Мекенибиздин кайсы бурчуна барба, шаар болобу, айылбы, тообу, көлбү, дароо көзгө таштандылар урунат. Кыргызстанда түбү көрүнбөгөн таштанды маселеси башка өлкөлөрдө кандай чечилет? Чет өлкөдөн таштанды иштетүү боюнча үлгү алсак болобу?
ТАШТАНДЫНЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА АЛДЫНА АТ САЛДЫРБАГАН ӨЛКӨЛӨР
Швеция
Азыркы учурда ар бир шведдин үйүнүн алдында кагаз, айнек, металл, пластик үчүн өз-өзүнчө контейнерлер турат. Ал эми кайра иштетүүгө болбогон таштандыларды (батарейка, термометр, аккумулятор, компьютер жана башка) өзүлөрү жашаган аймактагы экологиялык станцияга жеткиришет. Таштандыны кайра иштетүүдөн тиричиликке керектүү буюмдардан сырткары унаалар үчүн биогаз алынат. Ал эми таштанды жагуу менен калк жашоочу үйлөрдүн, ишкана-мекемелердин 20 пайызын жылуулук менен камсыз кылышат. Экологдор болсо өрттөлгөн таштандылардан чыккан түтүндү зыянсыздандыруучу долбоор иштеп чыгышкан. Натыйжада абага 1 пайызга жакын гана зыяндуу газ тарайт. Өлкөдө кайра иштетүү үчүн таштанды тартыш болуп, жылына 800 миӊ тоннадан ашуун таштанды Норвегия, Улуу Британиядан алынып келинет.
Германия
Шведдер сыяктуу эле немистердин да үйүнүн алдында ар кайсы түстөгү бир нече контейнер турат. Түсүнө карап таштандыларды бөлүп салышат, сарыга – пластик, көккө – кагаз калдыктарын жана башка. Таштандыларды кайра иштетүүдөн немистер эӊ негизгиси электр энергиясын, күйүүчү майды алышат.
Австрия
Австрияда таштандыны өрттөөдөн чыккан түтүн тазаланып, абага дээрлик зыяндуу заттар чыкпайт. Таштандыдан эӊ негизгиси электр энергиясы жана күйүүчү май алынат. Калдыктарды жагуу менен 60 миӊге жакын көп кабаттуу үй жылуулукка ээ болот.
Голландия
Голландияда таштанды таштоочу жайларды дээрлик кезиктирбейсиӊ. Бардыгы заводдорго кирип, ар тармакка керектүү буюм-тайым болуп чыгат.
КЫЗЫК ЭКЕН
КЫРГЫЗСТАНДА ТАШТАНДЫНЫ ЭМНЕ КЫЛАТ?
Таштандыларды кайра иштетүү үчүн мекенибизде завод барбы? Бул суроо ар бир кыргызга кызык. Бул боюнча таштандыларды кабыл алуучу жайдын кожоюнумун деп атын атабаган адам төмөндөгүлөрдү айтып берди.
– Таштандынын ар бирин карап чыга турган адамдар бар. Мисалы, желим бөтөлкөлөрдү өӊүнө жараша бөлүп, «Агро Пром» холдингине алып барабыз. Ал жерде майдаланган соӊ фура менен Орусияга жиберип жатабыз. Мурун Кытайга да алып кетишчү. Орусиядан синтетика жиптерди чыгарышат.
Целлофандарды да өӊүнө, чоюлчаактыгына, калыӊдыгына карата бөлүп, Бишкектеги «Баят» базарынын жанындагы заводго алып келебиз. Майда бөлүктөргө бөлүп, аны да Орусияга жөнөтөбүз. Алардан чака-чайнек сыяктуу желим буюмдар даярдалат.
Кыргызстанда кагаз, картондор иштетилет. Ал эми темирлерди Кытайга жөнөтөбүз. Жыгачтар таштандыдан аз эле табылбаса, жокко эсе. Мисалы, биз кагаздын килограммын 5 сом, айнек бөтөлкөнүкүн 1 сом, целлофанды 15-25 сом, ал эми желим бөтөлкөнү 9 сомдон кабыл алабыз.
ТАРИФ ГО КӨТӨРҮЛДҮ, ЗАВОД КАЧАН КУРУЛАТ?
Бишкек шаардык кеӊешинин «Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтарга тарифтери тууралуу» токтомуна ылайык, 2016-жылдын 1-январынан баштап таштанды үчүн баа көтөрүлөт:
Пенсионерлер 1 айга – 6 сом (учурда 4 сом)
Жалпы жарандар – 22,5 сом (15 сом)
Ишкана-мекемелер (1 куб метр) – 225 сом (150 сом)
2013-жылдын 8-майында өткөн Бишкек шаардык кеӊешинин кезексиз жыйынында Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мурат Исмаилов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Бишкектеги таштандыларды тазалоо системин жакшыртуу үчүн 22 миллион евро бөлөрүн айткан эле. Жарымын насыя, калган 11 миллион еврону кайтарымсыз грант катары. Бирок банк негизги талап катары борбордогу таштандыларды алып чыгуу үчүн болгон төлөмдөрдү 50 пайызга жогорулатууну койгон. Банктын каржылоосу менен жаӊы техникалар алынып келинип, таштандыларды иштетүүчү завод курулмак. Тарифтин өсүүсү боюнча токтом кабыл алынды, бирок мэрияга байланышканыбызда берилчү гранттан азырынча дайын жок экенин билдиришти.
ТАШТАНДЫ ЫРГЫТКАНДЫГЫ ҮЧҮН АЙЫП ПУЛ
Кыргызстанда – 2000-10 000 сом.
Швецияда – 90 евро (болжолдуу 6000 сомдой)
Германияда – 20-600 евро (1300-40 000 сомдой)
Италияда – 25-500 евро (1700-33 000 сомдой)
Сингапурда – 300-1000 сингапур доллары (13 500-45 000 сомдой)
Испанияда – 90-200 евро (6000-13 400 сомдой)
Асыл Орозбекова,
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg