Арзыбек Бедияров, Кыргыз Эл артисти: «АЙЫЛДА ЖҮРҮП ЭЛЕ ЭЛ АРТИСТИ БОЛДУМ»

«Жүрөктөн чыккан ыр гана жүрөккө жетет» демекчи, обончу Арзыбек Бедияровдун обондорунун дээрлик көпчүлүгү эл оозуна алынып, ырдалып жүрөт. Анткени 63 жаштагы Арзыбек ага ар бир обонду жаратуу үчүн жүрөгүн садага чаап, обондун каарманын сүйүүгө аргасыз. Анда сөз башынан болсун.

БЕЛГИЛҮҮ ОБОНДОРУ
«Күлгүн жаш», «Барам сага», «Сүйүүӊдү сүртүп кеттиӊ жүрөгүмө», «Көзүӊдөбү керемет?», «Бозойдун ыры», «Жаштыгыӊды аядыӊ», «Бир сырым», «Эми кимде күнөө бар?», «Ушундай беле бешене?», «Жолуксам жоругуӊ бар күлүп коймой», «Кутмандуу жерим», «Келем сага», «Түшүмө кирдиӊ түндө сен», «Таарындым сага», «Жолукчу жоодураган ак маралым» жана башкалар.

«УЯЛЧААКТЫГЫМДЫН АЙЫНАН СҮЙГӨНҮМДҮ ТАРТТЫРЫП ЖИБЕРГЕМ»
-Окуучулук күндөрүм Сузак районунун Кызыл-Сеӊир айылында өткөн. 8 бир туугандын экинчисимин. Мектепте жакшы окудум, бирок бир жолу музыка сабагынан «3» алганымды унутпайм. Анда физика мугалимибиз деле музыкадан сабак бере берчү. Башкалардай болуп жулкунбай уялып отурсам, мени эч нерсе билбейт деп «3» коюп салган. Ошол убакта ал мугалим менден белгилүү композитор чыгарын аӊдабаса керек. Алгачкы жолу 7-класста мектептин сахнасына чыгып ырдагам. Уялчаактыгымдан ашык болгон кыздарыма сөз айта албай же кат жаза албай, дайыма арманда калчумун. Мага жаккан кыздардын баарын классташ балдарым шуулдап өздөрүнө имерип алышчу. Мен болсо ушундай экен бешене деп тим болчумун.
Бир жолу бир кыздан кат алганым эсимде. Атам пахта бригадири болчу. Кошуна айылдан пахта тергени келген кыздар биздин үйдө жүрүшчү. Ошол кыздардын бири мага кат жазып, ал эжемдин колуна тийип калыптыр. Кечинде үйдөгүлөр чогуу отурганда «Арзыбекке кат келиптир» деп атамдардын көзүнчө окуп салса болобу?! Мен чычалап, ызаланып аябай ыйлагам. Ошондо 8-класста окуган чоӊ эле бала болчумун. Мектепти бүткөндөн кийин бир кызга аябай ашык болдум. Бирок ага сүйүүмдү билдиргиче ала качып кетишкен.

«ӨЗҮМ ООРУКЧАН БОЛГОНДУКТАН ДОКТУР БОЛОМ ДЕЧҮМҮН»
-Атам талантымды байкап мандолина, аккордеон сатып берген эле. Ошол аспаптарым менен эле убара болуп жүрчүмүн. Азыр эстесем, бир да бала менен мушташкан эмес экенмин. Өзүм оорукчан болгондуктан доктур болом деп өзүмө сөз берген элем. Борборго келип 3 жыл катары менен мединститутка тапшырып, үч жолкусунда теӊ өтпөй калгам. Төртүнчүсүндө Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайга тапшырып, фельдшерлик кесипке ээ болдум. Ушул окуу жайда окуп жүргөндө алгачкы жолу «Эне тилеги» деген ырга обон чыгаргам. Окуу жайды бүтүргөн соӊ ооруканада, андан кийин мектеп-интернатта иштеп жүрдүм. Талант деген талант экен, акыры өзүнө тартып кетти. Кеч болсо да азыркы Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетине тапшырып, аны 1982-жылы аяктагам. ө

«ЖУБАЙ ТАНДАГАНДА ЖАӉЫЛГАН ЖОКМУН»
-Эр жигит кесип тандаганда жана жубай тандаганда жаӊылбаш керек» дешет. Кудайга шүгүр, экөөндө теӊ жаӊылган жокмун. Эгерде ушул аялым болбосо, обончу болот белем, билбейм. Обондорумдун көпчүлүгү махабат темасында болгондуктан теригип-тескебейт. «Кимдин жаштыгын аядыӊ, кайдагы ушактан коркуп жатасыӊ, ким сүйүүсүн жүрөгүӊө сүртүп кетти, кимге барам дейсиӊ, кимди ойлодуӊ, кимди түшүӊдө көрдүӊ эле?» деп суракка албайт. Жубайым менен Сузакта ооруканада иштеп жүргөндө таанышкам. Түштөн кийин жумуш азайып калганда терезеден жол жакты карап кыялданып калар элем. Көчөдөн атлас көйнөк кийген бир кыз күнүгө өтөт. Аны жактырып калдым. Урбай деген досум экөөбүз артынан барып тааныштык. Аты Патила экен. Көрсө, ал ооруканада дарыланып жаткан бир тууган эжесине тамак алып келчү экен. Күнүгө жолугуп жатып бири-бирибизге көнүп кеттик. Анан Акбаралы аттуу досумдун УАЗ машинеси менен ала качтык.

«КАЙНЕЖЕМ КАМАТАМ ДЕП»
-Бир күнү кайнежемди көрүп коёюн деп ооруканага кирип баратсам, колумдан кармап «сени каматам, эмне менин сиӊдимди ала качып кеттиӊ?!» деп коркуткан. Биз жакшы жашап кеткенибизден кийин кайнежем менин эжеме «Арзыбекти каматам деп уят болгом» деп айткан экен. Кудайга шүгүр, эки кыз, төрт уулдуу болдук. Балдарымдын улуусу 43 жашта болсо, кенжебиз 30га чыгып, баары бала-бакыралуу, очор-бачар. 17 неберем бар. Жубайыма арнап «Кайда жүрдүӊ?», «Жолукпай калсак не болмок?» деген эки ыр жазгам. «Артисттердин аялдары көп, гастролдоп барган жеринде бирден баласы болот» дешет. Менин жалгыз эле аялым бар. Өтө камкор атамын, аялды кантип сүйүш керек, кантип эркелетиш керек, кантип тарбиялаш керек экенин жакшы билем. Үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбойт экен. Чыгармачылыктан болгон чыр 2 пайызды түзсө, 98 пайызы турмуштук эле себептерден улам болчу. Жубайым экөөбүздүн максатыбыз, багытыбыз бир болгондуктан күнүмдүк көр-оокаттагы майда-барат нерселерге өзүбүздү алдырбайбыз. 44 жыл чогуу жашадык, бир да жолу «төркүнүмө кетем!» деген сөздү айткан жок.

«ЖАКШЫ ЧЫГАРМАЛАРДЫ ЖАРАТЫШ ҮЧҮН СҮЙҮП ТУРУУ КЕРЕК»
-Мени эл обончу катары тааныган күндөн бери санасам 41 жыл болуптур. Чыгармачыл адамдын сезим-туюму, көкүрөгү, жүрөгү жаш болушу керек. Менин ырларым жалаӊ сүйүү темасында, алсак «Барам сага», «Келем сага», «Жетем сага», «Ушундай беле бешене?», «Кантейин корком ушактан» жана башкалар. Ата-эне, мекен, балдар, мугалим жөнүндө жазган ырларым деле арбын. Элге жалаӊ гана махабат тууралуу жазган ырларым жагып жатпайбы. Пайгамбар жашына келип калдым деп сүйүү тууралуу ыр жазбай коё албайм. Сүйүүнү философиялык жактан кароо туура. Турмушуӊду бузбай, аялыӊдын көӊүлүн оорутпай акырын сүйүп койсоӊ боло берет (күлүп). Чыгармаларымдын ар биринин каармандары бар, алардын арасында өзүнө арналганын билгендери да, билбегендери да арбын. Мисалы, кытайлык кыргыз кызы Арзыгүл 10го жакын ырларымдын каарманы. Негизинен бир жакшы окуяны башымдан кечирсем хит ырлар жаралат. Баш-аягы 150дөй обон жараттым, ушуга чейин эч бир ырчыга обондорумду саткан эмесмин.
Учурда музыкалык мектепте иштейм, андан сырткары шаардык Маданият үйүнө кол кабыш кылып турам. Аны менен катар «Күлгүн жаш» деген тобум бар. Бул топ «Элдик» деген наам алган. Шахра Талипова, Кутман Жолдошев сыяктуу ырчылар ушул топтон чыккан. Элчилеп өнөрүмдүн артынан эл көрүп, жер которуп жашаганым жок. Өмүр бою айылда жашап келем. Кадыр-барк, атак-даӊк жер тандабайт экен, айылда жүрүп эле 10 жыл мурун Кыргыз Эл артисти деген наам алгам.

"Эгерде ушул жубайыма жолукпасам обончу болот белем, айта албайм".

"Талант деген талант экен, акыры өзүнө тартып кетти".


Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Sayragul
2015-08-17 12:07:30
Ырлары абдан сонун мага жагат. Бардык ырларында мааниси, созу , обону кучтуу ырлар жаралган. жакшы жубайга туш келген дагы бакыт, омурунуз узун болсун .
+2
daniel87
2015-08-17 12:21:14
Азаматсыз сиздин ырларыныз чынында эл оозунан тушпойт.Айрыкча Шахра эже абдан ырларынызды кырын чыгара ырдайт
+4
karona
2015-08-18 17:18:13
ийгилик каалайм сизге ырларыныз жагат.
+1
jypar.i
2015-08-19 21:53:42
Чың ден-соолук,узун өмүр,бакыт каалайм, жана чыгармачылыгыңызда көптөгөн ийгиликке жетишиңизге тилектешмин.Чындыгында ырларыңыз абдан сонун, сиздин талантыңызга таазим
0
aibo_85
2015-08-21 15:57:48
Жакында Жалал-Абад курортунан агайга жолугуп баарлашып калдым, дарыланып жаткан экен, абдан сылык, ото жонокой киши экен. Сизге чыгармачылык ийгилик, ден соолук каалаймын.
0
tursunbaev2004
2015-08-21 19:06:51
акырын суйуп койсон боло берет деген жери жактыда
0
Ruma
2020-12-14 11:35:04
Карл Маркс атындагы интерната музыкадан сабак берчу эле.. 82 - 88 жылдары.бар болун агай..
0
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан