Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Бул жолугуу жай сурашуу сылыктыгы эле болчу. Курманжан датка «биз өзүбүзчө ойлонушалы» деп кетти. Ошол күткөн күндөрдүн биринде эриккенинен ары-бери басып жүргөн майор Ионовдун жанына иреӊи да кара, сакал-муруту да көөдөй кара имерчиктеп келип калды. Тилмечти айланчыктап булар эмнеге келгенин чекмелеп сурап, анан орус төрөлөрдүн максатын уккан соӊ өзүнчө кызаӊдап, тилмечке тымызын баш ийкей «биякка чыксак» дегенсип калды.
– Ким бу?- деп сурады майор Ионов.
– Бир кызык киши...- тилмеч күлүп койду.
«Бурадар... Ыя, эмне, ушу катындан бөлөк бир эркектана табылбай калдыбы сүйлөшөргө?.. Эмне, биздин бир жесирибиз Курманжан! Биз менен сүйлөшсүн төрөлөр, биз деле айтканына көнүп, айдаган жагына жүрүп, көздөгөнүнө жарап беребиз төрөлөрдүн...» деп кеп урду кара киши акырын.
Тилмеч мунун ким экенин дароо түшүндү. Мындай кишилердин далайын тоногон. Ойлонгон кишидей болуп калды.
– Не, силер менен сүйлөшсө не жарабасын?..
– Йа, айланайын,- деп жиберди кара неме, эки көзү чыкырайып. – Жанкебиӊди ысытам, айтып коёюн, ушул ишке жарап бер, айт азирет төрөгө...
– Эмне дейт бу баятан б
– Мунусу жакшы.
Жым дей түштү тилмеч.
– Кеп тартышка сизден өтүнө албай турам.
– Сырын тарта бериш керек.
Бир аздан соӊ тилмеч сыртка чыкты. Кара неме чыдамы кетип, сийгелектеп турган экен. Көп буйдалышпады. Майордун алдына кайра киришти. Тилмеч көпкө сүйлөдү. Майор башын ийкеп, уюлгуган кара сакал кишини тиктеп калды.
– Ну, ким болосуз?
Тилмеч которду.
– Ысымым Карасакал, таксыр. Эл бу сакалымдан улам да «Кара сакал» деп коюшат... Биздин тегибиз деле томаяктан эмес. Биз деле кызматыӊарга жарайбыз, таксыр...
Тилмеч которду. Майор Карасакалдын соксойгон башынан чыккан кара булоону таӊ кала тиктеп:
– Шартнамага бармак баса аласызбы?- деди.
Карасакал сабылып жиберди.
– Баспай анан!? Бе-еш бармагымды теӊ басам, углум...
«Беш бармагымды теӊ» дегенди түшүнүп бырс күлүп жиберди майор.
– Түзү-үк... Кана сизди ким билет, ким тааныйт?
– Ушул эл бүт билет, тааныйт, «Кара сакал» деп аташат!
– Ошто да тааныйбы?
– Оштун бери жагындагы «Асан чек» деген жайда тууган көп, баары эле билет.
– Маргалаӊдачы? Кокондочу?
Карасакал оозун жарым ачып, эмне дешин билбей акактап калды.
– Кадырлуу Карасакал, өзүӊүз ойлонуп көрүӊүзчү, эч ким билбеген сиз менен шартнамага кантип беш бармакты басыша алабыз? Кадыры болобу ал шартнаманын? Эл баш коймок түгүл мазак кылбайбы биздин ал шартнамабызды, ыя?
Тилмеч которду. Карасакал оозуна кан келе түшкөндөй тамшанып, нес болуп отуруп калды. Тилмеч мисирейип тиш ачпайт. «Өй, бирдеме дебейсиӊби, эми эле үй артында бир кочуш алтын бердим эле го» десеӊ да мизбакпай турган. Карасакал бөркүн башына кийгенди унутуп, сүйрөлүп чыгып кетти.
Орусча, аскер төрөсүнүн кийимин кийген «тууган» улам эсине келет Курманжандын. Шабдан мырза сыпаа, сылык, кылайган кара мурутунан жымыйып, көзү күлүӊдөп, дили тазабы, не кебинен беймаани, не жүзүнөн бейадеп кетирбейт. Орус төрөнүн алдында бүжүрөгөнү билинбейт, өз кадыры, өз салабаты өзүндө. «Ким бу?..- дейт датка өзүнчө түкшүмөл. – Эл башына каран күн түшкөн убакта арга издеп, жер кезген азаматпы? Же...»
...Тээ илгери Жантай бийдин акылгөй агасы Калыгул бий «бу бала маӊдайы жарык, кайда чыкса жолу ачык, пейили кенен, колу ачык... бу баланын акыл сөзү жалпы кыргызга өтөт го, атагы орус менен кытайдын чек арасына кетет го...» деген экен. Ошол күндөн кепке үйүр Шабданга Калыгул оулиянын назары түшкөн деген сөз жалпы кыргыз кыпчак элине тараган. Ушул отуз алты жаш курагында «Атантай жоомарт» атыккан адам мезгилдин чалкеш учурунда, мына, Курманжан даткага бетме-бет келип отурат. Пикирлешүү жасалгалуу өргөөдө болду.
– Эӊ авалы өзүбүзчө сүйлөшөр сөздүн теги-жайын тууганча билишип алсакпы деп, жаныбызга ашыкча «кулак» албай отурабыз.
– Ырас болгон, апай, кеп тарайт эмеспи. Ар ким ар кепти өз алынча аӊдайт эмеспи, ошон үчүн биз дагы орус төрөнү кошо алган жокпуз, апай. Болор кептин тегин сезип отурасыз, эстүү жансыз... Бу орус деген ат түгүндөй көп экен, а биз аттын кашкасындай биртке элбиз... Ырас, булар басып кирбесе биз өзүбүз менен өзүбүз боло бермекпиз. Көрдүк, чабышып эми не кыла алабыз? Качып кайда барабыз?! Карап берип тынбасак болбойт окшойт, апай...
– Ыя, арты кандай болор экен «карап берип тынгандын?» Жаман да болсо өзүбүздүкү эле го, чиркин?! Ордо бузулуп, мамлекет жоюлбайбы? Эл катары, башка элге теӊ катары кадыр-баркыбыз кошо кетип калбайбы?..
Өзү да бул ойдон алыс эместей мелтиреп калды Шабдан.
– «Тыӊда менин кебими – тартып алат эбиӊи, талап алат элиӊи, тартып алат жериӊи...» деген оулия аваӊардын оулия кебине кулак туткан эмес экенсиӊер го, түзү ийги иним?!
– Эми, апай, нары айтабыз, бери айтабыз, баары келип аздын иши аз экен го, көптүн акысы көп экен го?! Кантебиз, бир замандагы толгон журт ушул азыр кедерибизге кеткен, ынтымак ыдырап бүткөн чагыбыз экен... Эми, апай, дагы бизди Көкө Теӊир өзү жалгап турабы, орус узун чылбыр, кеӊ тушоо экен, тиякта өз оюбузга коюп, ич ара туугандын чыры тыйылып...
Муӊканып жиберди Курманжан:
– Узун чылбыр азоону үйрөткөнчө узун болот. А азоо үйрөтүлгөн соӊ оозтуруктуу жүгөн салынат, оорт токум жаба токулат, анан эркин азоо ал токумдан өлүп гана кутулат!
Тетик Шабдан жооп таба албайт.
– А болуптур, не аргабыз, не алыбыз бар?!
Жетик Курманжан буга жооп айта албайт.
– О, Жараткан! Эр азамат эл четинде, жоо бетинде өлчү эле го?! Азыркы «азамат» дегенибиз жесирин душманына басып бере турган болгонбу?!
– Атаӊды өлтүргөнгө энеӊди алып бер деген да акыл бар го, апай, буга эмне дейбиз?!
Курманжан жүз үйрүп, акырын туруп тышка жөнөдү.
Шабдан:
– Будан башка не арга бар жетимге?! Эптеп эрезеге жетип албайбы?! Көкүрөк көтөрүп албайбы?! А артын берсе берешен Теӊир бербейби, акыры өлбөй аман калып жетилген жетим тагдырынан көрбөйбү, апай, ай?!
Тээ баягы Мусулманкул миӊ башы жоюлгандан кийинки жылдардын биринде орус аскери Ак-Мечитти басып алган. Ордо шумдары келе жаткан балээни ошол келе жаткан жеринен тосуш ордуна аны ордодогу ич ара күрөшкө пайдаланышып, Ак-Мечиттин беги Жакып бекти «кайран сепилди оруска сатып жиберди» кылып хан көзүнө көрсөтүшкөн. Куралы начарлыгынан, айланасындагыларда биримдик жоктугунан жеӊилген бек хандын каарынан буйгалап, өлүмдөн качкан биртке кишилери менен тоо жамынып келип Курманжандын айылына туш болгон.
Жакшылап мейманчылап, тыныктырган соӊ алты шаар Кашкар багытынын ошо кездеги абалын аӊдап турган керээт айым кытай акимдеринин ар шаарга аз-аздан койгон аскер туруктарынан башка эчтемеси жоктугун айтып, качкын бек ошол жактан бакытын издеп көрсө, Кудай жолун ачса, үзүрү болуп калышы ыктымалдыгын акырын кулагына салган дейт. Камылгасын кылдырып, аягында өзүнө караштуу Акимбай дегенди кыйла кошуун менен кошуп бериптир. Кандай качкын сүйүнбөйт?! Жакып бек көзүнө жаш алып, керээт айымдын колуна тооп кылып, бул марттыкты эки дүйнөдө унутпастыгына оозуна каргыш алган экен.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
bazarkyl
2015-08-17 13:11:18
Урматтуу администрация мен, Сиздерге сунуш, ушул "Сынган кылыч" романын толук форматта китеп катары киргизип, колдонуучуларга көчүрүп алгыдай кылып койсоңуздар. сураныч. Атайын бир бөлүк ачып жаңы китептерди киргизип, окуганга жана көчүрүп алганга мүмкүн болсо колдонуучуларга чоң жардам болот эле. Мисалы: мен айыл жергесинде турам, жакшы китептерди табуу мүмкүнчүлүгү аз. Көп колдонуучуларга ыңгайлуу болот эле. Рахматыбызды аткандан башка эчтемке айта албайбыз. Рахмат.
0
admin_media
2015-08-17 16:02:09
bazarkyl,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
514947a
2015-08-17 17:42:51
Бул романдан кийин Качкынбай Осмоналиевдин "Көчмөндөр кагылышын" окуу мүмкүнчүлүгүн жаратсаңыздар чоң алкышка калат элеңиздер, эч жерден таппайбыз, көп болду, көп киши издейт.
0
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан