Мындан 5 жыл мурун тамада, шоумен Бакыт Байсариев 4 кабаттуу үй салып баштаганын жазган элек. Ошол ак өргөө курулуп бүтүп, ага конок болуп келдик.
Үйү тууралуу
ЧАЙ МАЕК
– Үйүӊүздү 1 саат тааныштырат го десем, 5 мүнөттө эле кыдыртып чыктыӊыз го...
– Биздин үй айрымдардыкындай 4-5 кабаттуу эмес да. Анткен менен Ак-Өргөө конушундагы эӊ бийик үй (күлүп).
– Бул жерге көчүп келгениӊиз эсиӊиздеби?
– Кантип унутайын?! Биз сатып алган кезде тамдын дубалы эле бар болчу. Курулуш иштерин жасап көрбөгөн жаным башында аябай кыйналгам. Эми ал кезде тажрыйба жок болчу да. Азыр үйрөнүп калбадымбы. Үй салыш керек болсо 1 айда эле салып коём (күлүп).
– Чурулдап чуркап чыккан балдарыӊыз, жаркылдаган жубайыӊыз көрүнбөйт го?
– Балдарым шаардын ысыгынан качып жубайым менен айылга кетишкен.
– Үйдү салууга канча каражат жумшалууда?
– Эсептеген жокмун. Үй салганда көп эле кетет экен. Ата-энем, мен маӊдай терибиз менен тапкан каражатыбызды жумшап жатабыз. Толук бүтө элек, буюрса, 2-3 жылда кыялымдагыдай үй болот.
– Рахмат, үйүӊүздөн береке кетпесин!
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg