иштешкендер менен жакшы ымалада болуп, кеӊештериӊизди аябаӊыз. Бойдоктор баш кошуу датасын кийинкиге жылдырууну ойлонушат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта эмоцияларга бай болот. Бирок бир көрүп сүйүп калдым, аны менен мамиле курушум керек дегенден алыс болуу керек. Себеби бат эле бул жаӊылыштык экенин билесиз. Кызматкерлердин кээ бирлери кызмат ордунан жогорулашат. Кыймылсыз мүлк жаатындагы маселени чечүү үчүн юристке кайрылууӊуз ыктымал. Апта акырында сизден үй жасалгалоо жаатындагы чеберчилик керектелет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын башында канчалык аракет кылсаӊыз да жыйынтык чыгышы күмөн. Андыктан убакытты өзүӊүзгө жумшаӊыз, кененирээк эс алыӊыз. Бир иштерди бүткөрүүнү самасаӊыз, ыӊгайлуу учурду күтүӊүз. Апта ортосунда көксөгөн тилегиӊизге оӊой жетип, жашооӊуз жакшы жакка аздан өзгөрө баштайт. Буга бир туугандарыӊыз да салым кошот. Аптанын аягында базар кыдырасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Материалдык байлык топтоо үчүн көптөгөн идеяларды ойлоп табасыз. Бирок кайсынысынан баштаарыӊызды жана кандай жыйынтыкка ээ болоруӊузду билбей башыӊыз маӊ болот. Баарын талдап, анан бирөөсүнө киришиӊиз. Жолдо сак болбосоӊуз, жаракатка кабылуу коркунучу бар. Ишенимден чыкпоо үчүн жетекчиликке калп айтпаӊыз. Апта аягында достор менен кечеге катышасыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын башында өзүӊүзгө да, чөйрөдөгүлөргө да таарыныч жаралат. Бул бирөөлөрдүн сизди алдап же сатып кетүүсүнөн улам болот. Буга сүйүктүүӊүздүн сизди түшүнбөстүгү кошулуп, дүйнөдө жалгыз калгандай сезилесиз. Апта ортосунда жакшы олжого тушугуп, маанайыӊыз көтөрүлөт. Эски тааныштар жолугушууга чакырат, аларга арнап белек алууӊуз да ыктымал.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Колго тиер акча кечиктирип, кыжалат кылат. Айрым маселени чечүү үчүн керектүү мекемелерге баш багып, убактыӊыз менен күчүӊүз коройт. Бирок булардын баары бүткөрүүнү талап кылгандыктан чыдоо керектелет. Жамаат менен шашылыш ишти бүткөрүүгө катышасыз. Кайсы бир иш үчүн бирге иштешкендерди айыптоодон мурун күнөөнү өзүӊүздөн издеӊиз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бир эле учурда бир нече ишти бүткөрөм деп жанды карч ургандын кереги жок. Жыйынтыктары жакшы болбой калат. Апта башында достор менен өзгөчө жаӊылыкты талкуулайсыз. Апта ортосунда тиричилик буюмун сатып алышыӊыз ыктымал. Апта аягында кол сунган адамыӊыздын ишенимдүүлүгүн текшерип көрүүдөн баш тартыӊыз, болбосо андан кол жууп каласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан