Ильхам Маннонов: «УЮЛДУК ТЕЛЕФОНУМДУ КҮНҮ-ТҮНҮ ӨЧҮРБӨЙМ»

Ошто туулуп-өскөн милициянын майору Ильхам Маннонов өз жашоосун аӊ-сезимине баш ийүү аркылуу укук коргоо органдарында кызмат өтөө менен байланыштырган. Анын айтымында, буга облустук гезиттин журналисти жана драматург атасынын таасири тийген. «Ал мени дайыма адилеттүүлүккө тарбиялаганга аракет кылчу. Ошондуктан мен биздин турмушту адилеттүү кылуу үчүн милицияга кызматка кирдим»,- дейт каарман.

ИШИН ИЙНЕ-ЖИБИНЕ ЧЕЙИН БИЛЕТ
Ильхам Маннонов милициянын кызматын башынан аягына дейре билет. Узак жылдар бою айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы болуп иштегендиктен, криминалдык милициянын курамында жүрүп кылмышкерлерди кармаган, талап-тоноолорду жана уурдоолордун изин суутпай ачкан. Ага базарларда шимшилеген сак чөнтөкчүлөрдү, кулпу бузгандарды колунан кармоого туура келген. Эми Маннонов Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштөөдө. Анын милдети – чек ара тилкесинде жайгашкан көп улуттуу райондун элинин коомдук коопсуздугун сактоо.
Ал бир канча убакыт Бишкекте, ИИМдин Баӊгизаттарды мыйзамсыз айландыруу башкармалыгында эмгектенген. Иши ийгиликтүү эле. Өзү ишке ашырган ири операцияны азыркыга чейин эстеп жүрөт: кинодогудай буктурмада отуруп, кылмышкерди аӊдыган. Ильхам Маннонов ошондо №1-СИЗОго баӊгизат таштала турганы туурасында ыкчам маалымат алган эле. Эркиндикте жүргөн кылмышкер абактын дубалына машина менен жакын келет да, баӊгизаты бар баштыктын узун жибин жандыра баштайт. Баӊгизатты дубалдын ары жагындагы короого ыргытса болду, ал жактан камактагылар шып илип кетишет.
Мунун баарына эсептелүү гана ирмемдер кетет. Эгерде баӊгичабарман жаза ыргытып калса, анда жип менен кайра артка тартып алса болот, бирок демейде мындай болбойт, ыргытат да жипти кесип ийип кетип калат, аны кармап көр. Бирок бул жолу андай болгон жок, Маннонов жана анын кесиптештери баӊгичабарманды колундагысы менен байлап алышты. Милиция кызматкерлеринин колуна 3 килограмм 200 грамм таптаза афган чарсы түштү. Мына ушул мыкты операциясы үчүн Маннонов жетекчиликтин колунан сыйлык алды... Бирок ал баары бир өзү туулуп-өскөн жерин эӊсей берди да, адегенде Ноокатка, кийин бир кезде өзү ПОМдун жетекчиси болуп иштеген Араван районуна которулду.

«ТАНДАП АЛГАН КЕСИБИМЕ ӨКҮНГӨН ЭМЕСМИН»
– Милициянын офицеринин ишинин өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Анын жашоосу устав, кызматтык тескемелер менен так жөнгө салынып турат. Албетте, ак ниеттүүлүк менен иштесе. Мен, мисалы, майрамбы, күн-түн болобу, уюлдук телефонумду өчүрө албайм, кокус кандайдыр бир окуя болуп кетеби, ким билсин. Жаш кезде тандаган ушул кесибиме эч качан өкүнгөн эмесмин,- дейт Ильхам Маннонов.
2010-жылдын каргашалуу июнунда Маннонов так Араван районунда кызмат өтөп, кесиптештери менен биргеликте бир нече кооптуу күндөрдү башынан өткөрдү. Анын айтымында, 13-июнь күнү анын районунда улуттар аралык баш аламандыктарды жаратууга аракеттер болгон, бирок ага ыкчамдык менен бөгөт коюлган. Райондо ыкчам түрдө коменданттык саат киргизилип, экстремисттер райондогу кырдаалды курчутуу боюнча өз пландарын ишке ашыра албай калышкан.
Майор Маннонов азыр жетекчилик кызматта болсо да, опер катары шыгын жогото элек.
– Мен сиздерге муну айткым келет, кылмышты ачуудан көрө анын алдын алуу алда канча маанилүү. Бизде, милицияда, азыр кылмыштарды мүмкүн болушунча азайтууга багытталган иштин комплексин камсыздоого багыт алынды. Ошондуктан менин кесиптештерим туруктуу түрдө айына бир жолу айылдарда жыйындарды өткөрүп, адамдарга маалымат берип турушат. Биздин Араван районунда мал уурулугу абдан чоӊ көйгөй болуп эсептелет. Биз адамдарга «малыӊарды түнкүсүн корооӊорго айдап киргиле, уурулардын көзүн кычыштырбагыла» деп айтып турабыз. Мал уурдагандардын болсо бат эле бетин ачып жатабыз,- дейт Ильхам Абдукахарович.
Муну менен кошо көп улуттуу райондо акыркы жылдары жаӊы көйгөй байкалууда – диний экстремизм баш көтөрүүдө. Учурда укук коргоо органдары Сирияга жөнөп кетүүгө кам уруп жатышкан төрт иш-аракеттердин бетин ачышты. Натыйжада аравандыктардын бирөөсү да ИГИЛ көзөмөлдөп турган аймактарга жеткен жок.
«Азыркы учурда биздин райондо героин сайынган баӊгилер жок, бар болсо да алар баӊгизаттардын жеӊил түрлөрүн колдонушат. Ичкендердин саны арбын. Мындай үй-бүлөлөрдө өсүп жаткан балдардын гана шору. Үй-бүлөдөгү аракечтик болсо зомбулукка жол ачат. Көптөр эгерде күйөөсү аялын сабаса – бул алардын өз иши дешет. Мен эч качан минтип ойлогон эмесмин жана ойлобойм дагы. Зомбулук балдарга да тиешелүү болгондуктан, ага ого бетер жол берүүгө болбойт. Биздин райондогу участкалык милиция кызматкерлери азыр мындай аракеттерге арыздана тургандарга өз визиткаларын таратышат»,- дейт Ильхам Маннонов.

«МЫЙЗАМ КАТУУ, БИРОК БУЛ МЫЙЗАМ»
Азыр Араван районунда участкалык милиция кызматкерлери боюнча кадр маселеси жок. Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин иш сапарынан кийин участкалык инспекторлордун штаттары көбөйтүлгөн, алар укук бузуулардын алдын алуу боюнча активдүү иштеп жатышат. Буга чейин Араванда 10 миӊ калкка бир участкалык инспектор болсо, эми ар бир участкалык инспектор 7 миӊ калк менен иштөөгө тийиш. Бул болсо анын ишин кыйла жеӊилдетет.
Майор Манноновдун пикиринде, жазадан кутулуп кетпөө сот системасынын ишинде маанилүү роль ойнойт, ошондой эле жазанын катаалдыгы да андан кем эмес ролду ойнойт. Акыркы 10 жылдын ичинде Кыргызстанда укук коргоо жаатындагы либералдуу реформаларга абдан эле кызыгып кетишти. Элге болсо «мыйзам катуу, бирок бул мыйзам!» деген эски сөз көбүрөөк жагат. Мыйзам оӊолууну каалабаган рецидивисттерге жана башкаларга карата катаал болушу керек. Анткени кылмышкерлерге карата өтө эле жумшактык менен мамиле кылуунун кесепети криминалдык элементтердин курмандыгы болуучу мыйзамды сыйлаган жарандарга тиет. Ошону менен бирге баары мыйзам чегинде болууга тийиш.
«Биздин өлкөдө мыйзамдардын иштешине жетишүүбүз керек. Бул жерде Ички иштер министрлиги, прокуратура, парламент, жарандык коом, коомдук уюмдар тарабынан да көзөмөл талап кылынат. Укук коргоо жаатындагы реформаларга келсек, кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына натыйжалуу көзөмөл жүргүзүүнү уюштуруу маанилүү. Буга саясий эрк керек, андай эрк өлкө президентинде бар. Жер-жерлерде, жергиликтүү бийлик органдарынын деӊгээлинде колдоо болушу да шарт. Ошондо Кыргыз Республикасында мыйзамдуулук жана тартип орнойт».

Султан Жумакадыров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
aiba91kg
2015-08-17 13:36:23
Бул макаланын максаты эмне???
+7
jakula
2015-08-17 23:26:29
aiba91kg . Шайлоого катыша тургандардын бири го.
+3
RNA78
2015-08-18 09:47:36
jakula,КСДПда тизмеде 6-чы орунда турат
0
Savai80
2015-08-18 12:54:23
2010-жылкы Оштогу июнь окуясы Окмоттун эсинен бат эле чыгыптыр да. СДПКнын шайлоого барчу талапкерлеринин тизмесин карап отуруп ушул ойго келдим. Ошолордун добушуна зар болуп жалдырап оздору барышат. Алар кайра бизге коргулукту корсотушот, мынтип баш которуп алган сон
0
marmiladka9
2015-08-19 19:09:40
ушу ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-08-20 11:00:08
marmiladka9,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
0
chyngyz-KG
2015-08-20 01:19:32
Эмнеге жооп жок максаты эмне бул статьянын?
0
tumar88
2015-08-20 10:58:35
chyngyz-KG, суроонуз укмуш го эмне максатта экенин отчет беришпейт да %).Созсуз мелис же бакиевди жазып туруш керекпи))). Ар тараптуу адамдандан интервью алып тургандын эмнеси жаман
-1
beka1207
2015-08-20 14:43:02
Чын эмне максат???катардагы милиция кызматкери.
0
admin_media
2015-08-21 13:46:33
ziya,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек!
0
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан