Мурун өтүн алдыргандар көбүнчө жашы ортолоп калгандар болсо, учурда 15 жаштагы өспүрүмдөрдү да кездештирүүгө болот. Мунун себептери эмнеде? Суроону чечмелөө үчүн жардамга Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун хирургу, профессор, медицина илимдеринин доктору Эрнис Алыбаевди чакырдык.
ӨТ КАЙДА ЖАЙГАШКАН, КАНДАЙ МИЛДЕТТИ АТКАРАТ?
Өт баштыкчасы – боордун алдында жайгашкан орган. Узундугу 8-14, ал эми туурасы 3-5 сантиметрге жетет. Ичине 60 миллилитрге чейин өт суюктугу батат. Боордо иштелип чыга турган өт суюктугу боор жана өт жолдору деп аталган түтүкчөлөр аркылуу өт баштыкчасына барып куюлуп топтолуп турат жана анда
15 эсе коюуланат. Курамында суу, өт кычкылдары, өт пигменттери (билирубин, биливердин), лецитин, холестерин, фосфатаза ферменти жана калий, натрий, кальций туздары бар.
Адам жеген тамактар ашказанга барып түшкөн сайын өт баштыкчасы жыйрылып, өт суюктугу он эки эли ичегиге куюлуп турат. Жана андагы тамактагы майларды (каймак, өсүмдүк, балык, эттин майы жана башка) эритип, алардын организмге сиӊишине көмөктөшөт. Андан тышкары өт суюктугу ичегилердин булчуӊдарынын иштешин активдештирип, организмдеги аминокычкылдардын, холестерин, кальций тузунун сиӊишин камсыздап, бактериялардын көбөйүшүнө тоскоолдук кылат.
Өт баштыкчасы он эки эли ичегиге өт суюктугун куюп бергенден кийин анын орду кайрадан толо баштайт. Башкача айтканда, боор 1 суткада 1-1,5 литр өт суюктугун иштеп чыгарып турат.
КАЙСЫ УЧУРДА АЛЫП САЛУУ КЕРЕКТЕЛЕТ?
1. Өттүн таш оорусунда
Таштын пайда болуусуна 2 фактор себеп болот:
Жогоруда айтылгандардан улам өт суюктугунун курамындагы холестерин, билирубин, кальций туздары катып, кристаллдашып ташка айлана башташат.
Таштын жаралышына тамакты ашыкча же анда-санда бир жеш, аз кыймылдуулук, семирүү, кант диабети, өнөкөт холецистит, тукум куучулук, жаш курак, гени өзгөртүлгөн азыктарды (ГМО) көп колдонуу да түрткү болот.
Көбүнчө унаада узак мөөнөт силкинип чайпалууда, чуркаганда, өтө майлуу, куурулган же ачуу тамактарды жегенде өт баштыкчасындагы таш жылып, өт жолун бүтөп калат. Мындай учурда боордо иштелип чыккан суюктук агып чыга албай, боордун өзүн шишитип, чоӊойтуп жиберет. Андан тышкары акпай туруп калган өт суюктугунда микробдор көбөйүп, өт баштыкчасын ириӊдетет. Ириӊдегенден улам өт баштыкчасы жарылып кеткен учурлар кездешет. Ириӊден өттүн, боордун тегерегиндеги ашказан, уйку бези, он эки эли ичеги да сезгенип, ооруй баштайт. Ириӊ канга аралашып, бүт организм ууланат. Акырындап өт баштыкчасындагы майда таштар түтүкчөлөр аркылуу таркап (боордун ичиндеги өт жолуна да кирет), өт суюктугу денеге тээп, тери саргаят.
Таш өт жолун бууп калганда катуу оорутуу (приступ) жаралат. Тыгылып калган таш кайра артка жылып ордуна туруп калганда приступ таркайт. Минтип жүрүүгө адам көнө баштаганы менен оору өтүшүп, башка органдарга да кесирин тийгизерин эске алуу кажет.
Андыктан өттө таш пайда болсо, анын саны бир же экөө же көп болгонуна карабай өт баштыкчасын алып салуу керек. Башкача айтканда, оорунун тереӊдеп кетишине жеткирбөө кажет.
2. Өт баштыкчасында эт өсүп кеткенде (полип)
Мунун пайда болушуна деле ашыкча же сейрек тамактануу, майлуу тамактарды көп жегендик себепчи.
3. Өт баштыкчасынын шишигинде (рак)
4. Өт түтүкчөсү сезгенүүдөн улам ийрейип, бүтөлүп, өт суюктугун өткөрбөй калганда.
Бул көбүнчө түтүкчөгө бактериалдык инфекциянын кирип кетишинен болот. Мисалы, ичеги таякчасы, стафилококк, энтерококк.
ӨТҮ АЛЫНГАН АДАМДЫН ТАМАКТАНУУСУ
Өт баштыкчасы алынган соӊ өт түтүкчөсү он эки эли ичегиге түз кошулуп коюлат.
Адам өтү алынгандан кийин 1 айдай диета кармоосу зарыл. 5 маал аз-аздан сууга жана бууга бышырылган тамактарды жеш керек. Каймак май (сливочное масло), өсүмдүк майын, сүт азыктарын колдонсо жакшы. 1 айдан соӊ кадимкидей тамактана берсе болот. Бирок диеталык тамактар организмде оорулардын жаралышынын алдын ала тургандыктан ошондой тамактарды ичип, калган органдарды сактоо туура.
ӨТТҮН АЛЫНЫП КАЛЫШЫНА ЖЕТКИРБӨӨ
Башкысы өт ооруганда дароо врачка барып текшерилип, дарылануу. Тактап айтканда, өнөкөт холециститке, өт баштыкчасында таштын пайда болуусуна жана башка ооруларга жеткирбөө. Убагында туура тамактануу, куурулган, майлуу тамактарды азайтып, кайнатма тамактарды көбүрөөк жеп-ичүү. Гени өзгөртүлгөн азыктарды мүмкүн болушунча колдонбоо, жугуштуу ооруга чалдыкканда дарылануу керек жана башка.
САНДАР СҮЙЛӨЙТ
Маалыматка таянсак, Кыргызстандагы хирургиялык операциялардын 60 пайызынан көбү холецистэктомияга (өттү алдыруу) туура келет. Мисалы, 1 жылда Бишкектеги Улуттук хирургия борбору менен №1-шаардык клиникалык ооруканасында эле 1500дөй холецистэктомия жасалат. Өтүн алдыргандардын жаш курактары 15-90 жашка чейин.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg