Адилет Касымбеков, жеке ишкер: «АГРАРДЫК ТАРМАК ӨНҮГҮҮСҮ КЕРЕК!»

Адилет Касымбеков
1977-жылы Тору-Айгыр айылында туулган. 1984-1992-жылга чейин орто мектепте окуп, 1992-жылы Бишкектеги жол куруу техникумунан билим алган. Техникалык адистикке ээ болгон соӊ айылына кайтып келип, «Адилет» дыйкан чарбасын түзүп, бир нече гектар жерди иштетет. Анын дыйкан чарбачылыгында алдыӊкы катарда жүргөнү бааланып, 2001-жылы Ысык-Көл облусу боюнча «Мыкты фермер» сыйлыгын президенттин колунан алган. Эки жылдан бери МТС негиздеп, анын жетекчиси катары элге кызмат көрсөтүүдө. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

«АЙЫЛ ЧАРБАСЫ САПАТТУУ ҮРӨНГӨ МУКТАЖ»
– Тору-Айгыр айылында тентек балалыгым өттү. Ата-энем керек-жарак коомунда көп жыл соодагер болуп эмгектенишкен адамдар. Эч нерседен кем болбой, эл ортосу болуп чоӊойдук. Үч бир туугандын улуусумун. Апам көп жыл совхоздун ашканасында иштегендиктен ал жакка көп барып, шоопурлардын арасында чоӊойдум. Алар азыр да абдан шок экендигимди айтып калышат. Айдоочулардын машинасын чачып, тентектик кылып өскөнүм да бүгүнкү машина-трактордук станциянын ээси болушума таасири тийдиби деп калам.
Техникага жакын болуп өстүм. Тракторлорду иштетип, элдин жер иштетүүдөгү маселелерине жардам бере баштадым. Район чоӊ, техникалар жетишпейт. Ошондуктан эки жыл болду, машина-трактордук станция ачып, дыйкандардын суроо-талабын орундатып, мурда техника жетпеген аймактардагы айдап, себүү, оруу иштерин бүтүрүп жатабыз. Жаз алды менен иштерди бүтүрдүк. Азыр МТСтин тракторлору оруп-жыюу жумуштары менен алек. Быйыл дыйкандар бак көп отургузушту. Ушунун баарын тракторлор жасашты. Тракторлорубуз арзан баада айдап, малалап, жер иштетүүдөгү иштерди комплекстүү аткарып жатышы – түшүмдүн дагы жогору болушуна себеп болууда. 105 деген тракторубуз таштуу жерлерге чейин айдоодо.
МТС ачылганга чейин менчик тракторлор каалаган баасын коюшуп, сапатсыз сээп, сапатсыз айдап жатышкан эле. Биз эл менен иштегенге көнсөк, эл дагы биздин кызматтан пайдалануунун артыкчылыгын сезип калышты. Бирок дагы бир чечилбеген маселе – бул үрөн чарбасынын жоктугу. Дыйкандар жакшы, сапаттуу үрөнгө муктаж болууда. Ошондон улам дагы түшүм начар натыйжа берип жатат. Дыйкан үчүн биринчи техника менен үрөн башкы маселе да. Сапаттуу үрөн менен камсыз кылуубуз керек. Шаардыктар нан кайдан пайда болгонун билбейт болушу керек. Буудай канча мээнет менен эгилип, жыйылып нан пайда болот. Сапатын карабастан эле эгип жатабыз да,
түшүмгө келгенде ойдогудай ала албай келебиз. Учурда кооперативдер түзүлгөнү түзүлүп, каржы маселесинин айынан калып калууда. Ар бир айыл өкмөткө буларды уюштуруп, сапаттуу үрөн себүү боюнча жардам берүүбүз керек. Кыргызда «Эмнени эксеӊ, ошону аласыӊ» деп бекеринен айтышпайт. Агрардык тармакты көтөрүп, өнүктүрүүбүз зарыл.

«БАК ТИККЕН СООП ИШ»
– Артыбызда балдарыбыз, анан эккен багыбыз калса керек. Бак тиккен сооп иш деп 8 гектар жерге жаз алды менен мөмөлүү дарактардын көчөтүн отургуздум. Бул жер мурда каралбай жаткан кайрак жер болчу. 6 гектарга өрүк, калган 2 гектарына алма, алмурут жана башка мөмөлүү дарактардын көчөтү тигилди. Бул бакты элибиз өнүгүп-өссүн деген ниетте «Өнүгүү» деп атадык. Келечекте бир түшүм алып, бир жөнөткүдөй кылып чакан мөмө-жемиш заводдорун курсак деген ойдомун. Ушул ишти биринчилерден болуп баштап, өз продукцияны жолго коюп как, шире чыгарсак жакшы болмок. Бакты ата-энем менен бирге чогуу карап, өстүрүп жатабыз. Насос менен сугарылат.
Буудай эгип буудайды, арпа эгип арпаны карап отура бербестен, ар тармактуу агрардык нерсенин баарын өздөштүрүүнү элге жеткирүү керек.

«АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КӨТӨРҮҮГӨ КИЙИНКИ МУУНДУ КӨБҮРӨӨК ТАРТУУ ЗАРЫЛ»
– Кандай коом болбосун жаштар анын күчү болуп келген. Биздин мамлекеттин күчү болгон жаштарыбызды «талаалатпай» өз өлкөбүздө жумуш менен камсыз кылуубуз керек. Жаштардын саясатка көбүрөөк тартылуусун каалайт элем. Кадрдык маселеде кресло гана алмашылып, эч бир өзгөрүү жок. Иштерман, аракети бар жаштар тартылса жакшы болмок. Каякта болбосун жердешчилик, тууганчылык менен кадр маселелери чечилүүдө. Айыл чарбасын көтөрүүдө да кийинки муунду көбүрөөк тартуу зарыл. Мен 1995-жылдан бери фермердик чарбаны көтөрүү үчүн эмгектенип келем. Кыйынчылыктар да көп болду. Эл тараза. Эл үчүн суу, техника, үрөн маселеси орчундуу болгондон улам да өз айылымды жер иштетүүдө техника менен камсыз кылып, суу маселесин да чечүүгө жардам берип келем. Көрүп-билип туруп басып кете албайсыӊ. Суу тартыш, кургакчылык. Илгертен скважина менен сугарылган жерлер көп. Кайра калыбына келтирип жатабыз. Өзүмдүн атымдан элге скважина сатып бердим. Ошону менен бирге 10 жылдан бери мектептин 1-4-класска чейинки мыкты окуучуларына «Адилет» атындагы стипендия берип келем. 23 жашымдан райондук кеӊештин депутаты болдум.

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан