«Жер шарын айланып чыгуу – бул балалыктан бери багып жүргөн кыялым. Чоӊ саякатка чыкчу күн да келип, кыялымды орундатууга жөнөдүм».
Бул пост былтыркы жылдын март айында жазылган. Азыр каарманыбыз сапарынын орто ченинде, тагыраагы, Түштүк Американын Эквадорунда жүрөт. Ага чейин дүйнө кыдыруу саякаты Казакстан, Кытай, Непал, Индия, Шри-Ланка, Малайзия, Таиланд, Лаос, Камбоджа, Вьетнам, Филиппин аралдары жана АКШда болуп өткөн. «Миӊ уккандан бир көргөн артык» демекчи, жер кезердин миӊ түркүн кызыктарга бай баянына кулак төшөйлү.
– Руслан, саякатка чыгуунун алдында «40 өлкөнү кыдырам» деген экенсиз, анын канчоосунда болууга жетиштиӊиз? Өзүңүз жөнүндө да кыскача айта кетсеңиз.
– Мен Фрунзе шаарында 1985-жылы туулгам. Жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик медициналык академиядан алып, бирок эмгек жолумду графика дизайнери катары иштөө менен баштагам. Саякатка келсек, башында эки жылдын ичинде жер шарын айланып чыксам керек деп пландаган элем. Виза алуу кыйынчылыктарынан улам сапарымды кыскартууга туура келип жатат. Тизмеге келсек, тагыраагы ал 38 өлкөдөн турган болчу. Азыр Эквадордомун, саякатымдын эсеби боюнча 13-мамлекеттемин. Африкада чогуу окуган досум үйүнө чакырган. Короосунда апельсин, авокадо, грейпфрут, мандарин өсөт.
Эӊ көп жаккан жана жан дүйнөмө бекем орногон өлкөлөрдүн бири Вьетнам болду. Аталган мамлекетте көрөйүн, жасайын деген иштерден башыӊ адашат.
– Жер кезүү канчалык кызыктуу туюлбасын, ал оӊой иш эмес. Кандай кыйынчылыктар көбүрөөк болуп жатат?
– Кыйынчылыктар жетиштүү эле санда. Бир мисал: мен көбүнчө автобус менен жүрөм. Жолдо жүрүү 5 саатты алса, ага чыдасаӊ болот, бирок көбүнчө 12 саат же андан узагыраак аралыкка чыдоого аргасызмын. Автобуста жүргөн эӊ узак сапарым 27 саатка созулган. Анан автобустан өмүрүмдө бир да жолу көрбөгөн жерге чарчап-чаалыгып түшөсүӊ, алдын ала түнөй турган жайымды караштырууга жетишпей калсам, аны издөөгө киришем. Автобуста жүрүүнүн бир жакшы жагы – ошол өлкөнүн кандай экенин жолду катар көрүүгө мыкты мүмкүнчүлүктүн болгону.
Дагы бир кыйынчылык – бул виза алуу. Жакында эле Перунун элчилигине барсам, мага «Эквадордо бир жыл жашагандан кийин гана Перуга виза алууга мүмкүн» дешти. Мен мынча убакыт күтө албайм, андан ары Боливияга бармакмын. Ал өлкөгө учуу билети кымбат чыгып жатат.
Коопсуздукка келсек, ушул убакытка чейин коркунуч жараткан окуялар болгон жок. Түнкүсүн жалгыз жүрбөгөнгө, кооптуу райондордон алыс болууга аракет жасайм.
– Саякат учурундагы кызыктуу окуялар бир топ болуп калса керек. Кайсы бирин өмүр бою эстеп жүрсөм керек деп ойлойсуз?
– АКШнын Калифорния штатында жайгашкан Секвойя багында өткөн беш күнүм эсте каларлык болду. Кичинемден бери биздин планетадагы эӊ чоӊ дарактарды көрүү кыялым болчу. Ошонум май айында орундалды. Чолпонбай деген досум менен ошол жакка барып, алп токойдун атмосферасына чөмүлүп, көлдө балык кармап, кара аюуну көрүүгө ашыгып аны издедик, бирок таппай койдук.
– Саякат өтө көп акчаны талап кылат эмеспи. Ушул убакытка чейин канча акча короттуӊуз?
– Мен үнөмчүл саякатчымын. Отелдерде эмес, хостелдерде түнөйм, достор же тааныштар болсо, ошолорго баш багам. Шаарларды жакшыраак таанып-билүү үчүн көчөлөрүндө жөө жүрөм. АКШда өзүм үчүн күн бою жөө жүрүү боюнча рекорд койдум: 26,5 чакырым. Суй жыгылдым, бирок жагымдуу чаалыгуу болду. Кээде жетер жериме автостоп менен барам. Жергиликтүү калк тамактанган жайларга барам, хостелде ашкана болсо, өзүм эле тамак бышырып жейм. Айына 500-700 доллар коротуп жатам. Жер кезүүгө сарптап жаткан каражатымды атайын алдын ала топтогом.
– Жер кезерлер адатта саякаты тууралуу китеп же фотоальбом чыгарышат. Бул жаатта кандай пландар бар?
– Көп адамдар блогго илген постторумдун негизинде чыгарма жазуума кеӊеш беришүүдө. Бирок альбом чыгаруу мага көбүрөөк жагып жатат. Ушул кезге чейин аябай көп сүрөт тарттым, үйгө барган соӊ, буюрса, ошолор менен бөлүшөм.
(сүрөттөр Руслан Токочевдики)
Эльвира Караева
koom@super.kg