АТАКТУУ “ЖОЛБОРСТОР”

Жыл баян

Ушинтип жолборс жылы да келип калды. Жолборс жылында төрөлгөн атактуу айымдар жана мырзалардан Кыргызстан куру эмес. Төмөндөгү инсандарыбызда дагы жолборско тиешелүү сапаттар бар. Назар салыңыздар.

Жолборс өкүмчүлүк кылган жылдар -
1902, 1914, 1926, 1938, 1950,
1962, 1974, 1986, 1998, 2010...

АТААНДАШТЫКТА
Атактуу актрисалардын бири Жамал Сейдакматованын жылы жолборс. Жыл боюнча мүнөздөмө берсек, аңчыга алдатпаган, капканга түшпөгөн сак мүнөз жолборс атаандаштыкта алдыртпайт. Өтө намыскөй келишет. Жерде жашаганы менен, асманда учууну максат кылат. Тактап айтканда, кандай чөйрөдө болсо да таажы кийип, такта отургусу келет. Жамал эженин айтуусунда, көздөгөнүнө жеткен көктүгү да жолборстун мүнөзүнө таандык.

ҮЙ-БҮЛӨДӨ
Жолборс жылында төрөлгөндөр башкага каардуу болсо да, үй-бүлөсүнө жумшак мамиле жасайт. Бирок чектен чыгып баратса, азуусун батыра тиштеп салганга даяр. Ошентсе да көп учурда өзүн токтоо кармайт. Жакындарын баш ийдирип эле эмес, үй-бүлөсүнө мыкты кам көрө билет. Белгилүү алпаруучу Бактыбек Мамытов бул сөздүн чыныгы далили экени белгилүү.

СҮЙҮҮДӨ
“Кыз-Бурактын” кызгалдагы Кенже Дүйшеева да жолборс жылында туулган. Жолборс жылында төрөлгөндөр сүйүүгө өзгөчө көз карашта. Сүйүүсү үчүн ойго келбеген курмандыктарга бара алышат. Кумарлуу жолборстор сүйүктүүсүнөн да ошондой мамилени күтөт. Бирок көпчүлүк учурда сүйүүсү жоопсуз калат.

МАМИЛЕДЕ
Жолборс жылында төрөлгөндөр элге өтө алымдуу болушат. Тааныбаган адам менен деле оңой мамиле түзө алышат. Кабагы ачык, кандай чөйрөгө болсо да сиңип кете турган жолборстор кеченин көркү боло алышат. Активдүүлүгү менен алдында кандай тоскоолдуктар болбосун тепсеп өтөт. Жашоону көп түскө боёп, ар кыл кесипти аркалаганды жакшы көрөт. Спорт дүйнөсүндө аты белгилүү Руслан Түмөнбаев да жолборстун бул сапаты өзүндө бар экенин айтып өттү.

ДОСТУКТА
Бул жылдагылар достукка өтө бекем адамдар. Эч качан жамандыкта досун таштап кетишпейт. Бирок жаман жагы, досторуна өзүмчүлдүк менен мамиле кылышат. Ар дайым жанында коштоп жүрүүсүн, анын кайгысын, кубанычын тең бөлүшүүсүн каалашат. Мындай мүнөзгө Султан Садыралиев ээ экенин сыртынан байкап эле жүрөбүз.

КАМААРАБАСТЫГЫ
Сыртынан дипломат, сылык сүйлөп, сыпаа күлгөн бул жылдагы адамдар көпчүлүк учурда ченемди билишпейт. Көп нерсеге камаарабаганы менен, ар дайым ийгилик кучагында жүрөт. Ошондуктанбы, көп нерсеге күйүп-быша бербейт. Саналган сапаттар ырчы Мирбек Атабековдо да кезигет.

КААРЫ
Бул жылдын өкүлдөрү айланасындагыларга өзүнүн сүрү менен таанылат. Душманына өтө коркунучтуу адам деп билсек болот. Мындайлар өз үлүшүнөн куру калганын сезсе, каршылашын эч качан кечирбейт. Жолборс жылында төрөлгөндөрдүн каарына эч ким туруштук бере албайт. “Депутат айым Роза Отунбаеванын сүрү да анча-мынча адамдардын тизесин титиретпей койбойт” дешет жакындан тааныгандар.

ШАЙЫРДЫГЫ
Куудулданып эл көңүлүн ачкан Назира Жетигенова да ушул жылы төрөлгөн. Бул эжекебизде жолборстун төмөндөгүдөй сапаттары бар. Мактоону, көпчүлүктүн көңүл борборунда болууну жакшы көрөт. Тамашакөй жана оптимист. Мындай адамдар турмуштун бороонуна чалдыкса да байкатпаганга аракет кылышат. Жолборстун күчтүү энергиясын, эмгекчилдигин алган бул адамдар өтө күжүрмөн келишет.

АКЧАГА МАМИЛЕСИ
Бул жылда төрөлгөндөр акчаны өзгөчө сүйүшөт. Ал эми акча да өзүн сүйгөн адамга топтолот эмеспи. Ошондуктан бул жылда төрөлгөндөрдүн көбү акчалуу адамдар болушат. Жолборс жылындагылар акчаны үнөмдөп колдонуп, анын баркын, баасын билет. Керек жерден марттыгын да элге даңазалап коюуну жактырышат. Жолборс жылында төрөлгөн Сыймык Бейшекеевдин жыл сайын байге коюп концерт бергени, бизнеси жүрүшүп жатканы да бекеринен эмес тура.

АҢЧЫЛЫГЫ
Жолборс табиятынан аңчы. Байкатпай келип капыстан кол салган бул мүнөз жолборс жылында төрөлгөн адамдарда да бар. Өзгөчө жолборс айымдар мыкты аңчы боло алышат. Анткени алардын алтынчы туюму жакшы иштейт. Токтайым Үмөталиеванын аял болсо да өлкө башкарууга белсенип жүргөнү буга ачык далил эмеспи.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Тынчтыкбек
2010-02-08 11:14:57
Мен дагы атактуу жолборстордон болом :)
0
№ 375, 8-14-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан