Колдо бар азыктардан өз колуӊуз менен табигый скраб жасап алсаӊыз болот. Мындай скраб бет териӊизди тазалап гана тим болбостон, керектүү витаминдер менен да азыктандырат.
АЛДЫН АЛА...
1. Бетиӊизде учук жана башка түрдүү жаралар, кесилген жерлер болсо, скраб колдонууга тыюу салынат.
2. Скраб колдонордун алдында билектин ички бетине бир аз сүйкөп, 10-15 мүнөт күтүӊүз. Эгер кызарып-кычыштыра баштаса, ал скрабды колдонууга болбойт.
3. Скраб колдонордон мурун бет-моюндун терисин тазалап алуу зарыл. Ал үчүн атайын тоник, сүт (молочко), лосьондор жардамга келет.
4. Тазалаган соӊ теридеги майда тешикчелери (пора) ачылышы үчүн идишке ысык суу куюп, андан чыккан бууга бетти тосуу кажет. Андан кийин кол же спонж менен скрабды бетке жука сүйкөп, жеӊил укалоо керек.
5. Скрабдан кийин бет териӊизге жараша крем сүйкөөнү унутпаӊыз.
6. Кандай скраб колдонсоӊуз да, аптасына 1-2 жолу сүйкөгөндөн ашырбаӊыз.
Эскертүү! Скраб көздүн, ооздун айланасына сүйкөлбөйт. Сүйкөлгөндөн кийин бетти катуу сүргүлөө туура эмес. Төмөндө сунушталган скрабдар 1 гана жолу колдонулат.
МАЙЛУУ ТЕРИ ҮЧҮН
1 аш кашык кумшекерге 1 аш кашык майдаланган кара туз, сүргүчтөн өткөрүлгөн бадыраӊдан 1 аш кашык кошуп аралаштырабыз. Боткону бет-моюнга шыбап, 1-2 мүнөт жеӊил укалап, дагы 5-7 мүнөт коюп коёбуз. Андан кийин алгач жылуу, анан муздак суу менен чайкап коёбуз.
1 аш кашык майдаланган карагат, ун, грек жаӊгагын жана каймакты аралаштырабыз. Бетке сүйкөгөн соӊ 1-2 мүнөт жеӊил укалап, анан бетти жылуу суу менен чайкайбыз.
КУРГАК ЖАНА СЕЗИМТАЛ ТЕРИ ҮЧҮН
1 аш кашык кумшекерге (саргыч түрү болсо жакшы) майлуулугу аз каймактан 1 аш кашык кошуп аралаштырабыз. Даяр болгон скрабды бетке сүйкөп, 1-2 мүнөт жеӊил укалап, андан соӊ жылуу суу менен чайкоо керек.
Алманын 1 чай кашык майда тууралган кабыгына 1 чай кашык ун, 1 чай кашык майдаланган грек жаӊгагын жана 1 чай кашык каймак кошуп аралаштырабыз да, боткону бетке жабабыз. 1-2 мүнөт жеӊил укалап, жылуу суу менен жууп коёбуз.
Калыптагыдай жана аралаш тери үчүн
1 чай кашык балга 1 чай кашык корица татымалын жана 1 чай кашык зайтун майын кошуп аралаштырабыз. Бетке сүйкөгөн соӊ 1-2 мүнөт жеӊил укалап, дагы 10 мүнөт коюп коюу кажет. Убактысы жеткенде жылуу суу менен жууп салабыз.
Апельсиндин кургатылып майдаланган кабыгынан 1 аш кашык алып, ага 1 чай кашык майдаланган грек жаӊгагын жана 1 чай кашык жылуу суу кошуп жакшылап аралаштырабыз. Скрабды бетке тегиз сүйкөп, 3-4 мүнөт жеӊил укалап, анан жылуу суу менен таза жууп салабыз.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg