АЙБАНАТ АКТЁРЛОР

Тасмага кичинекей балдар менен жаныбарларды тартуу түмөн түйшүк экенин режиссёрлор көп айтышат. Ошол түйшүктүү иштин акыбети кайтып, жыйынтыгында бүтүндөй тасмага көрк берип, атүгүл «киножылдыз» болуп чыга келген жаныбарлар бар.

«WARNER BROTHERS» КИНОКОМПАНИЯСЫН ИТ САКТАП КАЛГАН
1918-жылдын 15-сентябрында Ли Дункан аттуу америкалык жоокер бомбалоодон кийин урап калган Франциядагы үйлөрдүн биринен жаракат алган немис овчаркасын 5 күчүгү менен таап алат. Күчүктөрдүн арасында келечектеги Голливуд жылдызы – Рин Тин Тин бар эле. Согуш аяктаган соӊ кожоюну күчүктү Калифорния штатына ала кетет да, ар кандай айбанаттардын көргөзмө-шоулоруна, мелдештерге катыштыра баштайт.
Иттин талантын кинопродюсер Чарльз Жонс байкап, Рин Тин Тин тууралуу «Ринти» аттуу тасма тартат. Дебюттук эмгеги үчүн итке 350 доллар гонорар төлөнөт. 1922-жылы ал кезде анчалык белгилүү эмес «Warner Brothers» кинокомпаниясы жабылуу коркунучуна кептелип, акыркы каражатына карышкыр катышкан тасма тартып жаткан. Ли Дункан карышкырдын ролуна өзүнүн итин сунуштайт. Жыйынтыгында Рин Тин Тиндин катышуусундагы «Тозок дарыясынан келген киши» («Человек с адской реки») тасмасы чоӊ ийгиликке жетишет. Ошентип ит аталган кинокомпанияны жабылуудан сактап калган.
Рин Тин Тин 30дан ашуун тасмага тартылган. Дүйнөгө таанымал бул ит 1932-жылы өлгөн. Учурда Техас штатында Рин Тин Тиндин музейи иштейт жана Голливуддагы жылдыздар аллеясында анын ысымы жазылган жылдызча бар.

КОЖОЮНУН МИЛЛИОНЕР КЫЛГАН АЮУ
Голливуддагы атактуу жаныбарлардын бири – Барт аттуу аюу. Ал «Аюу» («Медведь»), «Ак азуу» («Белый клык»), «Күз уламышы» («Легенда осени») сыяктуу тасмаларга тартылып, Стивен Сигал, Брэд Питт өӊдүү актёрлор менен тасма талаасында «кесиптеш» болгон. Аюу-актёр өзүнүн 17 жылдык чыгармачылыгында 12 толук метраждуу тасмага көрк кошуп, кожоюну Дуглас Суска 6 миллиондон ашуун доллар киреше таап бергенге үлгүргөн.
Айта кетсек, 70-ирет «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземинде Барт сахнага жеӊүүчүнүн ысымы жазылган жыгач конвертти тиштеп чыкканда алпаруучу Майк Майерс анын жанына баруудан коркуп, айласы куруган. Тилекке каршы, Барт 2000-жылы 23 жашында өзү тууралуу тасмага тартылып жатканда оорудан өлгөн.

ЖАПАЙЫ МЫШЫК – ГОЛЛИВУД ЖЫЛДЫЗЫ
1950-1960- жылдары жылдызы жанган мышык Оранжи (айрым учурда Рубарб деп аталып жүрөт) эки жолу «Пэтси» сыйлыгын (жаныбарларга берилчү киносыйлык) алган жалгыз мышык. Ал «Тиффаниникиндеги эртеӊ мененки тамактануу» («Завтрак у Тиффани») аттуу «Оскар» сыйлыгына татыган тасмага актриса Одри Хепбёрн менен бирге тартылып, атакка жеткен.
Оранжинин атактуулукка карай жолу да өзүнчө кызык. Аны Лос-Анжелес шаарындагы Агнес Мюррей аттуу айым кароосуз жүргөн жеринен таап, багып алат. Кийин «Paramount Pictures» кинокомпанияcы 6 айдан бери тасмага тартууга мышык издеп жатышканын угуп, сүрөтүн көрсөтүлгөн дарекке почта аркылуу салып жиберет. Жыйынтыгында кастингге катышкан 3500 мышыктын арасынан Оранжи тартуучу топко жагып, «Рубарб» аттуу тасмага тартылат. Бул тасмада Оранжиге 22 мышык дублёр болгон. Мышыкты тасма тартыларда Агнес айымдан келишимдин негизинде Фрэнк Инн аттуу дрессировщик колуна алат. Так ушул тасмадан соӊ атагы таш жарган Оранжи катары менен тасмаларга тартылып (баш-аягы 500гө чукул), Фрэнк Иннге 250 миӊ доллар киреше таап берген.

ЛЕОНАРДО ДИ КАПРИО ЖЕТПЕГЕН «ОСКАРГА» МАЙМЫЛ ЖЕТКЕН
Капуцин породасындагы ургаачы маймыл Кристаллды «маймылдардын Анжелина Жолиси» деп аташат. Учурда 20 жаштагы «актриса» кожоюну жана машыктыруучусу Том Гандерсон менен Лос-Анжелес шаарында жашайт. Ал өзүнүн 18 жылдык карьерасында «Музейдеги түн: күмбөздүн сыры» («Ночь в музее: Секрет гробницы»), «Чытырман токойдогу Жорж» («Джордж из джунглей»), «Доктор Дулиттл», «Жигиттер отурушу: Вегастан Бангкокко» («Мальчишник-2: Из Вегаса в Бангкок») сыяктуу 30га жакын тасмага тартылган. Ал эми Кристаллдын гонорары тууралуу сөз кылчу болсок, «Ветеринардык бейтапкана» («Ветеринарная клиника») аттуу телесериалдын ар бир сериясындагы эпизоддор үчүн ага 12 миӊ доллар төлөнгөн. Бул көрсөткүч Голливуддагы орточо гонорар алган актёрлордукунан көп.
Кошумчалай кетсек, 2015-жылы Кристалл кино дүйнөсүнө кошкон салымы үчүн «Оскар» сыйлыгын алып, көптөгөн актёр-актрисалардын «ичин күйдүргөн». Сыйлык тапшырылган соӊ интернет колдонуучулар Леонардо Ди Каприо менен Кристаллдын сүрөтүн монтаждап, «керек болсо маймылда да «Оскар» бар, ал эми Леодо жок!» деп жазып чыгышкан.

АТАКТУУ АРСТАНДЫ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ АТЫП САЛГАН
СССР киносундагы таанымал айбанат-актёрлордун бири – арстан Кинг. Баку шаарындагы Лев Берборов аттуу киши энеси асырабай койгон оорукчан арстандын күчүгүн багып алат. Кинг Берборовдун кадимки эле шаар ичиндеги көп кабаттуу үйдөгү батиринде чоӊоёт.
1973-жылы СССР менен Италия өлкөсү "Италиялыктардын Орусияда болгон укмуштуу окуясы" («Невероятные приключения итальянцев в России») аттуу биргелешкен тасмага Кингди тартышкан. Тартуу иштери толук аяктай электе трагедиялуу окуя катталат. Жай мезгили болгондуктан Кинг менен кожоюну съёмка учурунда мектептин короосундагы үйдө жашап жатышкан. Күндөрдүн биринде бир жигит мектептин короосуна тосмодон ашып түшкөндө Кинг ага чуркап келип ойной баштайт. Аны жолдон өтүп бараткан милиция кызматкери көрүп калып, адамга кол салып жатат деп ойлоп атып салган.

КЫРГЫЗСТАНДА
Кыргыз тасмаларына да жаныбарлар көп тартылган. Мисалы, «Акбаранын көз жашы» тасмасына атайын Орусиядан 16 үйрөтүлгөн карышкыр алынып келинген. Тартуучу топтогулардын айтымында, баш каармандар Ташчайнар менен Акбаранын ролундагы карышкырлардан башкасын атууга уруксат алышкан. Карышкырларды камерага, иштеген адамдарга көндүрүүгө жарым айдай убакыт корогон. Акыры режиссёр Дооронбек Садырбаев карышкырлар үчүн 1 уй сойдуруп, тасма тартылып бүткүчө карышкырларды ошол эттин жардамы менен артынан ээрчитип тартышкан. Ал эми «Курманжан датка» тасмасындагы үйрөтүлгөн жолборс Москвадан алынып келинген. Жолборстун 1 жумалык «гонорары» 1 миллион сомго бааланган.

Асхат Субанбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Ajar.
2015-08-17 09:50:22
Жакшы макала экен, бирок кыргыз кинолорундагы жаныбарлар тууралуу аз берилиптир.
"Акжолтой" деген тасмадагы аюу, "Караш-караштагы" Сүлүккара, "Ак кемедеги" Бугу эне, "Ак илбирстин тукумундагы" кайберен ж.б. кошсоңор болот беле...
+6
aikol87
2015-08-17 10:19:19
Арстанга жаман болуптур.
+1
aziko88
2015-08-17 11:35:50
Хатико жокко.
+3
Mediziner
2015-08-17 15:27:59
Ушул жаныбарларды колго уйротуп "жылдыз" кылган адамдарга данк! Оскар аларга эмес, аларды кыйналып колго уйроткон адамдарга берилиши керек эле.
+4
AFFANCULO
2015-08-18 06:45:25
байкуш Барт 2000-жылы 23-жашында олгон дейт го? жаныбарларды ушинтип айтышса кызыктай угулат экен ;)
+1
mmambet94
2015-08-18 08:16:40
Арстандын ойногону копоол болсо керек да
+1
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан