Кыяс Молдокасымов: «ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ АЙТКАНЫН ДАЛИЛДЕЙ АЛБАСА, СОТТО ЖООП БЕРЕТ»

Өкмөт «Курманжан даткадан» соӊ Шабдан баатыр тууралуу тасма тартууга 10 миллион сом бөлгөн. Бул фильмге баш-аягы 80 миллион сом бөлүнөрү пландалууда. Аны тартуу режиссёр Эрнест Абдыжапаровго тапшырылып, сценарий жазылган. Мына ошол сценарийдин тегерегиндеги талаш-тартыштар жаӊы күч менен от алды.

Эрнест Абдыжапаров: «Молдокасымов Шабдан саткын болгон деп макала жазган»
Талкуунун кайрадан от алышы режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун 24.kg маалымат агенттигине берген маегинен башталды. Ал мындай дейт: «Мен бул ишке аралашууга чыгармачыл процесстен алыс адамдарга жол берилгенине өкүнөм. Буга чейин жазылган сценарийдин 5 версиясында теӊ Шабдан баатырды катынпоз, коркок, акылы кыска көрсөткөн эпизоддор жок. Мисалы, Кыяс Молдокасымов 10 жыл мурун «Шабдан кыргыз элинин саткыны болгон» деп макала жазган, а бүгүн бул тарыхчы баатырдын намысын коргоп жатат. Тарыхый киноэпопеяны жаратуу үчүн тарыхый булактарга кайрылуу жетишсиз».

ТАРЫХЧЫ РЕЖИССЁРГО КЕЧИРИМ СУРООГО БИР АПТА УБАКЫТ БЕРДИ
Жогорудагы Эрнест Абдыжапаровдун маегинен кийин тарыхчы Кыяс Молдокасымов интернеттеги баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү илди:
«Эрнест мырза айтканын далилдей албаса, сот алдында жооп берет. Ал менин 10 жыл мурда Шабданды саткын деп айтканымды же жазганымды далилдеп бериши керек. Тескерисинче, айрым кесиптештеримдин Шабдан баатырды саткын, чыккынчы, орус тыӊчысы деп айтып, жазып келгендеринен коргоп келем. Бир жуманын ичинде кесиптик жана инсандык беделиме доо кетиргени үчүн Эрнест мырза кечирим сурабаса, чындыкты сот залынан далилдешип калабыз».
Андан ары тарыхчы «Шабдан баатыр» көркөм тасмасынын сценарийи эмнеликтен мынчалык талкууга алынып жатканына, тарыхчылар кийлигишпесе кандай орчундуу каталар орун аларына токтолгон.
«Талкуу, кийлигишүү болбосо, көркөм тасманын сценарийинде Алымбек датканы чыккынчы, башы жок чабандеске айландырганы үчүн анын урпактары түп көтөрүлө чыгышмак. Бугу менен сарыбагыштын ортосундагы кандуу окуяга Шабданды аралаштырып койгону үчүн Көлдүн эли толкуп чыкмак. Кыргызды кыргынга салган Кененсарынын батасын алып, көркөм тасмада баралына жеткен Шабдан үчүн Чүйдүн эли жөн жатмак эмес. Шабданды "ОБОНчу" аялдарга талатканы үчүн урпактары карап турат беле?
Бизге Шабдан баатырдын инсандык улуу сапаттарын даӊазалаган, кыргызды чабыштырбай бириктирген, рухун көтөргөн, азыркы эл башкарган мыктыларга сабак болгон, тарых бурмаланбаган тасма керек! Жүз жыл кыргызды кырып жок кыла албаган, чачыратып чабыштырган калмактардын идеологиясынан арылып, нукура кыргыз идеологиясына негизделген көркөм тасма керек!»- дейт Кыяс Молдокасымов.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
basyz-kaman.
2015-08-18 18:02:26
Шабдан баатыр тууралуу болгонун болгондой кино тартса чындап эле чооң жаңжал чыгат. Жаманын жашырып, жакшысын ашырып, элибиздин духун көтөрө турган жакшы кино тартыш керек.
+1
Tattybubu93
2015-08-19 01:22:06
Emi emne keregibar 10 jyl murun aitylgan sozdu kaira chukup. En negizgisi, azyr any kyrgyz baatyry dep taanyp jatat go K.Moldokasymov. Ili men dagy bir nerseni tuwunboi kaldymby
0
bolsunalban
2015-08-19 01:29:51
Шабдан баатырды мен да китептен окугам. Жонокой Адам эле. Кыргыздарга куйгон эле инсан го. Орустарга сатылбай эле элдин кийинки тагдырын ойлоп кошулган да.
0
bolsunalban
2015-08-19 01:30:37
...
0
kykenbai
2015-08-19 16:52:50
Биздин тарых китептерибизде коп эле ката маалыматтар болушу крк. Себеби, коптогон маалымат СССР убагында орустардын басымы астында жазылган. Анан Шабдан Баатыр(Баатырдык наамына мен кумон санайм) орустар аябай коп жардам бергендиги жонундо жашырбай эле баардык китептерде жазылган. Нарында Саяк уруусунун кол башчыларынын орустарга болгон каршы туруусунда орустарга жардам берген. Ошондой эле Нарында бир топ жерде. Алайлык кыргыздардын орустарга каршы салгылашуусунда жардам берген. Мен бул кишини
0
eliko
2015-08-19 17:17:23
аааииий уят!Азыркы эркектер катындардан жаман айтышат,ужас,азыр аялдар чукубайт бириникин бири,олуп кетсин эмне десе ошо десин деп басып кетишет,а эркек калктын пейили жаман болду го,кудай сакта
-3
Mackler
2015-08-21 09:55:25
eliko,
Карындашым сен али жаш окшойсуң, чоңдордун ишине аралашпай оюнуңду ойно. Талаштан тактык жаралат, анан тарыхты тактабай эмнени тактамак элек. Эч ким биринин бирисинин эч нерсесин чукуган жери жок, тарых бурмаланып элибиздин абийирине шек келип калбасын деген гана аруу тилек.
0
Mars55
2015-08-19 18:46:42
эскини талашбай жаны жашоого откулода,.
-1
Mackler
2015-08-21 09:58:05
Mars55,
тарыхын билбеген элдин келечеги жок иним,
жети атаңды билбесен кыргыз ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-08-21 13:41:24
Mackler, - эскертүү!
Башка колдонуучуларды кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
chanel11
2015-08-19 22:57:04
эн жакшысы тарыхый кинолорду тартпай эле койгондору он ар кимиси ар кандай кылып озгортуп олтуруп манызы калбай калат экен .орустардан коркуп коп жерин алып салып ошндой атактуу кыргыздын жашоосун таптакыыр озгортушуп салат экен .андан коро биздин кино тартуучу адамдар жон эле озунун денгелине жараша манисиз кинолорун чыгарганды уланта беришсе болмок тарыхка аралашпай эле
0
chanel11
2015-08-19 23:00:30
Курманжан датканы да кыйратып тартышкан эмес каарыгында дудуктарга окшотуп эми шабдан баатырды да катынпоз кылып чыгышпаса эле болду .болгонду болгондой тартканы эч кимисинин духу жетпейт ар кимден коркуп олтуруп анан жон эле чырдаша бербегилечи бир нерсени кыййратып жаткандай
0
chyngyz-KG
2015-08-20 01:13:07
Мин жолу коркомдосун саткын бойдон калат.Эч кимден укпадым жакшы соз Шабдан жонундо.Эл саткын деп билишет экен силер эмне дейстер деп суроо берип койгулаачы режиссерго.Так факт менен жооп бере алат бекен коробуз
+9
Patrik
2015-08-20 21:00:27
chyngyz-KG,

Туура айттын!!!!!!!!!!!!!!!

0
Kitep
2015-08-20 01:51:08
Голливуддан эн мыкты режиссер чакыртып Манас атанын киносун эн мыкты тартышса сонун болмок,
Дуйно жузу Манастын ким болгонун жакшылап билишмек . мейли 10саатык кино болсо деле кыскартпай тартышса.
+1
bakyt_2015
2015-08-21 05:28:25
Шабдан тараптык жазмакейлер, тын чыкмалары эле котормолоп Шабданды баатыр кылып, кобуртуп жабыртып мактап эл адамы кылып жиберишкен.Болбосо кыргыз жерин корунгонго сатып, тараткандан башка баатырдыгын уккан эмес экем.Суунун аркы ойузун казактарга 40 байталга сатып,Токмок айланасын озу билемдик кылып дунгандарга таратып, бут кыргызды устунон орустарга сатып, мына жыйынтыгын коруп жатабыз Шабдандын баатырдыгын.
0
Kulpunai95
2015-08-22 03:00:16
80миллионду башка нерсеге жумшап салышса болмок экен
0
uli1988
2015-08-23 21:46:56
Мен да шабдандан коро нузуп бийди тартса дейм жок эле дегенде исхак асан уулу жонундо тарыхта акыркы кокон ханы катары калган жалган болот хан деген ат менен
0
asdf
2015-09-02 16:35:07
эмне болду ошол бойунча тынчып калышты го
0
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан