ТУШ КАГАЗ, КАФЕЛЬ ЧАПТАЙБЫЗ

Жылдар агылган сайын үйлөрдүн долбоорлору, бөлмө дубалдарын кооздогон туш кагаздын түрлөрү, көз жоосун алган түркүн түстүү кафелдер чыгууда. Мурунку сандарыбызда берилген времянкага канча туш кагаз, кафель кетет байкап көрөлү. (орточо баа менен эсептелди)

Конок бөлмө
Туш кагаз (туурасы 1 метр, узуну 10 метр өлчөмүндөгү), бир даанасы – 1000 сомдон, 4 даана – 4000 сом
Туш кагаз үчүн клей – 1 пачка – 150 сом
Линолеум – чарчы метри 350 сомдон, 9,7 метр – 3395 сом, эгер ламинат кылсаӊыз, чарчы метри 400 сомдон, 9,7 чарчы метр – 3880 сом
Плинтус – бир даанасы (2,5 метр) 65 сомдон, 5 даана – 325 сом
Плинтуска керектелүүчү бурчтуктар – 210 сом
Жалпы баасы(линолеум менен) 8080 сом, (ламинат менен) 8565 сом

Кызмат акылары
Туш кагаз чаптоо – чарчы метри 100 сомдон, 33,5 чарчы метр – 3350 сом
Ламинат – чарчы метрин 120 сомдон коёт, 9,7 чарчы метр – 1164 сом
Линолеум – чарчы метрин 50 сомдон салат, 9,7 чарчы метр – 485 сом
Плинтус чаптоо – метрин 50 сомдон чаптайт, 15 метр – 750 сом
Жалпы баасы(линолеум) 4585 сом, (ламинат) 5264 сом

Уктоочу бөлмө
Бул бөлмөгө 29,7 чарчы метрге 4000 сомдук туш кагаз кетет. Клей үчүн – 150 сом, линолеум 7,5 чарчы метр – 2625 сом
Ламинат 7,5 чарчы метр – 3000 сом, плинтус – 4 даана – 260 сом, бурчтуктарына 195 сом кетет.
Жалпы баасы(линолеум) 7230 сом, (ламинат) 7605 сом

Кызмат акылары
Туш кагаз чаптоо – 2970 сом, линолеум – 375 сом, ламинат – 900 сом, плинтус – 500 сом
Жалпы баасы (линолеум) 3845 сом, (ламинат) 4370 сом

Ашкана
Туш кагаз 26,6 чарчы метрге – 3000 сом, клейге 150 сом, кафель (гарнитурдун жанындагы дубалга) – чарчы метри 250 сомдон, 4,9 чарчы метр – 1225 сом
Кафель (гарнитурдун алдына) – чарчы метри 250 сомдон, 1,16 чарчы метр – 290 сом
Кафель үчүн клей – 1 мүшөк – 250 сом. Линолеум 11 чарчы метр 3850 сом, ламинат 11 чарчы метр – 4400 сом.
Плинтус – 6 даана – 390 сом, бурчтуктарга – 225 сом
Жалпы баасы(линолеум) 9380 сом, (ламинат) 9930 сом

Кызмат акылары
Туш кагаз чаптоо – 2660 сом, кафелге 1515 сом, линолеумга 550 сом, ламинатка 1320 сом, плинтус чаптоого 975 сом
Жалпы баасы – (линолеум) 5700 сом, (ламинат) 6470 сом

Душ
Кафель
дубалга 15 чарчы метр – 3750 сом, полго 2,5 чарчы метр – 625 сом
Кафель үчүн клей 250 сомдон, 4 мүшөк – 1000 сом
Плинтус – 8 метр – 260 сом
Бурчтуктар – 135 сом
Жалпы баасы – 5770 сом

Кызмат акылары
Кафель чаптоого
– 4375 сом, плинтус чаптоого – 400 сом
Жалпы баасы – 4775 сом

От жагуучу жай
Кафель
(дубалга) 15 чарчы метр – 3750 сом, полго 2,4 чарчы метр – 600 сом
Кафель үчүн клей – 4 мүшөк – 1000 сом
Плинтус – 8 метр – 260 сом
Бурчтуктар – 135 сом
Жалпы баасы – 5745 сом

Кызмат акылары
Кафель чаптоого – 4350 сом
Плинтус чаптоого – 400 сом
Жалпы баасы – 4750 сом

Кире бериш
Туш кагаз – 21 чарчы метр – 3000 сом
Туш кагаз үчүн клей – 1 пачка – 150 сом
Кафель – 5,7 чарчы метр – 1425 сом
Кафель үчүн клей – 1 мүшөк – 250 сомдон (25 килограмм)
Плинтус – 4 даана – 260 сом
Бурчтуктар – 240 сом
Жалпы баасы – 5325 сом

Кызмат акылары
Туш кагаз чаптоого – 2100 сом
Кафель чаптоого – 1425 сом
Плинтус чаптоого – 600 сом
Жалпы баасы – 4125 сом
Бардыгы (линолеум менен) 69 310 сом, (ламинат менен) 72 694 сом

Кафель чаптоо
Алгач кафель коюлуучу жерди жылмакай кылып шпателдин жардамы менен текшилөө керек. Эгер дубалдын же полдун бетинде майда таш же бүртүкчө калып калса, кафелди түз чаптоого тоскоол болот. Кафель чаптоону бөлмөнүн төрүндөгү бурчтан баштайсыз. Клейди сыртында көрсөтүлгөн эрежеге ылайык даярдайсыз. Дубалга кафель чаптоо төмөндөн жогору көздөй башталат. Кафелдин биринчи катары тегиз болушу үчүн пол менен кафелдин ортосуна тактай төшөп коюу керек. Биринчи катарды чаптап бүткөнчө тактайды алууга болбойт. Клей 2,5 миллиметрден кем эмес калыӊдыкта жана чапталган кафелдердин аралыктары 2-4 миллиметр болуусу шарт.

Туш кагаз чаптоо
Туш кагаз чаптоо үчүн биринчи дубалдын тазалыгы жана жылмакайлыгы талап кылынат. Ал үчүн алдын ала дубалды шпателдин жардамы менен даярдап алыӊыз. Дубалдын өлчөмүнө ылайык кесип, даярдап алуу кажет. Туш кагаз чаптоону терезенин жанынан жогорудан төмөндү көздөй баштоо керек. Бул туш кагазды үнөмдүү колдонууга жана туш кагаз чаптоодо көлөкөнүн тоскоол болуусун алдын алат. Ошондой эле бөлмөнүн эшик-терезесин жаап алуу керек. Эшик-терезе ачык калган учурда бөлмө желдеп, туш кагаздын тегиз чапталуусуна терс таасирин тийгизет.

Чыӊгызхан Кожошов
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aku
2015-08-17 22:58:42
Кимде кандай идея бар б/у кафелдерди эмне кылса болот? Уйдун кафелин алмаштырсак толтура кафел калды бутун бойдон ыргыткан жалко,эшике дорожка жасап коелу десем кышында тайгак болот дейт фантазиям жетпей жатат. Жазып койгулачы колдонгондор бар болсо
-1
AIZAD
2015-08-18 01:16:46
aku,сатып ийгиле, б/у деп. Очок салгандар алат деп ойлойм
0
aku
2015-08-18 12:24:02
AIZAD,))))) аларды кайдан табам очок салгандарды.
-1
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан