Чыныбай Турсунбеков: «МЕН МЫЙЗАМДУУ, АДАЛ ИШ ЖАСАГАНГА КӨНГӨМ»

Акыркы убакта айрым массалык маалымат каражаттарында Жогорку Кеӊештин СДПК фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун дарегине имиштер менен тактала элек пикирлер айтылууда. Анын ичинде Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишованын наамына 2012-жылы сатылып алынган «Акылинвестбанк» маселеси да бар. Буга байланыштуу депутаттын өзүнө бир катар суроолорду жолдодук.

– Айрым маалымат каражаттарында Чыныбай Турсунбеков улутташтырылган мүлктү жеӊ ичинен сатып алды деген  маалыматтар чыгып жатат. Тагыраак айтканда, «Акылинвестбанкты» мыйзамсыз жол менен сатып алды деген доомат коюлууда. Бул канчалык жүйөлүү?
– Мен кайсы бир мүлктү менчиктештирип алып же ата-энемден түгөнгүс мал-мүлк калып байыган адамдардан эмесмин. Мен мыйзамдуу жол менен бизнес кылып, адал иштеп бутума тургам. Мурдагы бийлик учурунда бизнесимди үстөккө-босток текшерип, эптеп кынтык таап тартып алуу аракеттери болгон. Эч нерсе таба алышкан эмес. Ошондон улам кичине-чоӊ иш дебей жети өлчөп, бир кескенге көнгөнбүз.
«Акылинвестбанкты» оболу тыкыр изилдеп, мыйзамдуулугун тактап, улутташтырылбаганына көзүбүз жеткенден кийин гана сатып алганбыз.
– Анда эмне сизге курулай эле көө жаап жатышабы?
– Ооба, бул саясат. Эгер чын эле мыйзамсыз болсо мурда эле чурулдап чыгышмак. Эми шайлоо алдында ызылдап жатканы эле бирдеменин башын кылтыйтып турбайбы! Көө жаба турган эч нерсе таппай, айласы кеткенде ушуну бетибизге кармап чыксак, эл ишенип калат деген жаман ойлору бар. Азыр мени, биздин партияны жаманатты кылуунун түркүн жолдорун издеп жаткан саясий оппоненттердин кылганы. Бул материалдардын артында кимдер турганын билебиз. Арам оюнга жооп бере турган учур келет.
– «Акылинвестбанк» Бакиевдерге таандык болчу. Революциядан кийин улутташтырылган, аны Турсунбеков жеӊ ичинен чыгарып сатып алды деп жазышпадыбы...
– Бул банк Чесноков деген Орусиянын жаранына таандык болгон. Улутташтырылган эмес. Азыркы учурда жеӊ ичинен бирдеме кыла аласыӊбы? «Кыӊыр иш кырк жылда билинет» дегендей, арам иштердин арты эмне болуп жатканын көрүп атасыӊар. Улутташтырылган банкты мага сатып ийе турган эки баштуу адам барбы?
Сатып алуунун мыйзамдуулугун тастыктаган документтин баары бар. Банк сатып алууну Улуттук Банк көзөмөлдөп турат. Ал турсун сатып алып жаткан акчаӊдын мыйзамдуулугун, адал акча экенин текшерип туруп гана уруксат берет.
Мында жашыра турган эч нерсе жок. Сатып алганыбыз чын. Аялымдын наамында. Декларацияда ачык көрсөтүлгөн. Бул эми кадыресе эле көрүнүш да, бирөө сатат, бири сатып алат. Мындан саясат жасаштын кереги жок.
– Бекназаров улутташтырылганын тастыктаган документтер бар деп жатат го?
– Ал кишинин кандай документтери бар экенин билбейм. Эгер кичине эле окшошкон документи болсо мына деп алып келип таштап коюшмак да. Бирок, башта айткандай, мыйзамсыз эч нерсеси жокпу деп бир нече ирет тактап туруп, анан сатып алганбыз. Минтип айтып чыкканына караганда Бекназаровдун кандайдыр бир кызыкчылыгы бар да.
– Жакында эле Жогорку Соттун чечими менен банктын имаратына камоо коюлбадыбы?
– Бул жерде «Акылинвестбанк» жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Банкка эч кандай камоо коюлган жок. Ал эми Жогорку Соттун чечиминде имарат жөнүндө сөз болуп жатат. Ал боюнча Бишкек прокуратурасынын өкүлү айткандан ашык эч нерсе айта албайм.
«Акылинвестбанкты» 2012-жылдын аягында сатып алып, 2013-жылдын башы менен иштей баштаган. Миӊ жолу текшеришсе да Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамдарынын бирине да каршы келбейт. Эч кимден, эч жерден тартып алган жокпуз. Мыйзамдуу жол менен сатып алдык.
– Кандай болгон күндө да шайлоо алдында сиздин иш беделиӊизге доо кетирген маалыматтар тарады да. Аларды кантип тыясыз?
– «Ак ийилет, бирок сынбайт». Мен «Азаттык» радиосун сотко бердим. Ага шилтеме кылган башка булактарды да берем. Алар менен мыйзам жолу менен сүйлөшөбүз.

Айгүл Кубанычбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aziziko
2015-08-18 03:05:10
Да Эл эч кимге ишенбейт далай кыргызды кор кылып элдин ырыскысын жеп бизди жаман Орустарга малай кылып буттунор го. Элдин кусуру жаман дейт ошолордун баарына небере чобонор жооп берип калышат го убагы келгенде
+1
Sake80
2015-08-18 14:38:20
Адал эмгек менен ошончо байый албайсынго.
0
cosmopolit
2015-08-18 16:06:11
Sake80, адал эмгек менен байыса болот!!!
0
cosmopolit
2015-08-18 16:05:28
Адал эмгек менен байыса болот!
0
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан