ЖАШЫЛЧА ТУЗДОО

Андыктан жашылча-жемиш туздоону азыртан баштаганыӊыз оӊ. Кышкысын табитиӊизди ачып, дасторконуӊузду көркүнө чыгарчу туздалган жашылчалардын рецепттерин сунуштайбыз.

БАНКАДАГЫ АССОРТИ

Керектелүүчү азыктар: (Рецепттер 3 литрлик банка үчүн)
Түстүү капуста
– 1 даана
Помидор – 0,5 килограмм
Бадыраӊ – 0,5 килограмм
Кабакча – 1 даана
Сабиз – 3 даана
Болгар калемпири – 3 даана
Сарымсак – 3 баш
Лавр жалбырагы – 4 даана
Тоголок кара мурч – 10 даана
Укроп – 1 боо
Туз – 3 аш кашык
Кумшекер – 2 аш кашык
Уксус – 1 аш кашык

Даярдоо:

1. Алгач керектүү азыктарды жууп-тазалап, бадыраӊды 5-6 саатка муздак сууга чылап коёбуз. Бадыраӊдын эки учун кесип салсаӊыз да болот.
2. Сабизди кайнак сууга салып жумшартып алабыз.
3. Бууланган банканын түбүнө укроп, түстүү капуста, андан кийин бадыраӊ, помидор, туурасынан кесилген кабакча, сабиз, узунунан кесилген болгар калемпирин тизебиз. Ортолоруна лавр жалбырагын салабыз.
4. Банкага кайнап жаткан сууну толтура куюп, капкагын жаап, жылуулап жаап 20 мүнөт тыныктырабыз.
5. Аӊгыча аралашма даярдап алабыз. 1 даана сабизди, 2 даана болгар калемпирин, 1 баш сарымсакты эт туурагычтан өткөрөбүз.
6. Банкадагы сууну идишке куюп алып, кайра отко коёбуз.
7. Банкага 3 аш кашык аралашма, 1 аш кашык уксус, 2 аш кашык кумшекер, 3 аш кашык туз салабыз да, кайнап жаткан сууну куюп оозун бекитебиз.
8. Банканы көмкөрүп, ороп-чулгап коёбуз.

ТУЗДАЛГАН ПАТИССОН

Керектелүүчү азыктар:
Патиссон
– 2 килограмм
Сарымсак – 3 баш
Хрен жалбырагы – 5-6 тал
Сельдерей – 1 боо
Укроп – 1 боо
Туз – 3 аш кашык
Кумшекер – 2 аш кашык
Уксус – 1 аш кашык

Даярдоо:

1. Өтө чоӊоюп кетпеген майда патиссондорду жууп тазалайбыз да, сабагы чыккан жерин кесебиз (чоӊдорун майда бөлүктөргө бөлүп жасасак да болот).
2. Андан кийин алдын ала бууланган банкага укропту, сельдерейди, хрен жалбырагын салып, үстүнө патиссондорду тизебиз.
3. Кайнап жаткан сууга 3 аш кашык туз, 2 аш кашык кумшекер салып, 100 грамм өсүмдүк майын кошуп банкага куябыз.
4. Соӊунда 1 аш кашык уксусту куюп, оозун бекитебиз.
5. Банканы көмөрүп, 1күн коюп, салкын жерде сактоо керек.

ТУЗДАЛГАН КАБАКЧА

Керектелүүчү азыктар:
Кабакча
– 1,5 килограмм
Ачуу калемпир – 1 даана
Укроп – 4-5 тал
Сарымсак – 1 баш
Хрен, сельдерей, карагат жалбырагы – 3 талдан
Туз – 3 аш кашык

Даярдоо:
Кабакчалардын сабагын кесип, жууп-тазалайсыз. Алдын ала бууланган банканын түбүнө жуулган укропту, хрен, сельдерей, карагаттын жалбырактарын, сарымсакты жана ичи тазаланбай жуулган ачуу калемпирди салабыз. Узунунан кесилген кабакчаларды тизип, кайнап жаткан сууну куюп, капкагын жаап 15-20 мүнөт тыныктырабыз. Сууну банкадан идишке куюп алып кайра кайнатасыз. Банкага 3 аш кашык туз салып, кайнак сууну жаба куюп оозун бекитиӊиз. Муздаганда салкын жерде сактаӊыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Emu-Janyl
2015-08-17 11:41:26
Биринчиси жакты,жасап коруш керек экен.
0
010288
2015-08-17 14:50:28
урматту админ мультиварка жонундо берилген маалыматынарды шилтеме мн коргозуп койгулачы сураныч.рахмат
0
admin_media
2015-08-17 15:57:44
010288,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коебуз, рахмат!
0
kg_egizder
2015-08-17 22:41:26
Капустаны озуну эле туздалганын жаза кеттиниздерчи
0
Saipova.91
2015-08-19 14:19:06
дагын жазгылачы кененирээк.
0
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан