«РОСИНБАНК» ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАӉЫ ФИЛИАЛ АЧТЫ

Өлкөнүн банк рыногундагы беделдүү орду бар «Россиялык Инвестициялык Банкы» өз кардарларына жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантууда. Тактап айтсак, Жалал-Абад шаарынын борборунда аталган банктын жаӊы кеӊсеси ачылды. Салтанаттуу ачылыш аземине «Росинбанк» ААКсынын төрагасы Евгений Немеринский жана Улуттук Банктын өкүлдөрү, өнөктөштөр, Жалал-Абад шаар мэриясынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышышты.
– Биздин кардарлардын өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берүү максатында филиалдарды өнүктүрүүнү колго алып жатабыз. Бул филиал Жалал-Абад шаарынын жашоочулары жана жакынкы райондордогу биздин кардарлар үчүн чоӊ мүмкүнчүлүк түзөт деп эсептейм. Заманбап кеӊсе жергиликтүү тургундардын бардык талаптарына жооп берип, кардарлар үчүн кызмат кылууга даяр. Биз өз кардарларыбызга кам көрүү кадамын мындан ары да жанданта беребиз,- деп белгиледи өз сөзүндө Евгений Немеринский.
Жаӊыдан ишке кирген кеӊседе эсептик-кассалык тейлөө, депозиттерди чогултуу, түрдүү насыяларды берүү, валюта алмаштыруу, ыкчам акча которуу, эл аралык системадагы төлөм карталары (Visa, UnionPay, «Элкарт») бөлүмдөрү калк үчүн кызмат кылат. Белгилеп кетчү жагдай, облус аймагында банктын 4 кеӊсеси жана 7 аманат кассасы иштеп жатат.
Жаӊыдан ишке кирген кеӊсенин алгачкы кардарлары өз ойлору менен бөлүшүштү:
Жаныш Арынбаев, ЖАМУнун өкүлү: – Кеӊсенин ачылышы менен банк кызматкерлерин жана кардарларды чын жүрөктөн куттуктайм. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин окутуучулары маяналарын банкомат аркылуу ушул банктан алышат. Аталган банк банктар арасында өз ордун таап, эл ишенимине ээ боло баштады. Ушул кадамынан тайбасын.
Айтбай Мусаев, Жалал-Абад Сууканал башкармалыгынын башчысы: – Биз мамлекеттик ишканабыз, биздин валюталык эсеп ушул банктан ачылган. Эки жылдан бери тыгыз кызматташып иштеп жатабыз. Бул банк эл аралык стандарттарга жооп берет жана өлкөнүн алдыӊкы банктарынын бири. Андыктан биздин ишкана бул банк менен иштешүүнү тандаган.
Тимур Туйбаев, жеке ишкер: – «Росинбанк» биздин аймакка ачылгандан тарта кызматынан пайдаланып келе жатам. Албетте, ар бир кардар банктарды тейлөөсүнө, насыянын үстөк пайызынын төмөндүгүнө карап тандайт. Мага ушул банктын кардарларга түзгөн мүмкүнчүлүктөрү жаккандыктан насыя алып, өз ишимди жүргүзүп келе жатам. «Росинбанк» өз кардарларына өзгөчө көӊүл бөлөт. Акча которуулары да ыкчам, тейлөөлөрү да жакшы. Банк кызматкерлери да сылык-сыпаа мамиле кылышат. Менин жеке пикиримде, банк кардарларды тейлөө аркылуу тарта алат. Келген кардарга канчалык сылык-сыпайы мамиле жасап, кызматын өз убагында бүтүрүп берсеӊ, кардарлар өзүлөрү келишет эмеспи.

«Росинбанктын» жаӊы кеӊсеси Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Банктын эшиги дем алыш күндөрүнөн сырткары бардык күнү саат 8:30дан 17:30га чейин ачык.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
mirana9395
2015-08-17 18:29:50
Эмне мынча эрте жабылат 17:30,

Эч болбосо саат 19:00чейин иштешсе жакшы болмок,иштен кеч чыккандар ал банкта иштери болсо жетишпей калатко дейм.
0
altyw95jan
2015-08-17 20:37:22
Жалалабадта ошондой ерте жабылат. Бирок бир вечерний банк бар. Мен Жалабаттан боломда
0
mirana9395
2015-08-18 13:19:06
altyw95jan,Аябай эле эрте жабылат экенсинер ее:)
0
altyw95jan
2015-08-19 23:00:30
mirana9395, ооа да
0
Pantherka
2015-08-18 18:07:28
Эн кымбат банк
0
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан