2000-жылга чейин Бишкектин тегерегинде 20 жаӊы конуш пайда болгон. 5 жыл аралыгында жаӊы конуштардын саны 29га жеткен. Ал эми 2010-жылга карата борбор калаабыздын аймагына караштуу 47 жаӊы конуш пайда болуп, өкмөт үй куруп жашоого уруксат берген. Кайсы жаӊы конушта кандай шарттар бар экендигин билүү үчүн Бишкек мэриясынын Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына кайрылсак, жетекчилиги андай маалыматтар чогула электигин айтты. Андыктан өзүбүз бардык жаӊы конуштарды кыдырып, алар үчүн «шпаргалка» чогултуп бердик.
ЖАӉЫ КОНУШТАРДЫН ТИЗМЕСИ ЖАНА ШАРТТАРЫ
Эскерте кетчү жагдай, жогоруда аталган жаӊы конуштардын көпчүлүгүнүн борбордук көчөлөрүнө гана асфальт төшөлгөн, ал эми бала бакчалары менчик. Кээ бир жаӊы конуштарда жер тилкелери берилгени менен, үйлөр салына элек. Мындан тышкары Бишкек шаарынын да, Чүй облусунун да аймагына карабаган Ак-Жар, Алтын-Казык, Калыс-Ордо-2, Теӊдик сыяктуу көптөгөн жаӊы конуштар бар. Ал жактарда эл отурукташып, өзү менен өзү болуп жашап жатышат.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg