2009-ЖЫЛДЫН ТАСМАЛАР ПАРАДЫ

Жыл бою дүйнөдө кино сүйүүчүлөрдү бирде кубандырып, бирде ыйлатып, бирде күлдүрүп, кыскасы, ар кандай эмоция жарата алган миңдеген тасмалар жарык көрдү. Айрым актёрлордун бул жылы жылдызы жанса, тескерисинче, кино искусствосуна из калтырган айрымдар дүйнө менен кош айтышты. Ошондой эле Америкалык кино сынчылардын улуттук коому жыл ичиндеги тасмалар боюнча жыйынтык чыгарууга жетишишти. Эмесе, 2009-жылдагы кино жаңылыктар, жоготуулар, табылгалар.

ЭҢ МЫКТЫ ТАСМАЛАР
«Терминатор», «Титаник» тасмалары эсиңиздеби? Дал ошол улуу тасмаларды жараткан режиссёр Жеймс Кэмерон бул жылы да ийгиликтен куру калган жок. Кэмерон мырзанын Жер планетасынан алыстап, Пандора планетасына саякат жасагандыгы үчүн «Аватар» тасмасы «Жылдын премьерасы» деп аталды. Ал эми «Жылдын мыкты тасмасы» атагын «Бороон падышасы» фильми жеңип, режиссёру Кетрин Биглоу «Жылдын мыкты режиссёру» наамына татыктуу болду. Аталган тасмада башкы ролду жараткан актёр Жереми Раннер эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн өзгөчө сыйга татыды. Курч сюжет, атайын эффекттер, актёрлордун күчтүү курамы тасманы ийгиликке жеткире алды десек жаңылышпайбыз. Мындан сырткары мыкты тасмалардын катарына режиссёр Мак Жинин «Терминатор. Сактоочубуз келет» жана Клинт Иствуддун «Багынбас» тасмаларын кошсок болот.

КОМЕДИЯ ЖАНРЫ ӨНҮГҮҮДӨ...
Башка жылдардан өзгөчөлөнүп, бул жылы комедия жанрында көп ийгиликтер болду. «Олуттуу адам», «Вегастагы достордун кечеси», «Асманга учсамбы?..» тасмалары көрүүчүлөрдү күлкүгө мас кылды. Алардын ичинен Жейсон Райтмандын «Асманга учсамбы?..» тасмасы өзгөчө бөлүнүп, «Жылдын мыкты комедиясы» деп табылды. Албетте, Жорж Клунидей атактуу актёр башкы ролду ойносо, ийгилик жылоолобой коёбу? Ал эми тасманын мыкты сценарийи үчүн Жейсон Рейтман, Шелдон Тернер сыйланышты.

ЭҢ КЫМБАТ ТАРТЫЛГАН ТАСМАЛАР
Мыкты фильм көп курмандыкты талап кылат эмеспи. Таң калтыруу жагынан алдына эч кимди салбаган Жеймс Кэмерон дагы да болсо алдыда. Анткени анын «Аватар» фильминин бюджети 300 миллион долларды түзгөн. Буга чейин мынча акчага эч ким тасма тарта элек эле. Андан кийинки кезекти бюджети 250 миллион долларды чапчыган Девид Иетстин «Гарри Поттер. Жарым кандуу ханзаада» тасмасы алган. Ал эми «Динозаврлар доору-3» анимациялык тасмасы 90 миллион долларга тартылып, ийгиликке жетише алды.

ЖЫЛДЫН СҮЙҮКТҮҮ ТАСМАСЫ
Бул жылдын эң сүйүктүү тасмасы, албетте, «Күүгүм. Жомок. Жаңырган ай» тасмасы болду. Аталган тасма «Сүйүү тууралуу мыкты фильм» деп аталып, дүйнөлүк прокаттан 662 миллион доллар киреше тапканга жетишти. Ошондой эле «Гарри Поттер. Жарым кандуу ханзаада» тасмасы өспүрүмдөрдүн жүрөгүнөн өз ордун таба алды.

ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН АКТЁРЛОР
«Күүгүм. Жомок. Жаңырган ай» фильминде башкы ролду жараткан Роберт Паттинсон (Эдвард) кечинде жөнөкөй жигит болуп уктап, эртең менен сүйүүнүн рыцары болуп ойгонду десек жарашчудай. Роберттин сүрөтү бир кездеги Леонардо Ди Каприодой эле ар бир кыздын жаздыгынын алдында катыларына ишене берсеңиз болот. Бул ийгилиги үчүн ал «Эң сексуалдуу актёр» атагын алса, өнөктөшү Кристен Стюарт (Белла) «Жылдын дебюту» наамына ээ болду.

ЭҢ МЫКТЫ МУЛЬТФИЛЬМ
«Жылдын мыкты анимациялык фильми» наамын «Pixar» студиясы тарткан «Өйдөгө» аттуу мультфильми жеңип алды. Жаш бөбөктөрдөн жашырылып келген өлүм, жашоо темасын ачып берген бул мультфильмди балдар эле эмес, чоңдор да кызыгып көрүшөт. «Каролина – коркунуч дүйнөсүндө», «Динозаврлар доору-3» тасмаларын да балдарга арналган мыкты мультфильмдердин катарына кошсок болот.

ИЙГИЛИК КҮТҮП, БИРОК...
Бул жылы ийгилик күттүргөн, бирок ойдогудай деңгээлге жетпеген орто заар тасмалар да болду. Булардын катарына «Трансформерлер-2» тасмасын кошсок болот. Биринчи бөлүгү ийгиликке жеткен менен, экинчи бөлүгү эл күткөндөй боло бербеди. Ошондой эле «Жалданмалар», «Бир вампирдин тарыхы», «Арал» тасмалары кино сынчылардын сынынан сынып, көпчүлүккө сиңип кете албады.

ЖЫЛДЫН ЖОГОТУУСУ
2009-жылы кино искусствосунда чоң жоготуулар болду. Атай кетсек, Штирлиц деген ат менен таанылган Вячеслав Тихонов, атактуу режиссёр Иван Дыховичный, Евгений Весник, актёрлор Олег Янковский, Вячеслав Невинный, Семён Фарада, Владимир Турчинскийлер каза болду. Ошондой эле дүйнөгө аты таанылган Тарантинонун «Биллди өлтүрүү» тасмасында ойногон Дэвид Кэррадайн, «Арбак» жана башка тасмаларда образ жараткан актёр Патрик Суэйзи, «Драйв», «Күнөөлөрдүн шаары» тасмаларына тартылган Бриттани Мерфи дүйнө менен кош айтышты.

Кино сүйүүчүлөр «Оскар» сыйлыгын чыдамсыздык менен күтүшөт эмеспи. «Оскардын» алтын статуэткаларына кайсы тасма ээ болору 7-мартта билинет. Ал эми 2-февралда «Оскар» сыйлыгына талапкер болгон тасмалар расмий түрдө жарыяланат. Айта кетчү нерсе, быйыл «Эң мыкты фильм» сыйлыгына беш эмес, он тасма көрсөтүлөрү анык болду. Эмесе, тасмаларга ак жол!

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 375, 8-14-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан