КРИСТЕН СТЮАРТ

Голливуд актрисасы Кристен Стюарт бой жеткенге чейин эле 18 тасмага тартылган. Бирок миллиондогон гонорарларга жеткирген даӊгыр жолду ага актёр Роберт Паттинсон менен ойногон популярдуу «Күүгүм» тасмасы ачып берди. Эл көзүндөгү кесибине карабай жашоосу тууралуу кеп салганды жактырбаган актрисанын атактуулукка карай жолун баяндайбыз.

Толук аты-жөнү – Кристен Жеймс Стюарт
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 9-апрель
Туулган жери – АКШ, Лос-Анжелес шаары
Үй-бүлөдө – 4 бир тууган, 3 уул, 1 кыз
Карьерасы – 1999-жылдан башталат
Сыйлыктары – BAFTA (2010), «Сезар» (2015)
Тартылган тасмалары – «Бир жолу Голливудда» («Однажды в Голливуде», 2007-жыл), «Күүгүм» («Сумерки», 2008-2012-жылдар), «Белоснежка жана мергенчи» («Белоснежка и охотник», 2012-жыл) жана башкалар

ЖЫЛДЫЗДУУ КАРЬЕРАНЫН БАШАТЫ
Кристен Стюарт тасма аянтчасы, шоу деген сөздөрдү бала кезинен угуп чоӊойгон. Атасы Жек Стюарт америкалык телеканалдардагы бир нече шоу программалардын продюсери болсо, апасы Жулс Мэнн-Стюарт сценарист. Бир күнү мектеп спектаклинде ойноп жаткан Кристен Голливуд агентинин көзүнө түшөт. Ал Кристендин ата-энесине кайрылып, кызынын актёрдук жөндөмүн өркүндөтүүсүн сунуштайт. Башында каршы болгон ата-эне бул сунушка акыры көнүп, Кристен Стюартты кастингдерге алып бара башташкан. Ошентип 9 жашында Кристен «Суу перисинин уулу» («Сын русалки») тасмасында роль жаратып, актриса катары жарк этип чыга келет. Стюарт 2000-жылы «Коркунуч бөлмөсү» («Комната страха») тасмасына чакыруу алат. Анда актриса Жоди Фостер, Форест Уитакер өӊдүү дасыккан кино актёрлор менен чогуу тартылып, алардын көлөкөсүндө калбай, ролун майын чыгара аткарган. Андан кийин Шэрон Стоун жана Деннис Куэйд менен «Азезил үйү» («Дьявольский особняк») тасмасында ойногон.
Кристен жылдызы жанчу маалды көп күткөн жок. Ага атактуулукту тартуулаган «Күүгүм» тасмасы 2008-жылы дүйнөлүк прокатка чыккан. Андагы Белланын образын жаратуу үчүн Кристен жашыл көзүн жашырып, күрөӊ түстөгү линза кийген. Бул тасмадан алган 2 миллион доллар гонорарына Лос-Анжелестен заӊгыраган үй сатып алып, үй-бүлөсүн көчүрүп кеткен.

ЖӨНӨКӨЙЛҮКТҮ ЖАКТЫРАТ
Стюарт чыныгы жылдызга айланганы менен, атактуулук жана анын ар бир кадамын аӊдыган папараццичилер актрисанын жөнөкөйлүгүн өзгөртө алган жок.
Кристен гранж стилин жактыргандыктан күнүмдүк жашоодо жынсы менен кеда, жөнөкөй футболка эле кийип жүрөт. Фанаттары анын Голливудга өөн учураган мына ушул жөнөкөйлүгүн баалашат. Эл алдына чыккан күндөн тарта кандай гана иш-чара болбосун алар талап кылган дресс-кодду актриса тоготпой келет. «Бала кезде мени кызыктай кыз деп эсептешчү. Мен бант, жылтыраган кофталарды жек көрчүмүн. Азыр да гламурдан алысмын. Балким, кече көйнөктөрүндө, бийик такалуу туфлилерде элеганттуулук бардыр, бирок алар ыӊгайсыз»,- дейт Кристен. Анткен менен кинофестивалда, кызыл килемде алдыӊкы дизайнерлердин колунан чыккан көйнөктөрдү кийген актрисанын келишкен келбетин көрүп келебиз. Голливуд элитасына жолдомо алган Стюарт өзүн чеги менен алып жүрүп, жаманатты болгондон коргонуп келет. Бирок журналисттер анын марихуана чегип жатканын кармап алганы бар. Бул жоругу үчүн фанаттардан кечирим сурап, "экинчи көӊүл иренжиткен кылыктарды кылбайм" деп сөз берген.

РОБЕРТТЕН КӨЗҮНӨ ЧӨП САЛЫП АЙРЫЛГАН
Кристен жеке жашоосу тууралуу ачылып айта бербейт. Ошентсе да Голливуддун жылдызы, миллиондогон мырзаларды суктандырган жаш актрисаны папараццичилер көз жаздымда калтырбайт. Ал алгач «Сүйлө» («Говори») тасмасындагы өнөктөшү, актёр Майкл Ангарано менен 5 жылга чукул мамиле курган. Кийин Кристенге «Күүгүм» тасмасы дүйнөлүк атак-даӊк гана алып келбей, Роберт Паттинсонго болгон жаӊы сүйүүнү да тартуулаган. Алар биринчи жолукканда Роберт 20, Кристен 16 жашта эле. Тасманын биринчи бөлүгүнүн режиссёру Кэтрин Хардвик: «Роберт Кристенди жылуу карап жатканы эсимде. Анан Робертке бул кыз менен мамиле курам деп ойлобой эле кой, ал 18ге толо элек, камалып кетесиӊ дегем»,- дейт.
Алардын романтикалуу сүйүүсү бактылуу аяктаган жок. Ортодо чоӊ чыр орун алып, Кристен менен Роберттин мамилесине чекит коюлду. Буга Кристендин «Белоснежка жана мергенчи» тасмасынын режиссёру Руперт Сандерсон менен мамиле куруп, Роберттин көзүнө чөп салганы себеп болгон. Жаӊжал олуттуу болгондуктан, Кристенге оӊой болгон жок. «Мен өзүмдүн бөлмөмө камалып алып, эч ким менен сүйлөшкүм келген эмес. Анткени башкалар эмне деп ойлоп жатканын билсем акылымдан айнымакмын»,- деп эскерет актриса.
Учурда актриса өз бактысын жардамчысы Алисия Каргайл деген айымдын кучагынан издөөдө. Стюарттын кыз бала менен куруп жаткан мамилесин колдогон 55 жаштагы апасы Жулс Мэнн-Стюарт: «Менин оюмча, адамда сүйүү эркиндиги болушу керек. Кызымдын эркектерди да, айымдарды да жактырарын түшүнүү менен кабыл алдым»,- деген. Азыр актриса жигиттей болуп кийинип, өзүнүн бисексуал экенин жашырбайт. Психологдор болсо Кристендин бул кадамын ийгиликсиз сүйүү менен байланыштырууда. Алардын айтымында, сүйүктүү мырзасы менен кол үзгөн айымдар аларды баарынан жакшы түшүнгөн аялдын кучагында өздөрүн жубаткысы келишет экен.

Роберт менен Кристендин сүйүүсүнө фанаттары суктанып турушчу.

Кристен азыркы сүйүүсү Алисия Каргайл менен.

Кристендин бала кези.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
zara-919
2015-08-17 12:00:54
Лесбиянка болуп кеткени жаман болуптур... америкалыктардын эле сүйүүсү башкача бекен.. андай ийгиликсиз сүйүү кыргыздарда деле болуп келген бирок алар бисесексуал болуп кеткен эмес .. менимче бул адамдын жашоого чыдамкайлыгында окшойт го..
+3
diiazbek
2015-08-17 13:18:58
ехее азыркы суйгону кызык болдуго
0
aiba91kg
2015-08-17 13:28:45
Тооба кылдым! Мунусу эмне конул иренжиткен кылык эмес бекен?? Озу айткан экен го жаман кылыктарды кылбайм деп
+1
Nur0701
2015-08-17 14:36:22
эх конулду калтырды,суйгон карасан эми
0
AFRODITA-89
2015-08-17 14:47:20
иий бетим десе эркектер калып эми кыздар менен суйушо баштаганы кантет, америка, европалыктардын ашыкча ушундайлары башты айлантат озубуздун салтыбыздан, озубуздун мырзаларыбыздан айланайлы! Кыз менен кыз кантип турмуш курушу мумкун тобоо. Астагфируаллах
0
altyw95jan
2015-08-17 18:52:02
Э азыркы суйгону чындап еле кыз бекен? Оомииий десе ушундай да боло береби е. Мен ушу ич тушунбоймда кыз кызды кантип суйот дейм да. Иши кылып мындай дурацкий нерселер бизге дагы жетип келбесе болду. Астагфираллах!
0
altyw95jan
2015-08-17 18:55:04
Роберт мага жагат болчу бирок.
+1
aiturgasha
2015-08-19 09:03:36
оюна келгенин кыла беришет экенда. атактуу актриса болгондон кийин адам суктанаарлык болуп эле журбойбу тооообо!
0
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан